Биринин артынан бири беш адам жарык дүйнө менен кош айтышты...

Биринин артынан бири беш адам  жарык дүйнө менен  кош  айтышты...

Каза болгондордун арасында үч жана сегиз жаштагы кыздар, көп балалуу үй-бүлөнүн ата-энелери  бар.  Эки кичинекей кыз жетим калды.

Үйдө төрт балалуу үй-бүлө жашаган. Люкка, үч жашар кыз  түшүп кетип ,аны сактап калууга аракет кылган энеси кыздын артынан  секирип түшкөн. Сегиз жаштагы кызы жана үй-бүлөнүн атасы жардам берүү максатында алардын артынан оюкка  кошо түшүшкөн.

Андан кийин ызы-чууга чуркап келген кошуналарынан  атасы менен баласы  да тигилердин артынан чуңкурга түшүшкөн. Уулу каза болуп, атасы куткарылып, ал метанга ууланып реанимацияга түшкөн.

Ошентип,  Воронеж совхозунун айылындагы суу түтүгүндөгү беш адамдын каза болгондугунун чоо-жайы белгилүү болду.

Каза болгон үй-бүлөнүн алты жаштагы жана  он айлык кыздары бар, деп жазат Российская газета.