Бүгүн Раимбек Матраимов УКМКа тарабынан кармалды.

Бүгүн  Раимбек Матраимов УКМКа тарабынан кармалды.

Бүгүн,20-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Ал бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки процесстин алкагында кармалгандыгы белгиленди.

17-октябрда УКМК Кыргызстандын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын жарыялаган. Комитет 2016-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, мамлекеттик бажы кызматынын башка кызматкерлери жана көзөмөлгө алынган катышуучулар бажы администрациясы учурунда көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схема түзүп, натыйжада мамлекеттик бюджетке  чоң өлчөмдөгү зыян келтирилгенин айтышкан.

Ошону менен эле катар УКМК Матраимовдун коррупциялык схемасына тиешеси бар 40ка жакын адамды аныктаганын жарыя кылган эле.