Дарыгерлер бейтаптын көзү аркылуу өлүм келерин алдын-ала аныктаганды үйрөнүштү.

Дарыгерлер бейтаптын көзү аркылуу өлүм келерин алдын-ала аныктаганды үйрөнүштү.

Япониядагы Китасато университетинин ооруканасынын дарыгерлери жүрөк кемтиги бар бейтаптар арасында өлүмгө алып келүүчү жаңы индикаторун аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыктары European Society of Cardiology журналында жарыяланган. Адистердин айтымында, бейтаптын карегинин көлөмү аркылуу өлүм келерин алдын-ала аныктаганды үйрөнүштү.

Изилдөө эки жыл ичинде 870 кишиден турган топто жүргүзүлүп, алар кичинекей жана чоң каректери бар пациенттерге бөлүнүшкөн. Байкоолордун жүрүшүндө окумуштуулар жүрөк кемтиги бар жана кичинекей каректери менен бейтаптар, чоң каректери бар бейтаптарга караганда эки эсе көп каза болгонун аныкташты.

Мындан тышкары, кичинекей каректери менен бейтаптар кайрадан ооруканага жатып калуу мүмкүнчүлүгү 50% болгон, ал эми чоң каректери менен бейтаптар ооруканага кайрылган учурлары 28% болгон.

Байкоолор көрсөткөндөй, каректин аянтын өлчөө, жүрөк кемтиги бар бейтаптардын абалын баалоонун жаңы ыкмасы болушу мүмкүн, - деп окумуштуулардын корутундусунда айтылат. Дарыгерлер эскертет, каректи текшерүү узак убакыттан бери Паркинсон оорусу, Альцгеймер оорусу жана кант диабети менен ооругандардын абалын аныктоодо колдонулуп келет.

Gazeta.ru билдиргендей, дүйнө жүзү боюнча 25 миллиондон ашык адам жүрөк кемтигинен жабыркайт. Оору миокарддын дисфункциясынан келип чыгат, клетка арасы суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү жана органдар менен кыртыштардын перфузиясынын төмөндөшү менен көрсөтүлөт. Ал курч жана өнөкөт болушу мүмкүн. Биринчиси жаракат алуулар, токсиндер, жүрөк оорулары менен байланыштуу болушу мүмкүн, тез арада алдын албаса, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Экинчиси узак убакытка чейин өнүгөт жана мүнөздүү симптомдордун комплекси менен байкалат, алар: энтигүү, чарчоо, физикалык кыймылдын төмөндөшү жана шишик.

Жүрөк кемтиги менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын 45% ке чейинки бөлүгү,  кийинки бир жыл ичинде өлүшөт, ал эми көпчүлүгү беш жылдан кийин көз жумат.