АДАМ жана ТАГДЫР. “Ооруну жеңе албадым, бирок майтарылган жокмун”

АДАМ жана ТАГДЫР. “Ооруну жеңе албадым, бирок майтарылган жокмун”

 

“Ар бир адамга киндик каны тамган туулуп өскөн жери ыйык,  топурагы алтын. Ар бирибиз  үчүн бала-чагыбыздын ар бир күнү баа жеткис. “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” демекчи, “Жайдак-Төр”, “Аюу-Төр” жайлоолорунда жылкы кайтарган балалыгымды кайра кайтарып берчү күч болсо дароо Чоң-Кызыл-Суу айылына артымды карабай чуркаар элем. Жашыл жайлоо, ак кар, көк муз челген аска-зоолор, карагай черлүү, бетегелүү белестер, баары-баары карегимде дале турат. Аттиң, бири кем дүнүйө, тагдырга баш иймек бар тура”,- биринчи топтогу майып, коомдук ишмер Калык Мамбетакунов менен телефон аркылуу маектешүү, электрондук почтадан каттарын окуу  мен үчүн да кызык болду. Жогорку билимдүү мугалим болсо да эмгек жолун Каракол шаарындагы азиздер жана дүлөйлөр ишканасында жумушчу болуп баштап, катаал тагдырга баш ийбей,  турмуштун кыйын сыноолорун эрки, күчү, акылы, билими менен жеңе билүүнүн жолун кылдат издештирген замандашыбыздын  турмштук тажрыйбалары окурмандарды кайдыгер калтырбайт чыгаар.

-Калык Барыктабасович, балалык бео кездин, жетилүү өспүрүм курактын баа жеткис учурларын көп эскерет экенсиз, анын себеби түшүнүктүү го. Ошентсе да артта калган жылдарыңыз, тагдырыңыз тууралу билгибиз келет.

-1952-жылы 3-нояюрда касиеттүү Ысык-Көл жергесинин Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгемин. Менден кийин 7 карындашым төрөлдү, балдардын улуусу болгондуктан ата-энеме жардам берүү милдети мага көбүрөөк жүктөлдү. Демек, турмушка эртелеп каныктым.

Айылыбыз бийик тоолордун койнунда, жайы-кышы тынбай аккан чоң суунун боюнда эле. Мектеп, кызыл үй (китепкана) клуб, ФАП, мончо жана “Победа” колхозуна таандык эгин сактоочу кампа, ат сарай, чакан метереологиялык станция, мына ушулар айылыбыздын болгон бүткөн байлыгына кирчү. Ал кезде райондун, облустун борборунан кыйла алыс жайгашкан айылдарга асфальт төшөлмөк тургай таштак жолдорду салуу чоң көйгөй жаратчу. Жаздын ала-шалбырт күндөрүндөгү ылайга чыланган жолдор менен далай бастык го.

 Эсимде, жаан нөшөрлөп куюп басылгандан кийин, атам менен Тельман абам мени тору байталга мингизип “бастыр” дешти. Ылай жол менен тору байталды жакшы эле бастырып бараткандай болгом, бир маалда тердигим шыпырылып баткакка жыгылып түшүм. Экөө тең жаныма чуркап келишти да ордумдан тургузушту. Эмнегедир ошол тору байталыбыз, атамдын, абамдын  элеси эсимден кетпейт.

Окубайм, Абдырай атанын огордундагы арыкка жашынып жатып, балдар мектептен тарагандан кийин аларга кошулуп үйгө келем”,-деген балалык тентек кыялымды атам Барыктабас, энем Майраш эс тартканга чейин айтып жүрүштү.  

 Жарыктык атам мугалимдин айлыгы аз болгондуктан “колхоздун жылкысын багам, таза абада, салкын төрдө жүрөм” деген оюн акыры ишке ашырды.  Ошентип, 1965-жылдан баштап жылкычы болду. Атам жардамчысы Абдымалик экөө чарбанын төрт үйүр жылкысын багышты. Мен да жардамдаштым, түнкүсүн да жылкы кайтардым. Ал кезде карышкырлар күч болчу. Күндүз да тоо беттеп жылкы жайып чыккан күндөрүм болду. Айылыбыздан 10-13 чакырым алыстагы кар баскан “Төө куйрук”, “Узун Булак”, “Кургак коо” жайыттарына жылкы кайтаруу үчүн салып-уруп жөнөгөн учурларым азыр түшүмө кирет.

Баламын да, тентектик, жөнтөктүк кез. Бир жолу, 2-класста окуган кезимде айылдык досторум Мелис, Карыйбек, Абыл менен тамеки чегип айылдын чекесинде эстен танып жатып калыптырбыз. Ата-энелерибиз  издеп жүрүп табышыптыр. Ажар чоң энем, Майраш апам, Какен жеңем оозума сүт ичирип жатып айыктырышыптыр. Ошондон ушул күнгө чейин чылым чекпейм, ичкиликке жолобойм. Буларды эскерип жатканым ата - энеме мага туура тарбия бергендерине ыраазымын.

