Акын жана тагдыр

Акын жана тагдыр

Тамара ТОКТОМАМБЕТОВА:

ТАБЫЛДЫ ТАБИЯТТЫ СҮЙЧҮ, ЖҮЗҮНӨН НУР ТӨГҮЛҮП ТУРЧУ”

 

“ Т.Муканов эч кимге окшобогон саптар менен мезгил мейкиндигинде, коомдогу өзгөрүштөргө толкунданып кубанып, адамдык ак дил менен кылым күүсүн чалат. Анын лирикалык каармандары да кудум табият сыяктуу- кээде кыш ызгаарын жамынса, кээде жашыл түскө оролуп, жарк этип күлө багат”. “Табылды- балбан сөз акын” ,-чыгармачылыгынын экинчи өмүрүнө мына ушундай жылуу пикир, анан калса калыс ой калтырган Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси (өлгөндөн кийин берилген) Табылды Мукановдун экинчи жубайы Тамара Токтомамбетова эже менен жердеш агайыбыздын акындык тагдыры, ары татаал, ары кызыктуу өмүрү, табышмактуу өлүмү тууралу сыр чечиштик. Тамара эже улуу таланттан калган эки уулун, бир кызын тарбиялап, эрезеге жеткирип турмуш тууруна кондурган экен. Ордолуу Ош шаарында Табылды Муканов атындагы “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн директору.

Оштон табылган табылгам ушул болду.

-Тамара эже, “тоголок жетимдерди” асырап тарбиялоого, балдар үйүн ачууга себеп болгон жагдайлар тууралу айтсаңыз.  “Алтын уя” балдар үйүнө  Т.Мукановдун ысымын берүү идеясы кандайча пайда болду?

-Элдин, айрыкча Табылдынын күйөрман, окурмандарынын эсинде болсо керек кыргыз поэзиясына жарк этип кирип, жалп этип өчкөн Т.Муканов 1983-жылы капилеттен бу жарыкчылык менен түбөлүккө коштошуп, кайра кайтпас сапарга кеткен эле. 1991-жылы алгач “Т.Муканов атындагы адабият, маданият, илим-билим иштерин колдоо фондун түзгөм. 2001-жылы “Т.Муканов атындагы балдарды коргоо фондун ачкам. Жакшы адамдардын колдоосу, коргоосу менен өзүнчө кенен имарат алганымдан кийин “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн пайдубалын түптөдүм. Табылды жетим өскөн, ата-эне мээримин ал жакын туугандарынан алган. Жетимдиктин азабын, ата-эне мээримин, бир туугандык сезимдин асылдыгын агайыңар терең түшүнчү. Табылдынын оор тагдыры, анын өзгөчө жетим-жесирлерге үйрүлүп түшкөн астейдил мамилеси, жанда жок боорукерлиги мага катуу таасир калтырса керек, балдар үйүнө анын ысымын ыйгарсам деген мунажат-тилегимди акыры ишке ашырдым.

2006-жылдан бери “Алтын уядагы” балдарыма ата ордуна ата, эне ордуна эне болуу жоопкерчилигин мойнума алып келеатам. Бул оор жүктү, түйшүктү көтөрө билүү кыйын, аны түшүнгөндөр түшүнөт. Бирок маңдайыма ушундай тагдыр буюруптур. Баштаган ишимди ара жолго калтырып салбоо аракетин көрүүдөмүн.

Табылдынын арбагы ыраазы болсо керек деп ойлойм. Ал тирүү болсо оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, оюма-ой, максатыма-максат, тилегиме-тилек кошмок.

-Сиздин жалындуу жаштык жылдарыңыз, Табылды агай менен бирге түтүн булаткан үй-бүлөлүк турмушуңуз андагы Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде өткөнүн жакшы билебиз. “Тамара эже” дешкен студенттер сизге өзгөчө сый-урмат көрсөтүшчү эле. Кандайча Ош шаарына келип калдыңыз?

