(3-бөлүк) "Өлүм жеңе албаган өлбөстүккө таазим" маркум Гүлмира Мамбеталиеваны эскерип...

(3-бөлүк)

Мээрим фондусунун жардамын  далайлар алышты, алкыштарын Ар жылдын 23-апрелинде-китеп күнү  Сагынбай Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында өткөрүлгөн салтанаттуу майрамга Гүлмира Сулаймановна катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, окурмандардын берген ар кандай суроолоруна жооп берээр эле.

      Кайсы жылы экенин эстей албай калдым.  Салтка айланган бир жолку китеп майрамында китептин жашообуздагы баа жеткис орду маани-маңызы тууралуу демейдегиден башкача  мындайча эргип сүйлөгөн эле:

         -Китеп-акыл-ойдун кенчи, жан дүйнөнүн азыгы жана эскерүүнүн казынасы, биздин  дүйнө таанымыбызды     калыптандырат,-деген.-Мен кичине  кезимдеги балдарга арналган саргыч же  боз барактуу ача салганыңда  кандайдыр бир жыты бар китептерди эстеп кеттим. Ал кезде  азыркыдай  сүрөттөр менен коштолгон кооз эмес болучу.

      Бой тарткан сайын биздин китепке болгон кызыгуубуз артып, жаңы чыккан адабияттарды калтырбай окучубуз.  Класс жетекчи эжебиздин :”Бир айда  ким  кандай жана канча китеп окуду”?-деген суроосуна баарыбыз кол көтөрүп, уу-дуу түшүп, жанталашып, айтып бергенге ашыгаар элек.  Атамдын кесиби журналист болгондуктан үйдөгү китеп текчебизде дүйнө классиктеринен тартып, советтик жана кыргызстандык белгилүү   жазуучулардын китептери шыкала тирелип турчу.

      Менин жеке пикиримде жыйырма биринчи кылымдагы  информациялык  жана маалыматтык  технологиялардын  укмуштуудай өсүп-өнүгүшүнүн кубаттуу толкуну   китепти тумчуктуруп бараткандай туюлат. Жаштарыбыздын   баш оту менен виртуалдуу дүйнөгө сүңгүп кирип, Батыштын биздин менталитетибизге жат жүрүм-турумдарына ооп баратышы кооптонууну жаратат.

        Балдарды китеп окуганга үйрөтүүдө албетте биринчи иретте ата-энелерге  чоң жоопкерчилик жана милдет жүктөлгөндүгүн  эстен чыгарбашыбыз керек,-деген эле олтургандардын көңүлүн муюта сүйлөп.

Нарын шаарындагы  айтылуу Чкалов атындагы орто мектепти мыкты  бүтүрүп, университетти артыкчылык диплому менен аяктап, илимде  өз орду бар окумуштуу болсо да  башкаларчылап  сөз арасында  орусчаны аралаштырып  сүйлөгөнүн укпадым. Мектептерди кыдырып жүргөндө ошол барган айылындагы  ак эмгеги менен элине кадыры арткан аттуу-баштуулардын элге өтөгөн эмгектерин айтып, алардын жолун жолдоп, изин издеп, жакшы адам болууга үндөчү.

       Балдарынан мектепке  облустун “мээримчиси” Гүлмира Сулаймановнанын келээрин уккан айыл-ападагылар, айрыкча колунда жоктор келип, муктаждыктарын айтышып, жардам берүүлөрүн өтүнүшчү.

       Жабыккан жашоодон жардам сурап кайрылгандар  Нарын облустук Балдардын билим берүү борборундагы офисинен да үзүлчү эмес. Алардын жүздөрүнөн кандай кабыл алаар экен, жардам берээр бекен?-деген санааркоо да сүрдөө да сезилип турганын көп байкадым.

        Келгендердин ар бирин жылуу кабыл алып, токтоолугунан, табигий мүнөзүнөн жазбай  жүзүнө тигиле карап, айткандарын кунт коюп угуп,  жагдайына жараша жардам берчү. Кайрылгандарды кур кол кетирчү эмес. Алыскы райондордон  келе албай кат жазып, тааныштарынан берип ийгендердин өтүнүчтөрүн да унутта калтырчу эмес. “Жакшынын жарыгы жалпыга тиет” деген накыл кептин калетсиздигине мен жылдыздуу жаркын мүнөз, акпейил,  боорукер, мээрман  жан дүйнөсү жаш баладай баё Гүлмира Сулаймановнанын жанында жүргөндө  ынандым.

