Дарыгер, Жаңыл АКУНОВА- Ден соолуктан өткөн байлык жок экендигин терең түшүнөлү

Дарыгер, Жаңыл АКУНОВА-  Ден  соолуктан   өткөн   байлык   жок  экендигин  терең  түшүнөлү

 

«Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган таажы вирусу адамдардын аң-сезимин, жашоого болгон көз карашын кыйла өзгөрттү. Дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрдү»,-облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору, жогорку категориядагы дарыгер, “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” Ж.Акунова мына ушундай көз карашта.

-Жаңыл Качагановна, «Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму тарабынан жарыяланган пандемия адамдардын аң-сезимин өзгөрттү, ден соолуктан өткөн байлык жок» деген көз карашты жеке эле сиз эмес, башкаларыбыз да жабыла айта баштадык. Ошентсе да өйдө тартса өгүз өлгөн, ылдый тартса араба сынган саламаттыкты сактоо тармагынын бүгүнкү абалына карата айтылган сын-пикирлерден жыйынтык чыгат деп ойлойсузбу? Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган таажы вирусу бай-кедейге, улуу-кичүүгө караган жок, канча адамдар мезгилсиз дүйнө салышты. «Эгерде  адам өмүрүнө өтө кооптуу бул вирус тууралу алдын-ала жүргүзүлүүчү түшүндүрүү иштерине, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин  туура сакталышына маани берилсе мынчалык дүрбөлөңгө түшпөйт элек»,-деген эл арасындагы айтылган сын-пикирлердин жүйөөсү барбы?

 -Сөзсүз жүйөөсү бар, муну эч кимибиз төгүнгө чыгара албайбыз. Анткени пандемия Кыргызстандын гана эмес, өнүккөн ири мамлекеттердин да шаштысын кетирип, шайын оодарып салбадыбы. 

 Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалардын ачык эле айтайын пайдасынан зыяны көбүрөөк болду. Кашыктап чогулткан байлыгыбызды чөмүчтөп чачтык, райондук, облустук, республикалык ооруканалардын материалдык-техникалык базалары талапка жооп бергени менен саламаттыкты сактоо тармагындагы батышчыл реформалардын таасиринен улам нечен жылдап чогулткан тажрыйбаларыбыздын таш талканын чыгарды. Ооруканалардагы орундар, күндүзгү бөлүмдөр кыскарды, дарыгерлерге коюлган талаптар өзгөрдү. Кадрлардын жетишсиздиги кендирди кести. Соңку 20-30 жылдан бери заманбап бир да оорукана салынбаптыр. Айылдарды мындай коелу, райондук, шаардык ооруканаларда заманбап медициналык жабдуулар жетишсиз. 

Бул көйгөйлүү маселелер буга чейин көтөрүлүп келген, бирок жыйынтыгы болгон эмес. «Дени сак адам-дени сак мамлекет» деген жалпы ураан менен тигил, же бул ооруну жеңебиз, биз илдетке чалдыкпашыбыз керек, анткени жашоо-турмушубуз жакшы»,-мына ушундай көз караштарыбызды бекемдегенибиз менен иш жүзүндө кандай болдук. Көзгө көрүнбөгөн бир эле вирус эсибизди эки кылып, ден соолуктан өткөн байлык жок экендигин баарыбызга эскертти. Ооруканалардагы орундардын тартыштыгы, дары-дармектердин таңсыктыгы, болсо да баалардын булут минип асман-айды чапчышы, кесипкөй дарыгерлердин жетишсиздиги өлкө, өкмөт башчыларынын да санаасын санга бөлдү. Күндүзгү бөлүмдөрдүн ачылышы менен бир топ көйгөйлөр чечилди көрүнөт. Жаңы ооруканаларды салуу, эскилерин учур талабына ылайык кайра капиталдык ремонттон өткөрүү демилгелери көтөрүлүп, колдоого ээ болууда.

Элибиздин багы бар экен. Эгерде оору жайдын саратанында эмес, кычыраган кыш айында күчөп жайылса, мына ошондо анык куурамакпыз. Спорт залдарында, кафе, ресторандарда, мейманкаларда ачылган күндүзгү бөлүмдөрдү кантип жылытып, кантип бейтаптарды дарыламакпыз. Дарыгер, адам, аял катары мен ушуга тобоо кылып, жакамды кармандым.

