Эмне кылаарымды билбей башым катты.

Эмне кылаарымды билбей башым катты.

Саламатсыздарбы?
Мен силерден кеңеш сурап жазып жатам. Өзүм жашым 22де,буюрса ушул жылы окуумду бүтөм.Келечекте көптөгөн пландарым бар эле. Жогорку окуу жайын бүткөн соң, IT , сүрөт тартуу курстарына жазылып жана кесибим боюнча иштейин деген. Магистратурага тапшырсам дагы жакшы болмок.
Мен улуу байкемдин үй-бүлөсү менен жашайм. Апам Москва шаарында иштейт,атам болсо үч жыл мурун бул дүйнөдөн өтүп кеткен.
Карантинде бүт үй-бүлөбүз менен үйдө отурабыз. Мен болсо онлайн экзамендеримди тапшырып жатам.
Бизде айылда коменданттык саат деле жок. Бир канча күн мурда   байкем достору менен сейилдегени кеткен болчу.
Ошондо алар ичип, байкем менен досунун  ортосунда уруш чыгып, байкем аны бычак менен кокустан сайып алыптыр. Байкем өзү досун ооруканага алып барганда,ошол жерден байкемди СИЗОго алып кетиптир. Карызга батып, акча менен эптеп абактан  чыгардык. Байкемди чыгаруу үчүн алган карыз акчаны төлөө үчүн баарыбыз кеңешип Москва шаарына иштегени кетели,- деп чечтик.
Бирок мен кетким келген жок. Алдыга койгон максаттарым орундалбай калат , эртеден кечке швеяда же магазинде иштесем. Анан дагы өзүмө жаккан бала менен таанышып калып, экөөбүз жаңы эле мамилебиз келише баштаган Ал, мен көздөгөн максатыма жетериме ишенет.
Апама айтсам,баарыбыз кетсек, бул жакта  жалгыз калып бузулуп кетесиң, жигитиңди койчу, андай жигиттердин далайын табасың, окубай эле кой. Кесибиң боюнча иштесең,акча деле таппайсың деп, мени түшүнгүсү келген жок.
Эмне кылышты билбей жатам,мага кеңеш бериңиздерчи. Кантип апамды өзүмө ишендирем же апамды угуп, билимге умтулбай эле койсомбу?

ПСИХОЛОГДУН КЕҢЕШИ

 Саламатсызбы, Бегай ?
Сизге мындай кеңеш берет элем.
Ойлонуп көрүңүз, мүмкүн Москва шаарында деле максаттыңызга жетсеңиз болот. Ал жакта билим берүүнүн  сапаты  жакшы. Эгерде, бир гана Бишкекте окуп , иштейм десеңиз, анда калыңыз. Өзүңүз үчүн жоопкерчиликти алуу туура болот. Жашообузда болгон нерселердин бардыгын өз колубуз,өз пикирибиз  менен жаратканыбыз гана жакшы натыйжа же жаман натыйжа берээрин түшүнүү керек. Кайсыл мамлекетте же шаарда болбосун, окууда дагы, иште дагы ийгиликке жетишсе болот. Мунун баары сизден көз каранды. Сиздин жашоодо, эмне туура, эмне туура эмес, бир гана сиз билесиз. Көптөгөн жылдар өткөндөн кийин, адамдар өз ата-энесин күнөөлөйт, анткени өз убагында сиздин сөзүңүздү уктум,- деп. Ошол үчүн, апаңыздын сөзүнө талдоо жүргүзүп көрүңүз, анан өзүңүз бир чечимге келиңиз. Башка бирөөгө катаңызды шылтап коюу, бул абдан оңой иш.Сүйлөшкөн жигитиңиз экөөңүздөрдүн ортоңуздарда мамилеңиздерге ишенсеңиз, кандай чечимге келсеңиз дагы, ал сизди колдойт.

 

Назгүл Уларбекова, психолог.