Бүгүнкү күнү КРнын өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштер

Бүгүнкү күнү  КРнын өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштер

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. 

Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. 

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Ирригация тутумун өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылындагы каналдын курулушу менен таанышкан учурда билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, Ана-Кызыл айылындагы каналдын жалпы узундугу 9,1 чакырымды түзөт. Объектиде курулуш иштери 2020-жылдын сентябрь айында аяктайт, натыйжада 349 гектар сугат жер суу менен камсыздалат. 

«Ирригация тутумун жакшыртуу азык-түлүк коопсуздугун алдын алууну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын түзүүнү шарттай. Президент жана Өкмөт бул тармакты өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бурууда. Аталган багыттагы иштер мындан ары да улантылат », - деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле Өзгөн шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулма орнотулуучу жер тилкесин көрдү. 

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарында канализация системасын реаблитациялоо жана таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча долбоор жүзөгө ашырылууда. Шаардын суу түтүктөрү эскиргендигине байланыштуу жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул жумуштарды аткара турган компанияны тандоо үчүн тендер өтүп, келишимдер түзүлдү. Планга ылайык, Өзгөн шаарынын канализация системасын реаблитациялоо иштери 2022-жылы аяктайт. 

Биринчи вице-премьер-министр калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын жакшыртуу аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.   

Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды.

«Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров.

Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда,   2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча  план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. 

Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. 

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.