-Кечиресиз, жылкы кайтарып жүрүп оор кеселге учураган, тагдырын жамгырлуу түн, сөөктөн өткөн суук талкалаган деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Өмүр бою көрүү сезиминен ажыроо жазмышын кантип көтөрдүңүз, кантип жеңдиңиз?

-Башка келсе-байтал жорго болот” дегенди уккан чыгаарсыз. Атаганат, жазмышка көнбөй, баш ийбей койчу кудуреттүү күч болсо гана!? Айыккыз дарттан эки көзүм тең бирдей көрбөй  калганы ата-энеме өтө оор сокку болду. Бейиши болгон энем 37 жашында менин күйүтүмдөн жүрөк оорусунан дүйнө салды.

Ал ырас, “Аюу Төргө” жылкыларга туз жеткирип кайра айылга кайтканымда катуу суукка кабылып оюма эмес, түшүмө кирбеген оор дартка кабылып, тагдырым татаалданган. Ал күндү кантип унутайын. 1968-жылдын август айы эле. Жарым күн жол тартып жылкыларга кочуштап туз төккөнгө чейин күн уясына небак  батып кеткен болчу.  Ат менен корум таштарды аралап кыбырап жолдо келе жатканымда чайыттай ачык турган асманды кара булут каптап, заматта алай-дүлөй борошо уруп, жамгыр аралаш кар жаай баштады. Жеңил кийинип алыптырмын үстүмдөн өтмө катар суу өтүп, буттарым какшап муздап, эриним эриниме тийбей тиштерим шакылдап бир башкача калчылдап чыкканым өмүр бою жадымда калды. Таңкы саат төрттөрдө жайлоодогу боз үйүбүзгө жетип жыгылыптырмын. 23-августтан 12-октябрга чейин Каракол шаарындагы бейтапкананын көз оорулар бөлүмүндө дарыландым. Тилекке каршы, көзүмдүн көрүүсү начарлагандан начарлай берди.  Ошол боюнча айылымдагы орто мектеп менен түбөлүк кош айтыштым. Классташтарым 10-класстын коңгуроосун кагышты, мен болсом оору менен күрөшүп, күн менен түндү, жарык менен караңгыны ажырата албай туңгуюкка кептелдим.

Дүйнөнү сулуулук гана сактабайт, жакшы адамдар да дүйнөгө түркүк болот. Чоң атам Мамбетакундун бир тууган иниси Абды абам болбогондо ким билет эле, дагы кандай тагдырга туш келмекмин деп ойлойм.  Ал мага жалган жалаа менен камалып Каракол түрмөсүндө каза болгон Мамбетакундун небереси экенимди, эрктүү, күчтүү, билимдүү болушумду кан какшап айтып жүрүп эсиме келтирген эле. “Кантип жарыкчылыкты көрбөй жашоо болсун”,-деген жаман оюмду артка кайтарган болчу.

-Андан кийинки тагдырыңыз кандай болду? Жогорку билимге ээ болуунун азабын, түйшүгүн кантип көтөрдүңүз? Ийгиликтен башыңыз айланган учурлар болдубу?

-Орто билимге ээ болуш үчүн Бишкектеги (анда Фрунзе деп аталчу) көзү азис, көрүүсү начар балдардын жатак мектебинен жетилүү аттестатын алдым. Жогорку билимге ээ болсом деген дегдөөм ушунчалык болду манжаларыбыз менен окуй турган Брайль системасын Адылбек, Төлөмбек (экөө тең азиз) классташтарымдан үч түн уктабай үйрөндүм. Өткөн советтик мезгилде деле мага окшогон азиздер үчүн жогорку окуу жайына өтүш кыйын болчу. Эки, үч окуу жайын сүзгүлөп акыры азыркы улуттук университеттин тарых факультетине кирип аны 1976-жылы “кызыл” диплом менен аяктадым.

      Каракол шаарындагы азиздер жана дүйлөйлөр ишканасында жууркан, матрац тигип жумушчу болуп эмгек жолума алгач чыйыр салгам. 1978-1981-жылдары ушул эле ишканада директордун орун басары, 1981-1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы азиздер жана дүлөйлөр, 1986-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы №1-азиздер жана дүлөйлөр ишканасынын директору кызматтарын аркаладым. Дээрлик 25 жыл Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомун жетектедим.

Коомдук иштерге да жигердүү катышып, сунуштарымды киргизип, демилге көтөргөнүмдү канааттануу менен эскерем. 2001-2016-жылдары, дээрлик 15 жыл катары менен курамына 30 мамлекет кирген Азия контингентиндеги мамлекеттердин Азиздер бирикмесинин жетекчи органдарына вце-президентикке  чейин көтөрүлдүм. Ал эми 2003-2016-жылдары курамына 174 мамлекет кирген Бүткүл дүйнөлүк азиздер бирикмесинин 21 мүчөсүнүн бири катары аткаруу комитетинде  иш алып бардым.