2002-жылдын 8-январында теңиртоолуктар Нарын шаарындагы төрөт  үйүндө  үч эмдердин жарык дүйнөгө келгендиги  кубанычтуу кабарды уккан элек. Жубайлар  Казиев Жыргал менен Маатказиева Саадат  Аман, Эсен, Болот аттуу уулдуу болушкан.  Көптөн бери Нарында  үч эмдер төрөлө элек болчу.   Сүрөт кабарчы экөөбүз  дароо жетип барып “Теңир Тоого” алар тууралуу макала чыккан.

     Үч эмдер  ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө  дарыланып, салмагына  салмак  кошуп, төрт айга толуп калганда Гүлмира Сулаймановна  үч эмдерге кийим-кече,   көрүндүгүнө акча алып барып калды.

            -Саадат, кыргызда:”эгиз төрөгөн энени ыйык, ал эми үч эмдердин энесинин этегине намаз окуш керек”-деген сөз бар эмеспи. Сага келээрге камынып жатып,  таланттуу Алыкул акыныбыздын:”Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош”-деген ыр сабын эстеп кеттим.  Кудай сүйгөн бактылуу келин экенсиң. Удаа төрөлгөн төрт кыздан кийин уулдуу болсок деп тилеп жүргөнүңдө  минтип үч уулду  аман-эсен көз жарып, балдарың да торолуп калды.

       Биздин тоо жылында төрөлгөн үч “баатырыбыздын”   ден соолугунун бекем, өмүрлөрүнүн узун, ыймандуу, билимдүү болуп өсүп чоңоюшуна  жубайың экөөң гана эмес баарыбыз, жергиликтүү бийлик да камкордуктарды көрүп, жардамдашууга милдеттүүбүз. Балдарыбызды татыктуу тарбиялоодо албетте энеге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

     Үч эмдердин энеси... кандай гана улуу сөз. Кудай өзүңө күч-кубат, ден соолук берсин. Биздин үч “баатырыбыз” үйлөнгөндө унутпай  тойго чакыр, ошондо да жакшы тилегибизди айталы.

    “Жакшы сөз жан эргитет”дегендей   көздөрү бакырайган             өңдүү-түстүү Саадаттын кара тору жүзү тамылжып, кайра-кайра ракматын айтып, мындай деген эле:

         -Гүлмира эже, Аскар байкем экөөңүздөргө кандай алкыш айтаарымды билбей турам.  Жыргалбек экөөбүз үйүбүз жок ар кимдин батиринде турчубуз. Уулдарым төрөлгөндө эми жети балабыз менен бизди эч ким  киргизбейт го деп санааркап турганыбызда минтип сиздердин жардамыңыздар менен үйлүү болгонубузга (облус губернатору Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен  каржылоонун жаңы механизмине өткөн медициналык мекемелердин бошогон имараттары  жакыр адамдарга турак жайга берилген эле) абдан кубанып турабыз.      Үйүбүзгө кечээ кечинде эле көчүп келдик.

        Үч эмдердин  арты менен минтип үйлүү болдук. өзүмдүн  кесибим шофер болгону менен  жумуш таппай далайдан бери бош жүрдүм эле. Нарын облустук жаратылышты коргоо мекемесинин башчысы Насыр Касымов биз тууралуу угуп, арендага бир машина берди.  Кудай буюрса  базарга чыгып, жүк ташып,  акча табам-деп сөзгө аралашкан эле  үй ээси Жыргалбек Казиев да кубанычын тең бөлүшүп.    

            “Бал таттуу”... атына заты жарашкан, укканда кулакка жагымдуу   угулган өзү жетектеген бул  коомдук кайрымдуулук фонду жөнүндө  айтышты.  Өзүм күбө болгон бул окуяны айткым келет.  

         Күндөрдүн биринде  Гүлмира Сулаймановна телефон чалып,  Анаркүл аттуу  келиндин үйүн өрүлүктөп келели деп калды.   Жакын санааштарынын биридир деп  ойлоп койдум.