-90-жылдардан кийин “эгемендүү, эркин мамлекет ушундай болот” дедикпи, дээрлик бардык облустардын борборлорунда жаандан кийинки козу карындай болуп жогорку окуу жайлары, бөлүмдөрү  биринин артынан бири ачылып кетпедиби. Чүй мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ачылгандан кийин ошол кездеги ректор, маркум Султан Мамбеткалиевдин сунушу менен кызмат ордумду өзгөртүүгө туура келди. Бул бир себеп болсо, экинчи бир себеп Бишкектин кайсыл бурчуна барбайын, айрыкча борбор көчөлөрүн аралабайын Табылды менен өткөн күндөр көз алдыма тартылып, көөдөнүмө батпаган сагыныч, кусалык жүрөгүмдү эзе берчү. Жер которуп кетүү керектигин ойлоп, бирок ага жол таппай жүргөм. Азыр деле Бишкекке барганымда жаңы автобекеттин бет маңдайындагы Павлодар көчөсүндө экөөбүз жашаган үйүбүз көзүмө бир башкача ысык, жакын көрүнөт. Жаштык кылыптырмын, анын үстүнө агайыңардын ойго эмес, үч уктасам түшүмө кирбеген бейажалы акылымды алып коюптур, үйүбүздү тарттырып жибердим. Эми деле мыйзамдаштырсам болот, ага убакыт керек.

-Ай балалык, балалык.

Акылымды курчуткан,айга жанып,

Таппадым көл жээгинен, тоо койнунан.

Кай жакка түшүп калдың тайгаланып,- деп жазган акын агайдын аз, саз жашаган өмүрүнүн соңку жылдары сиз  менен өттү. Балалык баео, алоо жаштык, жетилүү курак, дегеле өмүрдүн өктөмү тууралу сырдашкан, ой бөлүшкөн бактылуу күндөр көп болгон чыгаар?.. Агайдын сизге жаккан, кубантып, толкунданткан кандай мүнөздөрү бар эле? Алгачкы таанышкан күнүңүз эсиңизден чыкпайт болуш керек?

-Анда мен кыргыз телерадио компаниясында режиссердун жардамчысы болуп иштечүмүн. Чогуу олтургандар  “азыр эле бизге кирип чыккан Табылды Муканов деген акын жигит” деп айтышканы эсимде.  Табылды бизге көп келчү болду, анда Төкөлдөштө турчумун, кайда жашаарымды билип алыптыр. Ал менден мурда инимди, сиңдимди колго алыптыр, бара-бара ынак болуп кеткенбиз.

Табылды менен 8 жыл 8 ай чогуу бирге түтүн булаттым.   Бактылуу күндөр өттү. Эки уул, бир кыздуу болдук. Маркум агайыңар балдарын жанынан артык көрчү.   Элдияр, Элзат Эрлан  болсун деп үчөөнүн ысымдарын өзү койгон. Эң өкүнүчтүүсү Эрланыбыз 7 айында атасыз жетим калды. Тагдырдын жазмышына баш иймек бар тура. Бирде ыйлап, бирде күлүп балдарымды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойттум. Үчөө тең жогорку билимдүү адистер.Элдияр юрист Бишкекте иштейт, Элзат экономист, Элзат тилчи, экөө Ошто жанымда. Үй-бүлөлүү болушту, неберелеримдин чоң энесимин, таянесимин.

