Ажырашып кетсем кандай болот..?

Ажырашып кетсем кандай болот..?

 

 

 Саламатсыздарбы! Мен сиздин оюңузду угайын деп жазып жатам. Менин жашым 45 жашта, 4 балам бар. Улуу балам Орусияда студент,башкалары мектепте окуйт. Шаардагы кафелердин биринде тазалагыч болуп иштейм. Башка элдердей эле үйүмдүн ремонтун бүтүрөйүн деген максатым бар. Мен жолдошума таяна албайм. Анткени ал иштебегени аз келгенсип,ичип алып мени көк-ала кылып сабайт. Чынымды айтканда, жумуштан абдан чарчап келем. Бирок үйдө күйөөм тынчтык бербейт. - “ Ремонтту бүтүрбөйсүң, өзүңдү карабайсың жана сулуу эмессиң”деп башымды оорутат. Күйөөлөрүнүн жанында башка аялдар өздөрүн коопсуз сезишет, мен болсо аны  жек көрөм. Бул жашоодо менин жашоомдун маңызы бул менин балдарым. Аларды көргөндө ички дүйнөм эс ала түшөт, кыйынчылыктардын баарын унутуп коём. Ушул балдарым атасы жок калбасын деп, баарына чыдап жүрөм. Өзүмдүн ата-энем айылда турушат, жардам сурагандан уялам. Кээде кетип калсамбы деп ойлойм. Бирок каяка барам? Туугандарым сураса эмне деп айтам? Күйөөм мени издеп келип тынч жашоо бербесечи? Мага кеңеш бергилечи, эмне кылсам?    Жибек,Кант шаары.

Психологдун кеңеши.

Аял киши көп учурда чыдоого даяр жана бир нече жылдап унчукпай келет. Менин жообум талашсыз – ажырашуу керек. Бирок бул жөнөкөй эмес. Мындай кырдаалда чечим кабыл алуу кыйын болот."Бакыт бир гана толук үй-бүлөдө болот" деген ой менен жашасаңыз, анда эмнеге сиз бактылуу эмессиз?

Башка адамды өзгөртүү биздин күчүбүздө эмес. Андыктан, өзүңүздүн үстүңүздө иштешиңиз керек, тактап айтканда, өзүңүздү анализдөө керек. Ооба, сиз өзүңүздүн жашооңузту жана күйөөңүз менен мамилеңиз анализдеп, жооптуу болушуңуз керек.

Бул жерде тандоо бар: өз-өзүңүздү сыйлап жана башка адам менен мамиле түзөөрдө жоопкерчилик алуу. Же басмырлоо жана зулумдан жабыркаган жоопкерчиликсиздикти чыдайсызбы? Зордук зомбулуктан бошонуу жолун тандасаңыз, дүйнөгө болгон көз карашыңызды олуттуу өзгөртүүгө туура келет. Жылдар өткөн сайын,кимдир бирөөнү күндө уруп же басмырлоо кылса, ал адамга ошондой мамиле норма болуп калат. Ошондой эле, келечекте ушундай коркунучка туш болбоо үчүн, дүйнөнүн көрүнүшүн, өзүңүзгө, башкаларга, эркектерге, жумушка болгон мамилеңизди өзгөртүү керек.  Сизге психологиялык китептерди окуу жардам берет. Өзүн-өзү жардам көрсөтүү кыйын, жардам үчүн психологго кайрылуу оңоюраак, бирок бул учурда дагы, өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөгө туура келет. Психолог, бул процессти гана жетектейт жана сизге адашпоого жардам берет.

Эгер сиз балдар үчүн күйөөңүз менен жашасаңыз, анда бул балдар кийин балдарына  кандай үлгү көрсөтүшөт деп ойлойсуз? Бала атасына окшош болуп чоңойт, ал эми кыз атасына окшош күйөө тандап алат. Албетте, балага атасы керек, бирок ал эмне үчүн керек? Атасы баланын көз  алдында үлгү болушу үчүн, үй-бүлөлүк мамилелер кандай түзүлөт? Ата  өзүн көрсөтүшү керек жана  ата-эненин көңүлүн жана сүйүүсүн алышы керек . Жогоруда айтылган сөздөрдү анализдеп көрүңүз.

Мүмкүн “өз, өзүңүз” деген сөздү көп колдондум, бирок бул жашоодо башка адамды сүйүү, башка адамга ишенүү, өзүңүздөн башталат.

Назгүл Уларбекова, психолог.