Бүгүн таажы илдетинен 2 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Бүгүн таажы илдетинен 2 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Бир сутка ичинде COVID-19  оорусу менен катталган жаңы учурлар:
Бишкек - 42
Ош - 67
Чүй облусу – 27
Ош облусу - 52
Талас облусу - 6
Ысык-Көл облусу – 15
Жалал-Абад облусу – 57
Баткен облусу - 118
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 384 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 37
Ош шаары – 20
Чүй облусу – 20
Ош облусу – 52
Талас облусу – 6
Нарын облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 29

Жалал-Абад облусу – 52
Баткен облусу – 54
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 276 илдеттен сакайып чыкты.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары:
Баткен облусу – 1
Бишкек – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 2 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ошондой эле, 80% адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10 – 20%ы эсептелет. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү”, - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев бүгүнкү брифингде.