Табылды табиятка жакын эле, жүзүнөн нур төгүлүп турчу. Казан аяк кагышпай койчу беле чукчуңдаша кеткенибизде ал тез жазылчу. Ичине кир сактаганды билчү эмес. Жакшы эле коркутуп сүйлөшпөй коеюн десем деле болбой алды-артыма чыгып жатып таарынчымды жазып алчу.  Аны жек көргөнгө эч мүмкүн болбогон өзгөчө касиеттерин унута албайм. Өз боюна тыкан эле, жупуну кийинсе да сымбаттуу келбети анын ажарын ачып турчу. Тармалдашкан коюу  чачы,  капкара кашы, жазы маңдайы бир көргөн адамды өзүнө тартып, арбап алаар эле. Күндө эртең менен муздак сууга (жайы, кышы дебей) жуунчу. Сууну болсо өзү ташып келчү. Тамакты даамдуу жасачу. Кара-Кулжага кайын журтуна барганыбызда ат минип  чаптыргандан, тоолорго суктангандан ыракат алып, кумардан канаар эле.

Биз баш кошкон жылдары Табылды “Мугалимдер” гезитинде иштечү. Сырдашчубуз, балалык күндөрүбүздү эске салчубуз. Көбүнчө анын акындык таланты, кабарчылык иши тууралу сөз болчу. Жазып бүткөн, оюнда багып жүргөн ырларын менин сынымдан өткөрчү. Чыгармачыл адамдар бала кыял, жандүйнөлөрү кирсиз асмандай таза, тоо булагындай тунук келишет эмеспи. Табылдынын мүнөзү да жаш баланыкындай эле, “бул ырың мыкты болуптур” десем ал күнү айтаарга сөз таппай кудуңдап, кубанып калчу.  Экөөбүз кээде “Ала-Тоо”, “Октябрь” кинотеатрларына киного барчубуз, көргөн тасмаларыбызды “кызыл чеке” болуп талашып-тартышып, талкуулачубуз. Экөөбүз бирге барып көргөн кино тасмалардагы окуялар азыр деле эсимде.

-“Кайран иним Табылды.

Кайдан ажал табылды?

Желегимдей көрчүмүн,

Жепирейген тамыңды”, -белгилүү акын Биримкул Алыбаев жазгандай, үйүңүздөргө чыгармачыл инсандар, Табылды агайдын достору көп келишчү беле? Кимдер менен ийиндеш, үзөңгүлөш жүрдү?

-Табылды экөөбүз чогуу түтүн булаткан үйүбүздү сагынаарымды, Б.Алыбаев сүрөттөгөндөй жепирейген тамыбыз көзүмө ысык көрүнөөрүн айттым го. Коломтобуздун оту өчпөйт го деп ойлогон элек. Тилекке каршы, акын Үрниса Маматова былтыр  Табылдынын ак жаркын элесине арнап:

“Жаштыгың, сүйүүң -ак жалын,

Жалбырттап туруп өчкөн от.

Жылытпай жанын башканын,

Жапжалгыз күйүп өткөн от”,- баш сөзү менен “Өчкөн от” аттуу даректүү китеп чыгарды.

Достору көп болчу. Айрыкча “Чолпоняна, Тамаряна күзгүңөргө бир көрүнүп алайынчы” -  өзү ойлоп тапкан шылтоо менен   Рамис Рыскулов бизге байма-бай каттачу. “Чачтарым чаң соргуч, Фрунзенин тазалап турат. Саптары иттин бутундай” деген Рамис агайдын салыштырууларына боорубуз эзилгенче, көзүбүздөн жаш чыкканча күлөөр элек. Табылды экөө билек сынашып күрөшө де кетишчү. “Табылды, сен менден кыйын акынсың, сенден жеңилгенден арданбайм, сенде билек да, билим да бар”,-Рамис агайдын айткандары кантип эстен чыксын!

Анатай Өмүрканов, Асан Жакшылыков, Аман Токтогулов, Шайлообек Дүйшеев, Курбаналы Сабыров, Эгемберди Эрматов, Алым Токтомушев ж.б. менен Табылды чогуу жүрүштү, ынак достордон эле. Аларды акындык дүйнө бириктирип тураарын билчүмүн. Колумдан келген сыйымды көрсөтчүмүн.