2006-2016-жылдары Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилиги менен достук мамилерибизди бекемдедик.  Элчилик менен гана чектелбей, эл аралык ”Жайка” агенттиги, адамдык ресурстарды өнүктүрүү боюнча “Кыргыз-Жапон борбору” (жетексчиси Хамано Сан) менен тыкыс иштеп, тили сүйлөбөгөн, кулагы укпаган үч жүздөн ашуун майыптарды компьютердик технологияга үйрөттүк. 2016-жылдын май айында Мацу-да Сан жана ал ээрчитип келген көзү азиз Токучи Сан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көзү оорукчан балдар-кыздардын көздөрүнө операция жасатууну  Япония тарап каржылай тургандай олуттуу маселени чечүүгө жетиштим

Кыскасы, элим, өзгөчө майыптар үчүн колумдан келишинче эмгектендим. Мамлекет  да менин эмгегимди баалап “Манас” ордени, “Данк” медалы менен сыйлап, “КРдин калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам ыйгарды. Туулуп өскөн айылымдын бир көчөсү Калык Мамбетакунов деп аталды. Жети-Өгүз районунун “Ардактуу атуулумун”. Мындан өткөн сый-урмат барбы?!

Ийгиликтен башым айланган жок. Анын себебин мен айтпасам да түшүнүп турасыз. 16 жашымдан көрүү сезиминен ажырап, тагдырдын оор сыноосун башынан кечирген адамда кантип “мен” деген көкүрөк керип мактануу болсун? Кубанганым, көзүм көрбөсө да көөдөнүм дүйнө өмүрдү терең таанып, жашоону сүйөт.

-Республиканын азиздер жана дүйлөйлөр коомун жетектеген жылдары тагдырлаштарыңызды унутпай “батирде көчүп-конуп жашоо кыйын” деген максатыңызды ишке ашырганыңызды билебиз.  

-Ал чын. Тилекке каршы, Каракол шаарына азиздер жана дүлөйлөр үчүн 45 батирлүү турак-жай салдырууга үлгүрбөй калдым. Ага тоскоолдуктар да болду. Бардык кыйынчылыктарга  карабай өлкө боюнча 662  үй-бүлөнү түндүгүн көтөрүүгө жардамдаштым.

Тилекке каршы, көп ойлорум, максаттарым ишке ашпай калды. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун бүтүндүгү менен биримдигин сактап келген далалатым ар-кандай шылтоолор, кээ бир күчтөр тарабынан менин күнөөм катары токулуп кызматтан кетүүгө мажбур болдум. Бирок, өкүнбөйм, артымда айтылып калчу жылуу сөздөр, өчпөй турган издерим бар.

-Калык Барыктабасович, ак менен кара, күн менен түн, узун менен кыска, оору менен соо,  айтор жуптар жашообуздун маңызы го. Ыраазычылык, нааразычылык дегендерге кандай карайсыз? Пайгамбар жаштан өткөндөн кийин нааразычылыктарга караганда ыраазычылыктар күбүрөөк айтылат дешет го. Сиздин көз карашыңызды билсек болобу?

-Иштеп жүргөн адамдын, айрыкча эркектин үйдө бош олтуруп калганы кыйын экен. Көкүрөгүңдү боштук ээлеп алгандай ээнсирейсиң. Мына ошол   убакытты жубайым Динардын камкордугу, уулубуздун, төрт кызыбыздын, эки неберебиздин ийгиликтери, маанай жарган кубанычтары мага дем-күч берип толуктап турат. “Аксакал” деген ардактуу төргө өткөнүмө Кудайга шүгүрчүлүк келтирем.

Мени жарык дүйнөгө алып келген маркум ата-энеме, бир туугандарыма,  мугалимдериме,  классташтарыма, курсташтарыма өмүр бою ыраазымын. 1970-жылдын февраль айынан бери мен мүчө болгон Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун  жамаатына башымды ийип таазим этем.  Майыптарга өзгөчө азиздерге, дудуктарга көрсөткөн камкордуктары үчүн  мамлекеттик бийликке, массалык-маалымат каражаттарына чоң ыраазычылык  билдирем.

Ыраазычылык, нааразычылык мезгилди, жаш куракты тандабайт го. 16 жашымдан бери эле мага жөлөк-таяк болуп, көзүмө-көз, акылыма-акыл, билимиме-билим кошкон, ийгиликтериме кубанган, кечиликтериме кубарган замандаштарыма, тагдырлаштарыма ырааы болуп, ыракмат айтып келеатам.

Маектешкен:

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,

журналист