Акын Сайрабүбү Касымова окурмандарына ыр сунат

Акын Сайрабүбү Касымова окурмандарына ыр сунат

Ошентип  өтүп  жатат  кайран  өмүр...

Менминби  мен  эмеспи  билбей  турам,

Бүгүн  кеч  өзүмдү  мен,  өзүм  танып.

Чабылып  бардык  өмүр  садагага,

Жан  дүйнөм  болуп  турат  укмуш  карып...

Чыйралып  кете  аламбы  кайра  баштан                       

Комуздун  күүгө  келген  дабышындай,

 Келчү  күн  үмүткө  от  коер  бекен..?

 Тагдырдын  мен  биле элек  жагы  ушудай..,

деймин   да  өзүмдү  өзүм  алдап  келем...

Көңүлгө  өкүнүчтү  жалгап  келем,

Табышмак  бул  жалганды  жандап  келем...

Энчилеш,  күнүмдүккө  кол  куушуруп, 

ошентип  өтүп  жатат  кайран  өмүр...

Бул  тагдырдын   биз  билбеген    жагыбы..?

Бир  кезекте  жашай  албас  өңдөнүп,

Бирибизсиз  таң  атпай  да  күн  батпай,

Тереземе  таш  ыргытып  чакырсаң,

Ошол  ташсыз  калбачуудай  жан  сактай,

Бир  бактылуу  сезээр  элем  өзүмдү....

Суктанышчу  курбалдаштар  “экөө”  деп,

Бул  бактыга  биз  да  дайым  мас  элек,

Ажал  гана   алып    кетип  калбаса,

Кош  кайыңдай  бөлүнбөйбүз  дечү  элек...

Бир  бактылуу  сезээр  элем  өзүмдү...

Тереземе  далай  ирет  телмирип...

(Энекемдин  айбатынан  жазганып...)

Аппак  карды  кычыратып  басчу  элең,

Аппак  кардан  баскан  изиң  кызганып...

Кирпик   суутпай,  түн  терметип  жатчу  элем,

Бир  бактылуу  сезип  анда   өзүмдү..

Ошол  сезим   экөөбүздү  никелеп,

Башыбызга  салды  нокто  тизгинин,

Баягыдай  “экөө”  деген  бактыны

Биз   экинчи  жолуктура  албадык...

Бул тагдырдын биз билбеген жагыбы?

Алыстагы  кызыма  кат

Кутман  таң  маанайымды  турат  сылап,

Салкын  жел   чөптү  термеп   эркелетет.

Сен  жакта    кызуу  уйку  өкүм  сүруп,

Ойлорум  жүрөт  сени  тегеректеп...

Кандайсың ?-  сурап  коем  күбүрөнүп,

Максатың    телчиктиби   бөтөн  жерде..?

Намысың  качкан  жокпу  безип  сенден..?

Үмүтүм   көктөдүбү   бөтөн  элде..?

Санаа  мол,   жакшылыкка    үндөктөгөн,

Мекениң    Манас  журту   эсен  аман,

Дем  берсин  ата  журтуң  амандыгы,

Кайратың   ашып  турсун   үмүт   менен,

Бир  кезде   энем  дагы  мага  ушундай,

Кат  жазып  ак  баракты  сыялаган.

Жарыктык,  бул  эмне  кат-?  деген  элем,

Жаштыгым  алаңгазар   ойлоно  албай...

Эми  ошол  энем  жазган  катты  сага ,

Сыялап  ак  кагазга  жазып жатам. ..

Мезгилдер  тегеренет  айлан  көчөк,

Үмүттөр  калбай  чуркайт  көлөкөдөй...

Элиңе  кызмат  кыл,-  деп  ушул  катты,

Безилдек ,  сан  ойлордон  бошоно  албай,

Качандыр  мезгилдин  бир  мезгилинде,

балаңа  жазаарыңды  унутпагын..!

Кутман  таң  маанайымды  турат  сылап,

Салкын  жел   чөптү  термеп   эркелетет.

Сен  жакта    кызуу  уйку  өкүм  сүруп,

Ойлорум  жүрөт  сени  тегеректеп...

Кызыма, экинчи кат

Жол  күнчүлүк  алыста  эмес,  андан  да,

тынымы   жок  күн  чуркаган   жердесиң.

Жүз  толгонуп,  түн  күзөтүп,  күн  күзөп.

Бала  багып   жатканыңды  билем  мен.

Эне  баркын,  сезе  алдыңбы  эми  сен,

Түмөн  түйшүк   баласы  үчүн  көп  тарткан...

Же  милдети  жашоодогу   аялдын,

деп  түшүнүп,  деп  ойлонуп  жүрбө  сен...

Ушул  катты  жазып  жатып  эсиме,

Түштү  бир  кез  көз  алдыма  окуя...

Кагып  силкип  жаман  айтып  энеге.

Карылыгын  кор  кармаган  бала   эле...

Эсеп  чоттоп  убакыттар  так  калыс,

Ошол  бала  ак  чач  болду  карыган,

Баласынан  көрүп   ыза  кордукту.

Кор  болду  го  чиркин  өмүр  абыдан...

Ошентип  өтүп  жатат  кайран  өмүр...

Убакыт  аай  кор  болдуң го  кантейин.

Убакыттар  өлүп  жатты  алдымда,

Тебеледим  кейибедим  кылчалык.

Адамдыгым  парасатым  кайдыгер,

Убакыттар    кайра  кайтып  келчүдөй.

Эртеңдерге   доош  сала  албай  тумчугуп,

кетээримди,  албай  такыр  капарга,

Убактымды    жатам  мынча  өлтүрүп.

Эй  адамзат,  жан  дүйнөң  пас  мынчалык..!

Жан дүйнөмдө  конок  болот  тымызын..!

Тээ  тереңде  эс  тутумдан,  суурулуп.

Аппак   жарык  өкүнүчкө  чулганган,

Чыгат  дагы  жылуу    анан   кайгылуу,

Жан дүйнөмдө  конок  болот  тымызын.

Ак  жарыкта   апам  жүрөт   ирбеңдеп,

Кайгылуусу  жетим  жүрүп  жетилбей.

Чыгат  дагы  жылуу   жана    кайгылуу,

Турмуш  ага  салып  тузун    шорлорун

Койгон  экен  тузагынан    кетирбей...

Үмүт  аны  ноктосу  жок  жетелеп,

Давандарды  белестерди  көп  ашкан...

Ал   жетпеген  максаттарды  желкелеп,

Боло  алдымбы,  апам  күткөн  жакшы  адам?

Койкоктогон  суроолорго  жооп  таппай,

Мукактанып,  тиктейм  жерди   айласыз...

Ата  мекен,  эне  мекен,  жер  эне...

Жан  сырымдай  билип  жатам  силерди.

Ата  мекен   жашоо  берип  өмүргө,

Эне  мекен  ак  сутүңө  сугардың.

Жер  энеге  өлсөм  жатам  түбөлук.

Бул  үчөө   жок,  болбос  менде  гүл  өмүр...

Боло  алдымбы  силер  күткөн  жакшы  адам..?

Тээ  тереңде  эс  тутумдан,  суурулуп.

Аппак   жарык   санааларга   чулганган,

Жан дүйнөмдө  конок  болот  тымызын..!

Сайрабүбү  Касымова, акын. КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.