-Тамара эже, Т.Мукановдун ырларын жатка билесизби? Кайсыл ыры сиздин жандүйнөңүзгө жакын, сыясы кургабай, жазылбай калган ырлары калдыбы?

-Ырларын жатка айта албасам да уютулган алтындай болуп көкүрөгүмдө тураары анык да. Ал лирик акын болчу, турмушунда кандай болсо, жашоого кандай ой жүгүртсө ошонун баарын чыпчыргасын коротпой, төкпөй-чачпай ар бир жаңы жазган ырлары аркылуу ачып берүүгө ышкысы күч эле.

“Сен кадап берген топчу.

Жаркырайт атаар таңдай, таң Чолпондой

Ылайым үзүлбөсүн ошол топчу.

Ылайым кадабасын башка бирөө”, жөнөкөй, бирок көп ойду камтыган “Топчу” деген төрт сап ырын мен эле эмес, көптөр жактырат.

Табылды өлүмдөн кабары жок кетти. Өзү деле   каргашалуу окуяга кандайча кабылганын сезбей калды окшойт. Кандай айтсам да өтөөр иш өтүп, болоор иш болду. Маңдайына жазылган жазмышы ушундай өкүнүчтүү, армандуу экен, өзүмдү сооротоор айлам, аргам жок.

“Жазам" деген ырларынын темалары гана калды. Табылды тема тандоого өтө чебер эле, ырларынын ар бир сабына өзгөчө аяр мамиле жасачу. “Акындын дүйнөгө болгон суктануусу жоголбосун. Ал бул дүйнөгө башка планетадан келген адамдай бардыгын биринчи ирет көрүп жаткандай, таза, тунук сезсин, бирок бардыгын эле поэзияга сүйрөп кирүүгө болбойт”,-деп айтканындай эле өтө сезимтал адам болчу. Ошол сезимталдыгынын, тазалыгынын азабын тартты. Кээде мен Табылдыны башка планетадан келсе  керек деп ойлоп коем, анткени өз ааламын өзү тандап кетпедиби.

-“Т.Муканов  жалындуу жаштыгын, башкаларга эч окшобогон табият тартуулаган талантын пайдалана алган жок, үзүрүн да көрбөдү”,- учугу дале үзүлө элек мына ушундай пикирлерге кошуласызбы? Көзүнүн тирүүсүндө канча китеби чыкты, эмне үчүн жазуучулар союзуна мүчө болгон жок? Агайдын чыгармачылык экинчи өмүрүнө салымыңызды кошуп жүргөнүңүздү билебиз, кыйынчылыктар болсо керек?

-Табылдынын мүнөзү ушундай болчу, ал эч качан кимдир бирөөлөргө жасакерленгенди, жеке кызыкчылыгы үчүн керектүү адамдарды пайдаланганды билчү эмес. Ал  үчүн кыялында багып, бапестеп жүргөн чыгармаларын кагазга түшүрүүдөн өткөн ыракат жок болчу. Жазуучулар союзуна өтөм деп улунуп-жулунган жок.  

Көзүнүн тирүүсүндө “Шуру жоготкон кыз”, “Каректеги жер”, “Жүрөктүн кагышы”,  өлгөндөн кийин “Жан дүйнө”,  “Арчадай жашыл элем” аттуу ырлар жыйнактары чыкты. “Жан дүйнө” ырлар жыйнагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыган.

  Табылды 36 жашында кайтпас сапарга кеткен, туура 36 жылдан кийин  Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда эскерүү кечеси өттү. Агайыңардын туулган айылындагы орто мектепте эскерүү кечесин өткөрдүк. Уулдарымды ага-туугандары менен жүз көрүштүрүп, таанышып кайттык. Куран окуттук. Боз-Учук айылындагы бир көчөгө Т.Мукановдун ысымы ыйгарылды. “Алтынды дат баспайт” деген ушул белем аз да болсо көңүлүм танчып калды.

 

Маектешкен:

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,

журналист

 

kasymova.info