Дүйнөдө; Италиялык иммунолог коронавирустун экинчи толкуну кандай болоорун айтты...

Дүйнөдө;  Италиялык иммунолог коронавирустун экинчи толкуну кандай болоорун айтты...

Ультрафиолет нурлануусу коронавирусту алсыратат. Экинчи толкун 2019-nCoV жеңил болот. Бул   Милан мамлекеттик университетинин иммунологдору менен Италиянын Улуттук астрофизика институтунун адистери жетишип, изилдешип  чыгарган  ийгилик.

Италиялык иммунолог коронавирустун экинчи толкуну кандай болоорун айтты.
«Азыр эч кимибиз эмне болорун так айта албайбыз.  Экинчи толкун дагы эле келет деп ишенем, бирок ал жазда биз башыбыздан өткөргөндөн бир топ жеңилирээк болот ", - деп РИА Новостиге  изилдөөнү жетектеген Милан мамлекеттик университетинин профессору, Марио Клеричинин сөздөрүн келтирип.

Иммунологдун айтымында, жай айларында күн нурунун узак убакытка тийгенинен кийин коронавирус алсырайт."Эгерде мурда  илдетке себеп болгон миңдеген вирустук бөлүкчөлөрдүн бар экендигин байкасак, анда ультрафиолет нурлануусунун натыйжасында алардын саны он эсе азайып, бир аз гана болуп калат", - деп кошумчалады Клерчи жана илимпоздор менен доктурлар жаңы вирус жөнүндө көбүрөөк билишкенин баса белгилеп. 

Мурда, Клерчи жетектеген изилдөөчүлөр, ультрафиолет нурлары кичинекей дозада болсо да, вирусту токтоосуз алсыратат дешкен. Коронавирустун экинчи толкунунун солгун болушунун себептеринин дагы  бири иммунолог медициналык системанын инфекция менен күрөшүүгө даяр экендигинде  деп  белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 14,5 миллион ашуун COVID-19 учуру аныкталды. Россиялык дарыгерлер 2019-nCoV инфекциясы менен 777486 учурду аныкташты (акыркы сутка ичинде 5940 учур катталды)

kasymova.info