15-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат

15-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат

15-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 87 катталды
Бишкек шаарынан – 48,Чүй облусунан - 11,Ош шаарынан . - 18,Ош облусунан - 5,Ысык-Көл облусунан - 2,  Жалал-Абад облусунан - 3  учур  чыкты.Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылган бейтаптардын  саны 22 адам болсо, алардын  Бишкек шаарынан – 7,Чүй облусунан – 1,Ош облусунунан – 1,Нарын облусу – 13 айыгып чыгышты.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө  –2 278 бейтаптан  анализ алынды.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10 013 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 041 адам  дарыланууда.Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек шаарынан – 12,Чүй облусунда – 3,Ош шаарында – 5,Ош облусунда – 2 медкызматкер.Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.15-июнга  карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 372 учурга жетти.Стационарда – 531 адам дарыланууда , алардын ичинен реанимацияда – 4 бейтап бар.Ооруканадан чыгарылганы  – 1813 адам.
Каза болгондору  – 27 адам.