ДССУ күнүнө 308 миң коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарды каттайт

ДССУ күнүнө 308 миң коронавирус инфекциясын   жугузуп  алгандарды  каттайт

Дүйнөдө акыркы суткада 307,9 миң COVID-19 инфекциясы аныкталды, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Бул болуп көрбөгөндөй өсүш болду. Акыркы рекорд 6-сентябрда катталып, анда күнүнө коронавируска чалдыккандардын саны 306,9 миңге көбөйгөн.

ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө бардык мезгилдерде 28,6 миллион инфекция катталган. 917,4 миң адам каза болгон.Америка 14,7 миллион инфекцияны, Түштүк-Чыгыш Азия - 5,4 миллион, ал эми Европа - 4,8 миллион адам таажы вирусу менен ооруган.

ДССУнун маалыматы боюнча коронавирустук инфекциялардын саны боюнча  төмөндөгүдөй болду:

АКШ - 6,4 миллион;
Индия - 4,8 миллион;
Бразилия - 4,3 млн
Россия - 1,1 млн ;.
Перу - 716,7 миң адам.

 булак: "Коммерсант"