15- сентябрь.Кыргыз өкмөтүндө иштелип жаткан иштер

15- сентябрь.Кыргыз өкмөтүндө иштелип жаткан иштер

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Кабыл алынган чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюуму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:

- дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

- атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

- көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

- токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер; 

- компьютердик томография; - медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер; 

- медициналык жана хирургиялык эмеректер; 

- негатоскоптор. 

Кыргыз Республикасына ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат, анда номенклатурасы, саны, мындай товарлардын баасы, ошондой эле ушундай ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги Дыйкан - Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги таш түшүп, жабылып калган Дыйкан - Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 

Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды. 

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштөөдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн. 

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.