Балдар арасында кезиккен "КАВАСАКИ" оорусун дарылаганга Кыргызстан даяр эмес.

Балдар арасында кезиккен

 Таажы илдетин аздап жеңип келе жатканда айрым өлкөлөрдө жаш балдар арасында өтө сейрек кезиккен “кавасаки” сыяктуу синдромдун көбөйгөнү байкалганын адистер ММКалар арекылуу байма бай айтып келишүүдө.  

Ушул мезгилге чейин толук изилденип бүтө элек  бул илдет, кан айлануу системасына таасирин тийгизип, инфаркт же инсультка алып келерин окумуштуулар эскертүүдө  Коронавирус инфекциясынын катуу толкунуна кабылган Борбор Азиядагы айрым өлкөлөргө, бул оору  акырындап жайылып жатканын маалымат булактары жазып чыгууда. Коңшулаш Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү кавасаки оорусу менен катталгандардын саны 16га жеткенин билдирген.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин билдиришинче  Кавасаки көп органдарды жабыркатат. Алардын ичинен жүрөк, өпкө органдарында коркунуч чоң. Анткени бул синдромдун бир эле дарылоо курсу 200 миңге чейин жетет. Ар бир ата-энеде мындай каражат жок. Бирок Каржы министрлиги ушул мезгилге чейин  адистердин берген  сунуштарын  канааттандыра элек. Жалпы учурдагы абалды айтсак, биз кавасаки оорусун дарылаганга даяр эмеспиз, деген пикирин билдирген адис.