Бүгүн коронавирус илдетинен 46 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Бүгүн коронавирус илдетинен 46 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 75 бейтап:
Бишкек ш. – 23
Чүй облусу – 18
Ош ш. – 4
Ош облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу – 20
Нарын облусу – 3
Талас облусу – 2

Республика боюнча жалпы 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты.

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 эркек, 78 жашта
Баткен облустук ооруканасынан – 1 аял, 71 жашта
Нарын облустук ооруканасынан – 1 аял, 72 жашта
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 аял, 42 жашта, эркек 63 жашта
Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 эркек, 79 жашта;
Панфилов ЖДПБ – 1 эркек, 53 жашта.
Жалпы каза болгондордун саны 167 адамга жетти.

Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду.

Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам.

16-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 521 учуру  катталды.

Бишкек ш. – 273
Чүй облусу - 74
Ош ш. - 38
Ош облусу - 16
Жалал-Абад облусу - 43
Баткен облусу - 39
Ысык-Көл облусу - 30
Талас облусу - 8

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Бишкек ш. – 42
Чүй облусунда – 18
Ош ш. – 7
Ош облусунда – 4
Жалал-Абад облусунда – 5

Баткен облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 9
Талас облусунда – 6

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.