(5-бөлүк) "Өлүм жеңе албаган өлбөстүккө таазим" Маркум Гулмира Мамбеталиеваны эскерип..

(5-бөлүк)

       Кыштын кыраан  чилдесинде   Кочкор районунда өткөн бир жолугушуудан келатып,  кулагын үшүккө алдыртып ийип,  дарыланганын  айтсам айрымдары ишене бербестир.  Ооба, чынында  эле ошондой окуя болгон.  

        Адаттагыдай эле   Кочкор  районунун борборунда өткөн  кайрымдуулук акциясын аяктап, сыртка  чыкканыбызда   балдарын ээрчиткен үч-төрт аял  күтүп туруптур. Ар кими өз дартын айтып, жардам сурап жазган каттарын беришти.  Алардын арыз-муңун шашпай угуп, сыртта            көпкө туруп калдык.  Кочкордун кара суугу денебизди ичиркентип, түктөйө түштүк.     

       -Негедир мага  элибиздин  кыйналып жашаганы дагы далай жылдарга созулуп кетчүдөй сезиле берет-деди Гүлмира Сулаймановна   жолдо келатканыбызда. -Бизге күнүнө көптөгөн каттар келет,  атайылап өздөрү келгендер кээде кезек күтүп калышат.  Жолугушууларда  мугалимдер бут кийими жоктугунан мектепке барбай калган балдардын бар экенин айтышат.

      Жаштарыбызга, айрыкча  жаңыдан баш кошкон жаш жубайларга убал болду, иштейин десе жумуш жок. Карыган ата-энесинин  азыноолок пенсиясы менен жашап жатышат. Бөлүнүп, өзүнчө түтүн булатып кеткендердин жашоосу жан кейитээрлик.

       Ата-энелер контрагын төлөп, кыйналып-кысталып, жогорку окуу жайын бүтүрүп алышкан кыздар   кафелерде, жигиттер курулушта иштеп жүрүшөт. Чет жактагы мигранттарыбыз деле жыргап кетишкен жок.  Майыптар, жетим-жесирлер эптеп-септеп  эле жансактап жатышат.  Деги мындай кыйналган жашообуз качан оңолоор экен?-деди муңая сүйлөп.

       -“Балык башынан сасыйт” дегендей кептин баары тиги Ак үйдөгүлөрдө болуп жатпайбы. Чоңдорубуздан пейли бузулду, коррупция дегенибиз тим эле гүлдөп кетти-деди биз менен кошо барган бир мекемеде иштеген    Жаркын аттуу айым.-Эл  байкуш чыдап эле келатат, акыры кантээр экен?

        -“Жакшы деген жерге жакшылык келет, бар деген жерге байлык келет”-дешет. Жакшылыктан күдөр үзбөйлүчү. Эртедир-кечтир бул күндөр да унут болоор.-Гүлмира Сулаймановна оор улутунуп койду.

       Эртеси  кечке жуук телефон чалып:”Кечээ  аялдар менен сыртта көпкө туруп калбадык беле.  Үйгө келгенде эле кулагым дуулдап ысып, шишип кетти. Эртең менен доктурга  барсам үшүк алып кетиптир деп мазь берди, сыйпап атам”-деди.

 2001-жылдын  23-июну   теңиртоолуктарга  көркөм дөөлөт уялаган куттуу жайды-Искусство галерясын тартуулаган  күн катары эсибизде калды. Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгына карата  жалпы сметалык наркы 1,5 миллион сомду түзгөн  көркөмү көз тайдырган  республикада  боюнча алгачкы жолу  бизде ачылып олтурган бул маданий жайды белгилүү олигарх, “Дордой” ассоциациясынын Президенти, Нарын об лустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор  Салымбеков Аскар Мааткабылович өз каражатына  салдырып, эл-журтуна тартуулаган эле.

       Ооба, укумдан-тукумга унутулбай уланып келаткан искусство ар бир өлкөнүн, ар бир улуттун рухий дөөлөтү, көөнөрбөс кенчи эмеспи. Ар кыл өнөрдү аздектеген улуу таланттар кайсы өлкөнүн, кайсы улуттун өкүлү болсо да алардын чебер колунан жаралган  даңазалуу чыгармалар ошол элдин ыйык мурасы катары  айтылып, даңкталып келет.  Андыктан  совет доорундагы “Искусство элге таандык”деген жалындуу чакырык да ушундан улам айтылып калгандыр.    

