Акын Сайрабүбү Касымовадан ЫР СЕБЕТ...

Акын Сайрабүбү Касымовадан  ЫР СЕБЕТ...

            Мен  туулган  айыл.

Кирим  жуулуп  киндик  каны  тамган  жер,

Баштагыдай  ынак,  ысык  эмеспис.

Барып  калсам  көздөр  тиктейт  бейтааныш,

Калтаарытат   жан  дүйнөмдү  бул  көздөр...

Ак  чөлмөктүн  шайын  такыр  кетирип,

Суй  жыгылып  келүүчү  элек  кечинде.

Жылдар  сызып  бой  түзөгөн  кездерде

Урпагыңдын  катарына  кошуп  тек,

Сапарыма  узатканың  эсимде.

Жылдар  сызып  орун  таптык  ар  жерден

Бейтааныштар  аппак  жоолук  салынган,

Ээлеп  сени  мекен  кылып  алышкан.

Таламыңды  кокус  сенин  талашсам,

Кимсиң  ? дешет,

 сен-  биз  менен жарышкан.

Мен  да   сени  мекендеген  келиндей,

Башка  жерди  байырладым  мекендеп.

Пешенеңе  көө  сүртпөгөн   муундарды 

Ошол  келин  төрөп  берсе  экен,-  деп.

Доолап  жүрөм  тагдырымдан  суранып...

УЛуу сапар...

Өмүрдө  сапардамын

Бул  жолго  жалгыз  чыккам...

Жан  жолдош  намыс,  арым.

Ойлорум  асыл  кутман...

Жолугат  эрме  чөлдөр,

Ууртаарга  ууртам  суу  жок...

Төбөңдө  күн  жалаңдайт...

Кыйналган  келет  учур...

А  кээде,

Жолугат  жашыл  көктөм,

Акылдан  адаштырган...

Күн  нуру  төбөмдө  ойноп...

...Пендемин  да  тарс  эле

Унутамын   өткөн  күндү

Мейкиндин  бетин  бербей,

Каргалар   каркылдаса ,

Аларга  кээде  жолдош,

Чөйрөмдөн  чыга  албай,

...Каргача  каркылдагам...

А  бирок  караан  тутаар,

Карга  эмес  каркылдаган,

Башыма  иш  түшкөндө

Башымды жөлөп  тураар,

Эл  журтум бир  медерим...

Мекеним  жан  азыгым...

Өмүрдө  сапардамын,

Бул  жолго  жылгыз  чыккам...

Сапарым   опурталдуу,

Сапарым  бактылуу  өмүр,

Алдымдан  тосуп  чыгаар,

Кыргызым    таянычым...

ТАГДЫР

Саргайып  сабагынан  үзүлбөгөн,

Тагдырдын  оор  сыноосун  күтүнбөгөн...

Бой салбай  аяз кыштын   азабына,

Бариктер  бутагында    дирилдеген...

Жаз эле,  көктөм эле,  жашыл  эле,

Адамга  түр  турпаты   асыл  эле.

Түркүн   куш  уя  салып  бутагында,

Жашоодо  ушунчалык  батыл эле...

Дирилдеп  салкын  желге бийлеп  турган,

Шамалы  салкындатып  үйлөп  турган

Жамгыры  көз  жаш болуп  мөлтүрөгөн,

Саргаюу  эмне  экенин  билбей  турган,

Өмүрү    бир  жазмышын  унуткандай,

Кербездүү  бир  укмуштуу  барик  эле...

Жашоонун    катаалдыгын  билип, билбей.

Кезинде  жашоосунда  күйүп,  күйбөй...

Мезгилден  кышты эшиткен  бул  жалбырак...,

Мүңкүрөп  турса  дагы  билинбеген,

Кайраты  ушунчалык  ташты  жарып...

Үзүлбөй    бир  башкача  дирилдеген...

Табияты  өзгөчө  эле, калды  ошондой...

МЕН   КҮНДӨРГӨ   АЛДАНЫП...

Көңүлүмдү  улап  гана  астейдил,

Билем,  жашоо   “акылыңды”  ашынган.

Балким,  сенин   “акылыңды”  жактырып,

Карааныңдан  алыстабай  жүрөм  мен...

Кээ  бир  кезде  бул  дүйнөнүн  бетине,

Түкүргүм  бар  балжыратып,  аянбай...

Башы  бар  да,  аягы  жок  көр  жашоо,

Кай  тарапка  баратканын  биле  албай...

Ыпыластык,  ыржаңдаган  кошомат,

Талкаланган  жер  эненин  жүрөгү...

Аео  да  жок, сезим  да  жок  дилдирек,

Күнүмдүккө  асыл  өмүр  коротуп,

Жоготобуз   кайталанбас   дүйнөнү...

Чынын  айтсам “адам  көрдүм  кийими  жок”,

Бирок  алар  колуңдагы  беш  манжа.

“Кийим  көрдүм  адамы  жок,  жаны  бар...”

Бирок  алар  миллиондоп  жүрүшөт...

Мына  ошолор  бийлеп  ушул  дүйнөнү,

Адам  деген  асылдыкты  чиритет...

Өз  жан  дүйнөм,  өзүмдү  алдап чынында,

Билем  жашоо  “акылыңды”  ашынган...

Балким  сенин  “акылыңа”  алданып,

Карааныңдан  алыстабай  жүрөм  мен..!

КОРКУНУЧ

Кызыкпадым,  көр  оокатка   дирилдеп,

Кооз  мончоктор  ийбелте  албайт  көңүлдү,

Куурчак  сындуу  муздак  тарткан жасалга,

Сезилет  маа  алдагандай  өмүрдү...

Шаңдүү  кече,  жасалмалап сүйлөгөн,

Бир  көрүнөт  өчпөй  турган  өмүрдөй...

Шыпшынышат, суктанышат  кээ  бирөө,

Таасири  анын  өкүмү  күч  өлүмдөй...

Жан  дүйнөлөр  кандай  десең  баары  бар,

Кошоматчы, шыпылдаган  “миң  жүздүү,”

Мына  шул  коом,сыйрып  таштап  пардасын

Жашап   жатат  каалагандай  “өмүрдү..”

Жасап  жатат  каалагандай өлүмдү...

Тың  чыкмалар  өз  жашоосун   ойлогон,

Тегирмендей  чимирүүдө  эл  башын...

Жийиркенем,  башаламан  бул  коомго,

Акылым  бар,  алым  жетпей   көп  кейип,

Ыр  түнөгөн   жүрөгүмдү   булгабай...

Өтөөлүнө   чыксам  болду  өмүрдүн...

 

Сайрабүбү Касымова, акын жана жазуучу. КРнын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.