Таажы вирусу өткөн жылы декабрь айларында эле  Кытайда тарагандыгы тууралу маалымаатар менен кабардар болгонбуз. «Бул өтө коркунучтуу вирус, анын дабасы, дарысы табыла элек, вирус жуктурган адамдардын өпкөсү сезгенет, өнөкөт оорусу барлар катуу жабыркайт»,-деген маалыматтар жетишээрлик таркаганы менен көп мамлекеттер ага анча маани беришкен эмес. Ошон үчүн алдын-ала даярдыктар үстүртөн көрүлгөн. Ал тургай бул  айрым окумуштуулар ойлоп тапкан бактериялык вирус деп дүрбөлөңдүү бул вирусту саясатташтырып да жибергенге үлгүрдүк. Иш жүзүндө пандемияга даяр эместигибиз көрүндү. Канча адамдар мезгилсиз дүйнө салышты. Бул өтө оор жоготуу.

-Өзүңүздүн демилгеңиз менен сиз дагы күндүзгү стационардык бөлүм ачканыңызды билебиз.  Өмүр менен өлүмдүн күрөшү жүрүп кырдаал курчуп турган кыйын күндөрдү кантип жеңдиңиз? Канча адамдын өмүрүнө арачы болдуңуз?

-Кудай жалгап, кыйынчылыктар акырындык менен артта калып баратат. Билбейм, мага кайдан күч, эрк, кайрат келди? Июль, август айлары кантип өткөнү сезилбей калды. Күнүнө эртең менен саат 8ден баштап кечки 8ге, кээде түнкү  10го чейин бейтаптардын аягы үзүлгөн жок. Таң эртелеп кезек күткөндөрдүн бирин калтырбай баарын көрүп чыгуу керек деген бир гана максат менен дем алышсыз чарчасак да, тердеп-кургасак да ач-тогубузга карабай баш көтөрүп иштөөгө туура келди.

Бизде 12 гана орун бар эле, аны 20га жеткирдик. Демек, орун дээрлик аз санда эле, бул көйгөйдөн бейтаптар өздөрү чыгышты. Алардын сунуштарын эске алып стационардаргы жумшак, катуу олтургучтардын баарын пайдаландык. «Олтуруп эле тамчылатып укол сайдырабыз, бар-жокко кайылбыз, Жаңыл кызым, сиңдим дартыбызга даба болуп бере көр, аман-эсен ушул илдеттен айыгып кетели»,-дегендер менен тил табышып иштештик.

Мага 2 медайым, 1 ыктыярчы, 1 санитарка  жардамдашты. Мына ушундай чакан жамаат менен үч жүздөн ашуун адамдын ден соолугун  кайтарып бердик. «Айыгабызбы,үйдө балам, энем, атам ооруп жатат. Аларга кандай дары берсем болот» дегендерге да кеңеш берүүнү унуткан жокпуз. «Бүттү бул вирус мени алып тынат окшойт»,-деп келгендерди, стресске кабылгандарды тынчсыздандырууга да убакыт таптык. Кыскасы, ар бир мүнөт биз үчүн алтынга тете барабар болду.

-Жаңыл Качагановна, айрым бирөөлөр «дарыгерлерди пандемия байытты, алар өз чөнтөктөрү үчүн иштешти» деген кайчы пикирлерин соц.тармактардагы өздүк баракчаларына жазууга үлгүрүштү. Сизди да сындап кеткендер болду, сынга чычалап, актанган жок окшойсуз?..

-Эмнеге актанмак эле, мактангым да келбейт. Бирок бир чындыкты айта кетүүгө тийишмин. Мен ачкан күндүзгү стационардык бөлүмгө саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында ачылган фонддордон бир сом да бөлүнгөн жок. Жеке менчик эмкана, тагыраагы күндүзгү стационардык бөлүм катары дарыгерлик милдетимди, жоопкерчилигимди өтөдүм, Гиппократтын  антын актадым деп ачык эле айта алам.

Жогоруда айтканымдай үч жүздөн ашуун адамдын  ден соолугуна арачы болуп, арга таптым. Мага кайрылган бейтаптардын дээрдик баардыгына кошумча түйшүк үйгөн жокмун. Жетекчилик кызматта иштегенимдин пайдасы менен Каракол шаарындагы бир катар дарыканалар менен эки тараптуу келишим түзүп, ийнеден тартып, дээрлик бардык дары-дармектер менен бейтаптарды камсыздап турдук. Ооруп, жабыркап турган бейтаптарды «бар, дарыларыңды таап кел»,-деп дарыканаларга чуркатып аларды убаракерчилигин өз мойнубузга алдык. Дем алдыруучу үч аппаратыбыздын пайдасын көрдүк. Өзүбүздү-өзүбүз болсо бет кап, кол кап, коргонуучу кийимдер менен камсыздадык. Ырас, айрым бейтаптардын материалдык колдоосунан баш тарткан жокпуз. Анткени бизге бир бет кап да керек болуп турду. Бир кийген бет капты, кол капты кайра колдонууга болбойт эмеспи. 

