2-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат

2-июнга карата коронавирус илдетинен маалымат

2020-жылдын 2-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды:
Бишкек ш. – 11
Нарын облусу - 1
Ош ш. - 16
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 38 бейтап:
Бишкек ш. – 18
Нарын облусу – 6
Ош ш. – 6
Ош облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 2

Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Жалпы каза болгондордун саны 17 адамды  түздү.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 416
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 664 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 404 адам жатат.

 

2020-жылдын 2-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1 845 учуру катталды.
Стационарда – 609, алардын ичинен реанимацияда – 4
Ооруканадан чыгарылды – 1219
Каза болгондору – 17