    Салтанаттуу ачылыш аземде  куттуктоо  сөзүн сүйлөшкөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбеков менен  Нарын жергесинде туулуп өскөн бишкектик белгилүү сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Лос-Анджелесте өткөн өткөн  бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө эмгектери эң мыкты деп табылган   Ривхад Бухарметов мындай заманбап сүрөт галареясы өлкөнүн ордо калаасында да жоктугун айтышып, аруу тилектерин жолдоп, музейге  Кыргыз Республикасынын  Сүрөтчүлөр Союзунун  мүчөлөрүнүн 54 эмгегин тартуулашкан эле.

        Музейдин кире беришине тигилген заңкайган аппак боз үйдүн ичиндеги улуттук буюм-тайымдар, атайы бөлмөгө жайгаштырылган   колунан көөрү төгүлгөн  уз, усталардын чебер колунан жаралган  сувенирдик буюмдар, залкар манасчы  Саякбай Каралаевдин  жыгачтан жасалган айкели, акталаалык сүрөтчү  Жаныбек Мөөнтаевдин “Тайлак баатырдын күмбөзү” аттуу эмгеги жана  атактуу сүрөтчүлөрдүн  чыгармалары  мында келгендердин маанайын жаркыткан.

  Кутман жергебиздин ордо калаасынын  көркүн ачкан Искусство галареясы тууралуу сөз кылганым  өз алдынча изденип  көптү көрүп, көптү билүүгө умтулган Гүлмира Сулаймановнанын  бул куттуу жайда өтөгөн  көп кырдуу  эмгеги тууралуу   кеп кыябы келгенде айта  кетким келди.

       Ат-Башы районунда “Жаш таланттар” райондук кароо-сынагын  өткөрүп, кайтып  келатканда  толкундануу менен мындай деп айтканы эске түшөт.

       -Мен  бала күнүмдөн  эле      сүрөт өнөрүнө кызыгып, кыл калем чеберлерин урматтап келем. Искусство галареясы ачылгандан бери  бул өнөргө болгон кызыгуум ого бетер артып, атактуу сүрөтчүлөрдүн  өмүр баяндарын кызыгуу менен окуп чыктым.    Галареядагы  кыргыз сүрөт өнөрүнүн атасы аталган  Гапар Айтиев  баштаган таланттуу сүрөтчүлөрдүн живописттик  эмгектерин, пейзаждарын  ынтызарлана карап,  руханий рахат алчу болдум. Айталык,  Юристанбек Шыгаевдин мындан көп жылдар мурда  жаш кезинде тарткан сүрөттөрү кудум турмуштагыдай элестүү, көрктүү, поэтикалуу. Айылдагы ат, эшек минип бараткан жайдары мүнөз балдар, күрөшүп аткан тентектер... Жылдар өтүү менен  сүрөткерликтин мыкты жактарын кылдат өздөштүргөн Юристанбек Шыгаев  заманга жараша  жаңычыл авангарддык жанрда иштеп, эмгектери чет өлкөлөргө  тааныла баштаганына кубанам.

        Данакан Адашканова... деген    жаркын ысымды укканда сыймыктанам. Экөөбүз тээ  жаш кезибизден бери ымандай сырыбызды жашырышпаган ынак курбубуз. Петербургдагы Репин атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын андан кийин Академияны  ийгиликтүү бүткөндө аспирантурада калуусун өтүнүшүптүр.  Бирок   патриот Данакан  макул болбой  аспирантураны  ардактуу мугалими, улуу устаты Гапар Айтиевден окуп, бүтүрүптүр.  Кара тору жүзүнөн жылмаюу кетпеген, көздөрү күлүңдөп турган  адамкерчиликтүү, меймандос курбумдун  ар бир тарткан  сүрөтү  мени арбап алып, өзгөчө таасирлентет.  

         Мүнөзү да жаздай жаркыган,  жаратылышты жан биргесиндей  кабылдап, жыпар жыты буркураган тоолорду сүйгөн  Данакан  пейзажды мыкты тартат.    Идеясы, айтайын деген ою  тим эле  чаңкап турганыңда тунук  булактан  кылкылдатып жутуп жаткандай.  Кандай десем башкаларга окшобогон изденүүсү, табылгасы менен  кызыктуу,-деген Гүлмира Сулаймановнанын бул керемет өнөрдөн бийик эргүүнүн, чыгармачыл руханий жигердин жана адеп-ахлактык тунук сезимдердин булагы катары  жан дүйнөсүнө  бекем сиңирип алгандыгын баамдаган элем.

Бурулсун Дыйканбаева.журналист.Нарын шаары.

(уландысы бар)