Ал эми  башка стационардык күндүзгү бөоүмдөргө министрликтин алдындагы фонддордон каржылык колдоо болду. Ошон үчүн бейтаптарга акысыз кеңеш берүү, акысыз ийне сайып дарылоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бизге болсо каржылык колдоо болбогонун дагы айтайын, кошумча акы да төлөнгөн жок. Баардык керектүүлөрдү өзүбүз камсыздоого туура келди. Бейтаптар нааразы болгон жок, күнүнө ар бир бейтап 500 сомдон төлөштү. Бул акчанын ичинде ийнеден тартып, дары-дармектер толук кирди. Эң башкысы бейтаптар убакыттан утушту. Нааразы болбой, тескерисинче ыраазы болуп ыракмат айтышты.

-Кургак учук борборуна тиешелүү рентген кабинетинин айланасындагы ызы-чууга чекит коюлганы  менен дале көйгөй толук чечилбесе керек?

-Рентген кабинетинин чындыгында эле эскилиги жетип бүткөн. Рентген аппаратынын да шайы ооп калганы качан, бирок биз аны сылап-сыйпап иштетип келеатабыз.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунун байкоочу кеңешине, тиешелүү жетекчиликке, ал тургай эл аралык донордук уюмдарга кат аркылуу кайрылып эле келатам. Бирок жыйынтыгын көрө алганым жок.

«Ысык-Көл Ынтымагы» коомдук фондусу абалыбыз тууралу маалыматтар менен кабардар болгондон кийин 250 миң сом каржылык колдоо көрсөтүштү. Бул акча толугу менен рентген кабинети жаңыртылып салынды. Бирок азырынча рентген аппаратын камсыздоо маселеси толук чечиле элек. Чечилет деген ишеним бар.

-Жаңыл Качагановна, таажы вирусуна, дегеле сасык тумоого каршы вакцина алыш керек деген айрым дарыгерлердин кеңештерине сиз да кошуласызбы? Сөзсүз вакцина алышыбыз керекпи, бирок анын таасири анча эмес дегендер да жок эмес.

-Азырынча таажы вирусун ооздуктоонун ыкмалары толук чечиле элек. Бул вируска каршы вакцина да толук даярдалып, сунуштала элек. Ошон үчүн мен «алыш керек, же албаш керек» деп так кесе айта албайм.

Бир гана кеңеш берээрим пайдасынан зыяны көбүрөөк дары-дармектерди өз алдыларынча жөнү жок ичкендерге каршымын.  Өпкө сезгенүүсүнө, COVID-19 илдетине кайра чалдыкпайлы десеңер жөнү жок дарыларды ичпегиле деп кеңеш берээр элем. Дем алуу көнүгүүлөрүн жасагыла, күнүнө үч чакырымдан кем эмес жолду жөө баскыла, кыймыл-аракет көбүрөөк болсун.

-Таажы вирусу дарыгерлерди да аяган жок. COVID-19, өпкө сезгенүүсүнөн мезгилсиз көз жумган кесиптештериңиз болду. Эсибизди жыйдырып, акылыбызга келтирген пандемия дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрдү, сиздерге дагы чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Кандай каалоо-тилектериңиз бар?

-Облустук бириккен ооруканасынын балдар дарыгери  Эдил Сыдыков,  Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Бүбүайым Жээнбаевнанын, Ысык-Көл райондук борборлоштурулган ооруканасынын  жандандыруучу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев, үй-бүлөлүк дарыгер-терапевт  Анипа Замыйбекова биз үчүн асыл адамдар эле, кесипкөй дарыгерлер болчу. С. Иманалиев жандандыруучу бөлүмгө керектүү заманбап медициналык жабдуулардын болушун кан какшап айтып жүрүп кайрылгыс сапарга кетти. ИВЛ аппараты болсо деген суроо-талабын аткара албай калды. Ал иштеген ооруканада  ал дагы эски бир эле ИВЛ аппараты бар экен.Бул дагы саламаттыкты сактоо тармагынын очорулган бүгүнкү абалын тастыктайт.

Ден соолугубуз менен ар бирибиз күрөшөлү. Өзүбүз менен кошо жатпаган көр дүйнөнүн кулу болбойлу. Пандемиянын 2-толкунун болтурбоого аракеттенели. Жалаң жакшы ойлор менен азыркы тил менен айтканда позитивдүү энергия менен жашап, бири-бирибиздин кадыр-баркыбызды түшүнөлү. Дарыгерлердин түйшүгүн жеңилдетчү, жоопкерчилигин күчөтчү элибиз аман болсун.

Маектешкен:

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, журналист.Ысык-Көл облусу.