АКШ Белоруссияга жаңы санкцияларды киргизет...

АКШ Белоруссияга жаңы санкцияларды киргизет...

ВАШИНГТОН, 9-сентябрь - РИА Новости. Америка Кошмо Штаттары Беларуссияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Беларуссия оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованын кармалышы боюнча комментарий берип жатып.

Америка Кошмо Штаттары биздин өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен макулдашып, Беларуссиядагы адам укуктарынын бузулушуна жана репрессияга катыштыгы бар адамдар үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн кошумча максаттуу санкцияларды караштырууда" деди Помпео жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө.

АКШнын Мамлекеттик катчысы ошондой эле Колесникованын "уурдалганы" жана аны Координациялык кеңештин башка өкүлдөрүн Украинага күч менен чыгарып кетүү аракеттери жөнүндө кабарларга тынчсыздануусун билдирди.

Түштөн кийин Беларуссиянын чек арачылары оппозициялык кеңешменин өкүлдөрү Антон Родненков, Мария Колесникова жана Иван Кравцов кечээ кечинде чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүп, Украинаны көздөй бет алышканын билдиришти. Кийинчерээк Колесникова кармалгандыгы белгилүү болду.

Беларуссиянын Мамлекеттик чек ара комитетинин билдиришинче, жолдо чек арачыга жолугуп, оппозиционерлер турган унаа аскер кызматкеринин өмүрүнө коркунуч туудуруп, катуу ылдамдыкты кармашкан.  Колесникованы машинадан "түртүп чыгарып салышкан". Өз кезегинде, Координациялык кеңештин президиумунун мүчөсү Павел Латушконун айтымында, алар оппозициячылдарды  Украинага алып барууга мажбурлашкан, бирок ал чек арада паспортун айрып салган.

Беларуссиянын президенттигине мурдагы талапкер Виктор Бабариконун штабы Колесникова Мозыр чек ара күзөт отрядында экендигин тактады.

Колесникова, Кравцов жана Родненков мурунку күнү эртең менен байланышууну токтотушкан. Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар аялды Минскинин борборунан кармап, кичи автобуска салып, айдап кетишкенин билдиришкен.