19-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат.

19-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат.

19-июнда карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 132 учур катталды:
Бишкек ш. – 48
Чүй облусу - 38
Ош ш. - 13
Ош облусу - 12
Жалал-Абад облусу - 11
Талас облусу - 4
Нарын облусу - 6

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында  1965-жылы туулган  бир эркек COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Акыркы сутка ичинде – 4 534  адамдан  анализ алынды. 
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 609 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 336 адам жатат.Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 789 учурга жетти.Стационарда – 544 адам дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 6 адам.Ооруканадан чыгарылгандар – 1961 адам.Каза болгондор– 32 адам.Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.Бишкек ш. – 7,Чүй облусунда – 8,Ош ш. – 3,Ош облусунда – 1,Нарын облусунда – 3,Талас облусунда – 1,Жалал-Абад облусунда – 1.Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Жаңы катталган 132 учурдун ичинен,сырттан келгендер – 7 (5%),тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 66 адам (50%),кайдан жуктурганы белгисиз – 59 учур (45%) катталды.