       РТС аймагындагы эски көпүрөдөн өтүп, сол жакка бурулгандагы  узатасынан салынган батирлердин жанына токтоп, айдоочусу  багаждан  чоң коробкага салынган  оокат-кечени, азык-түлүктөрдү  көтөрүп,  бир үйдүн эшигин кактык. Орто бойлуу, кара торусунан келген бир келин эшик ачып, бизди көргөндө саламыбызга  дароо жооп айта албай алдастай түштү.

       -Конушуң жайлуу болсун Анаркүл,  кызың менен бактылуу бол-деп бетинен өпкөн  Гүлмира Сулаймановнаны кучактап, ыйлап ийди.  Көрсө эки бөлмөлүү бул үйдү өзү сатып бериптир.

       -Эжеке, сизге кандай алкыш айтаарымды да билбей турам, эгерде сиз болбосоңуз мен мындай үйгө жетмек  эмесмин, өмүр бою квартирда жүрмөкмүн,-деп толкунданганынан  бирде ыйлап, бирде сооронуп,  дасторконго колдо барын коюп, бизге чай берген Анаркүлдүн ал күнкү кубанычын сүрөттөп айта албаймын.

       -2004-жылдын 10-апрели менин өмүрүмдөгү эстен чыккыс, бактылуу күн катары түбөлүк эсимде калды,-деген Анаркүл  Ырсалиева    кийин өзү тууралуу айтып.-Экинчи топтогу майыптыгыма  алган пенсиям   дарым менен квартирадан ашпай кыйналып жашап жүрдүм. Жалгыз кызым Аселдин  буту ооруп, дарылатканга акча таппай айлам кеткенде Гүлмира эжеге бардым. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук, башымдан өткөндөрүмдү айтып бердим. Жылуу сөзү менен көңүлүмдү  көтөрүп, кызымды дарылатып, анан үй сатып берээрин айтканда ишенип-ишенбей оозун тиктеп олтуруп калыптырмын.

          Үй тууралуу үч уктасам түшүмө кирген эмес, оюмда, кыялымда да жок эле. Гүлмира эже Аселдин бутун дарылатып, айыктырып, ушул үйдү сатып берип, көчүп келген күнү чын эле  “өз  үй, өлөң төшөктүү болдукпу” деп  түш көргөндөй дендароо  болуп жүрдүм, өткөн-кеткенди эстеп кубанганымдан   ыйладым. Кудайдан  Гүлмира эжеге  ден соолук, өмүр тиледим,-деген Анаркүлдүн   бирде ыйлап, бирде сооронуп, эргип айткандарын  алигиче эстей берем.

Тээ сөз  башында  43 жылдык журналисттик кесибимдин арты менен  ар кыл курактагы, ар кыл кесиптеги, ар кыл кулк-мүнөздөгү, ар кыл тагдырдагы өзгөлөрдүн кубанычын, кайгысын өзүнүкүндөй   жүрөгүнө жакын кабыл алган пейили ак, дили  таза карапайым, акыл-эстүү жакшы адамдардан жолдуу болгонумду айттым эле. Алардын бири Ак-Талаа районундагы Коңорчок  айлынын тургуну, күлгүндөй курагында  комбайндан кырсыктап, жүлүнүнө доо кетип, кырк жылдан ашык төшөктө жаткан  комузчу, обончу, акын  бейиши болгур  Нурдин Баев ага менен жубайы, сары өзөн Чүйдүн кызы, мугалим  Төлөгөнова  Жышаан эже  менен узак жылдар   сырдаш-муңдаш болуп жүрдүм.

        Күндөрдүн биринде  Гүлмира Сулаймановнага жубайлардын тагдыр табыштырган татаал тагдырлары тууралуу гезитке “Коңорчоктун “Корчагини” аттуу көлөмдүү макала жазганымды  айтып бердим.

     21 жашында       буту  баспай коляскада олтуруп калган  Нурдин ага менен  аялдамада турган жеринен автоунаа коюп кетип, оор операция болгон Жышаан эже экөө    Фрунзенин ооруканасынан табышып,  бири-бирин жактырып калышып,  сегиз жыл бою кат жазышып жүрүшкөнүн кызыгуу менен угуп олтурду. Жышаан эже Нурдин аганын курдаштарынын коштоосунда  коңорчоктуктарды таңгалдырып, өзү айылга келип, шал жигиттин босогосун аттап,  баш кошуп, бир уул, бир кыздуу   болушканын укканда   жүзү жайнап, чындап кубанды. Анан өңдүү-түстүү  тун уулу Алмаздын он сегиз жашында аттан жыгылып, каза болуп калганын  укканда кабагын чытып, оор улутунуп, кейиди.

