14-майга карата коронавирус илдетинен маалымат

14-майга карата коронавирус илдетинен маалымат

2020-жылдын 14-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын  38 учуру катталды

Бишкек ш. – 14
Чуй облусу – 4 булардын экөө Соль Илецктен келген

Нарын облусу – 15

Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу – 4


2020-жылдын 14-майына карата COVID-19 вирусун жуктуруунун 1082 учуру катталды.
Стационарда – 335, алардын ичинен реанимацияда – 5
Ооруканадан чыгарылганы – 735
Каза тапканы 12.

Бишкекке Катардан  жана Куфейттен КРнын 107 жараны алынып келинди.Алар «Эль-Куфейт Доха-Бишкек каттамы боюнча учуп келишти.Кыргызтандын жарандары  менен бирге Казакстандын 31 жараны да чогуу учуп келишти, аларды казак тарап аэропорттон тосуп алып, мекенине  атайын унаа менен алып кетишкен.Акыркы маалыматтарга таянсак илдет 19 ымыркайга да жуккан. Алар симтомсуз өтүп жаткан жакындары менен байланышта болгон. Буга байланыштуу жарандар арасында  өзөчө балдар арасында көзөмөлдүн чаралары күчөтүлдү,-деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев