"Чынгыз Айтматов-аалам жүгүн аркалаган улуу гуманист»

                     Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө  карата

      Нарын шаарындагы  № 87  Кесиптик лицейдин китепканачысы, Чынгыз  Айтматов  атындагы Кесип ордо борборунун башчысы Калича Жутабаева:

                  «Улуу ойчулдун рухий таалимине сугарылсак»...

  -Дүйнө адабиятын, маданиятын алакандай кыргыз элин ай-ааламга таанытып, чыгармалары дүйнөлүк бестселлерге айланган айтылуу  адамзаттын Айтматову тууралуу кыргыз тили жана   адабияты мугалими, узак жылдан бери кесиптик лицейдин китепканасын жетектеп келе жаткан  кесипкөй адис катары  эскерүү жан дүйнөңүздү жаркытаар дейм.

       -Ракмат,  республикадагы алдыңкы окуу жайы катары таанылган лицейде  32 жылдан бери  мугалим, китепкана башчысы болуп иштеп, өсүп-өнүгүшүнө көп жылдык иш-тажрыйбамды, татыктуу салымымды кошуп келе жатам. Кезегинде  көптөгөн эже-агайларымдын таалим-тарбиясын алып, такшалсам мезгил өтүп,  эми өзүм жаштарга насаатчымын. Болочоктогу кесип ээлерине татыктуу тарбия, терең билим берген бул куттуу жай менин сыймыгым, китепканам-акыл казынам.       Белгилүү адабиятчылар, окумуштуулар:”Чынгыз Айтматов-аалам жүгүн аркалаган улуу гуманист»-деп таамай таасын баасын беришкендей  азганакей кыргыз эли чыгармалары философиялык асыл ойго сугарылган Чынгыз  Айтматов аркылуу таанылганыбызга сыймыктаналы. Мен  бала күнүмдөн китепкөй, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими катары  доордун улуу ойчулунун чыгармаларын жүрөгүм менен сүйүп,  окуп келем.  Бу тирүүлүктөгү  өмүр менен өлүм, адилеттик менен кыянаттык,  жыргал менен куурал, адамдардын табиятка, жаныбарларга кылган кыянатчылыгы философиялык мааниде   ушунчалык  көркөмдүк менен берилгендиктен каармандардын кулк-мүнөзү, кыял-жоругу, кылган-эткени дароо көз алдыма тартылып,  ал түгүл арабыздагы айрым адамдарга окшоштуруп жиберем. Айталык, кат-сабатын жоём деп  суудан балдарды жонуна көтөрүп өткөрүп, Алтынайды ала качып кеткендерден таяк жеген биринчи мугалим Дүйшөн, чыныгы маххабаттын улуулугун даңазалаган кыялкеч,  жаркын мүнөз, эрке келин татынакай Жамила, коммунисттик билетин тумардай туу туткан, чындыкка чыккынчылыкты ыймансыздык катары кабылдаган ак жүрөк, өжөр   Танабай, өспүрүм курагы согуштун оор азабына туш келген Султанмурат,  улуулардын бири-бирине кылган кыянатчылыгын көргүсү келбей  балык болуп сүзүп кеткен бакыраң көз татынакай Нургазы, мүйүздүү Бугу эне, алп күчү бар Каранар, бөлтүрүгүнөн айрылып, ай-талаада аянычтуу улуган бечара Акбара...Ар бир чыгармасын кайталап окугандан тажабайм, көңүлүм чөгүп турганда дароо колума алам, көкүрөгүм жеңилдеп, сезимим  сергек боло түшөт. Чыгарманын кайталангыс күч кубаты мына ушунда эмеспи. Айтор кыргыз элинин руханий жана маданий мурасын дүйнөлүк адабияттын  туу чокусуна көтөргөн Айтматов элибиздин абийири, жана ар-намысы  дээр элем.

        -Баятан жан дүйнөнү жаркыткан мындай эскерүүңүздү угуп олтуруп көңүлүмө:”Кыргыз эли жер жүзүндө канча кылым жашаса  арбагы “тирүү” залкардын  баа жеткис эмгектери, жаркын элеси дал ошончолук өмүр сүрөт”-деген ойго кеттим. Аалам адабиятында асмандагы  чолпон  жылдыздай жанып  турган калемгердин  экинчи өмүрүн  кийинки урпактарга түбөлүктү калтырууда эл-журттун, мамлекеттин алдында кандай парзыбызды аткараарыбыз тууралуу оюңузду уккум келет.

-Ии, менин да көңүлүмдө турган суроону бердиңиз. Ооба, өзүңүз айткандай дүйнө элинин жүрөгүн багынткан ойчулду  элибиз, урпактарыбыз  мааракесинде гана эмес түбөлүккө  даңктап-даңазалап, ар убак эскерип турсак да аздык кылат дээр элем.  Былтыртан бери окумуштуулар, адабиятчылар бул тууралуу пикирлерин, сунуштарын жазып жатышат. Мамлекеттик деңгээлде да маанилүү иш чаралар аткарылууда.  Менин айтайын дегеним   баардык чыгармалары, айрыкча акыркы романдары миңдеген нускада чыгарылып, республиканын китепканаларына бекер берилиши керек. Жаштар  китеп окубай, интернет менен  “соткадан” башы  чыкпай калды деп күнөөлөйбүз. Биз улуулар, ата-энелер балдарыбыздын китеп окугула дебейбиз. Бир кезде сатып алган китептерин азыр модадан калды деп складына чыгарып салып, ордуна кымбат баалуу хрусталлдарды тизип койгондорду көп көрөм. Тойлорго, кыздын себине Айтматовдун китептерин белекке берип,  сатып алып, балдарыбызга окутуп, театрларда коюлуп жаткан спектаклдерди, кинолорду көргөнгө неге болбосун? Айтор, бизге калтырып кеткен асыл ойго,  аска зоодой бийик идеяларга сугарылган чыгармаларын, ойлорун  терең таанып билүүнү парзыбыздай кабылдап, баардыгын жасоого милдеттүүбүз.

Өзүңүз жетектеген Чынгыз Айтматовдун атындагы Кесип окуу борборунун иши менен таанышып олтуруп, чыныгы кесипкөй  адистигиңизге, китепканачылар таалим алаарлык изденүүчүлүк ийгилик менен аткарылган мыкты жасалгасына суктанып да, кызыгып да турам. Борбордун мыкты жасалгасынан улам чыгармаларындагы каармандар сырттан кирген окурмандын бирде жан дүйнөсүн жаркытса, бирде көңүлгө бүлүк салып ойго салып, түйшөлтүп, калемгердин улуу талантына таазим эттирет.. Сөз учугун андан ары уласаңыз.

        -2010-жылы октябрда кабыл алынган «Китептеги Кыргызстан» улуттук программасын жана экс Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен “Китеп окууну үгүттөөнү жана  колдоону 2011-2015-жылга өнүктүрүү” демилгесин колдоого алып, китепкананын базасында Чынгыз Айтматов атындагы Кесип ордо окуу борбору уюштурулган. Ал кездеги Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик техникалык агенттигинин деректири Т. Чолпонкуловго кат менен кайрылып, көптөгөн эмгектенүү менен турмушка ашырдык.

      Улуттук менталитетибизден алыстап, ааламдашуу алкагына, батыштын маданиятына тездик менен  сүңгүп кирип бараткан  жаштарды тумандаган туңгуюк жолдон алыстатып, улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу адеп-ахлактыкка тарбиялап, китеп окууга үндөө максатын көздөгөн бул борбордун ишин окурмандар таасир алаарлыктай уюштуруу оңойго турган жок. Китепкананын фондусун жаңы табылгалар менен байытып, иннновациялык жактан тейлөөнүн маданиятын арттыруу, баарыдан мурда жаштарды китеп окууга кызыктыруу  бирден-бир негизги милдетибиз. Борбордо жазуучунун юбилейлик жылына карата гана эмес, маданий массалык иштер үзгүлтүксүз аткарылып келет.

     Улуу залкардын 90 жылдыгына карата- «Дүйнө эли Чынгыз Айтматовду окуйт» китеп көргөзмөсү, «Эне тил жана Чынгыз Айтматов» аттуу бурч, «Кыргыз эли менен тоолор кулабайт» аттуу дубал гезит, каармандарынын сүрөттөрү чагылдырылган көрсөтмө уюштурулган. «Биринчи мугалим» повести боюнча китеп окурмандардын конференциясы өтүлүп, «Дүйшөндүн мектеби», «Сөз кудурети Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында» аттуу темаларда плакаттар чагылдырылган. Залкарга арналган залда «Ч. Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз тили дүйнѳ аралады»,  «Манассыз кыргыз элин, Чыңгызсыз кыргыз адабиятын элестетүүгө болбойт». «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жашыртат,»  «Манас эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу”, «Асманда жылдыз, ааламда Чынгыз жанып турат» аттуу жана башка  темаларда дубал гезит, сүрөттөр чыгарылган. Жыл башынан бери Айтматовдук адабияттык окуулар өткөрүлүп келе жатат.

     Жакында шаардык китепканачылардын, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин, окуучулардын катышуусунда “Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын саябанына саякат” аттуу адабият балын өткөрдүк. Биз менен  тыгыз байланышта болуп келген обончу, аткаруучу Темиркул Ниязовдун “Ак кеме” обондуу ырынын бет ачаары аткарылып, өзүнүн катышуусунда жаңы тартылган клип көрсөтүлдү.  Кесиптик лицейдин “Автослесарь” группасынын окуучуларынын аткаруусунда  калемгердин “Бетме-бет”, “Биринчи мугалим”,”Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу”,”Жамила,” “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повесттеринен чакан инценировкалар  көрсөтүлдү. Катышуучуларга  өмүр жолу,  чыгармалары боюнча викториналык суроолор берилип, туура жооп айткандарга сыйлыктар тапшырылды.

          Эми акырында айтаарым Айтматовдун талантына таазим этип,        жан дүйнөнү тазартып, руханий гүлазык тартуулаган чыгармаларын сүйүп окуган ыймандуу, билимдүү окурмандарыбыз көп болсун.

(Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинде ар бир мекеме ишканаларда, окуу жайларда жер-жерлерде, дүйнө жүзүндө залкардын чыгармачылыгы туурасында айтып бүткус иш чаралар өткөрүлдү эле. Бүгүн минтип  пандемиядан  улам залкар таланттын  туулган күнүндө мостоюп отурган чагыбыз. Бирок бул оору- пандемия улуу инсанды адам пендесинин жүрөгүнөн өчүрдү деген сөз эмес. Андыктан бул иш чарага эки жылдан соң дагы бир серп салып, эстеп турубуз. Кыргыз кыргыз болуп турганы дегеле адам цивилизациясында  адабияттын чолпон жылдызы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин, улуулугун эч ким эсибизден сууруп  ала албас.)

   Маектешкен: Бурулсун Дыйканбаева.Нарын шаары.