        -Нурдин аганын  жаштайынан жан кейиткен тагдырын укмуштуудай кайраты,  көтөрүмдүүлүгү менен жеңе билип, жашоого, өмүргө болгон  бөтөнчө  сүйүүсү өзгөлөргө өрнөк болоорлук өмүр сүрүп жатканы кандай таңгалычтуу жана сыймыктуу. Менимче  коляскада олтурган жигитке тагдырын байлап, баш кошуп,  жубайынын таянаар тоосу, өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү  болуп  келген  Жышаан эженин тунук сүйүүсүн, айкөлдүгүн, боорукердигин, ачык айтканда мындай эрдигин эч ким  кайталай албайт.  Баятан бери  бул айткандарыңды угуп олтуруп,  кайсы бир акылмандын:“Жакшы адамдын өзүн көр да сөзүн ук”-деген сөзүн эстеп кеттим. өзүң айткан Коңорчоктун “Корчагинине” барып, ал-жайын сурап келели,-деди Гүлмира Сулаймановна ойлуу сүйлөп.

       -Ай, ий анда мындай  күтүүсүз жолугушуу  Нурдин аганын демине дем, күчүнө  күч кошуп, аябай кубанат эле,-дедим мен да сүйүнгөнүмдү жашыра албай.

    Ооба,   оозунан чыккан сөздү, убаданы урматтай билген Гүлмира Сулаймановна ошол сүйлөшүүдөн бир жумага жетип-жетпей эле кечинде үйгө телефон чалып,  эртең Коңорчокко бараарыбызды айтты.  Ал күн 2003-жылдын 25-январы эле. Эртең менен эрте жолго чыгып, саат 11де  Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектепке келдик. Айылдын кары-жашы, мугалимдер, окуучулар күтүп турушуптур. Элдин алдында атайы орундукта  олтурган Нурдин ага   Гүлмира Сулаймановнага кучагын жайып көрүшүп, чечекейи чеч боло айтаарга сөз таппай, кубанычы  чексиз.

         -Коңорчокко келатканымда  абдан толкундандым,-деди  олтургандар  дүркүрөгөн кол чабуулар менен ызааттап тосуп алышкан Гүлмира Сулаймановна.-Мен 9-класста окуп жатканымда жазында бир тууган эжем Роза экөөбүз  ушул айылга сакманга келгенбиз. Чабаныбыз  Жанызаков Токтосун  байке “Чкаловчулар” деп  бизге жан тартып,   этаж үйдө жашаган шаардык кыздарга жалпылап  жардам берели деп тамашалап, бизди күлдүрүп, козуларыбызды эмизишип, койлорго жем беришип жүргөн эле.  Арадан канча жылдар өткөндөн кийин минтип туз-даам буйруп,  сиздер менен көрүшүп олтурам.

        Бүгүнкү кечебиздин ардактуу мейманы, бешенеге жазылган  тагдырын таңгалаарлык  адамдык асыл сапаттары менен жеңе билген сиздердин кудум Корчагинге окшогон кайраттуу, таланттуу уулуңуздар  биз урматтаган  Нурдин ага менен көрүшүп турганыбызга кубанычтабыз-деп  аруу тилегин жолдоп, башына ак калпак кийгизип, кымбат баалуу түстүү телевизор жана конвертке салынган акчасын  тапшырды.

       Маанай жаркыткан бул  жолугушууда  айыл аксакалдары Кененсариев Токтаалы ата менен айыл өкмөтүнүн башчысы  Молдогазы Ниязов  ыраазычылыгын айтышты.  

       Ооба, бул күнү белгилүү олигарх, облустун губернатору Аскар Салымбековдун өмүрлүк жарынан,  облустун окумуштуу  мээримчисинен мындай  бийик урмат-сыйды күтпөгөн Нурдин ага менен Жышаан эженин көңүлдөрү көлдөй толкуп  турду. Жолугушууда алдыңкы окуучулар,    мугалимдер да белек-бечкектерди, стипендияларды,  окуу куралдарын, адабий китептерди  алышып, өнөрпоз окуучулардын концерти менен коштолгон эле  ал күнкү салтанат.

Бурулсун Дыйканбаева, журналист. Нарын шаары.

(Уландысы бар