"Өлүм жеңе албаган өлбөстүккө таазим", маркум Гүлмира Мамбеталиеваны эскерип...

Редакциядан; Теңир Тоонун чыгаан кыздарынын бири, маркум Гүлмира Мамбеталиеваны кимдер гана билбейт, ал аз бирок саз жашады. Бешенесине берилген тагдырында,  артына өлбөс өчпөс из калтырды, кийинки муун урпактарга сабак, тарых, өмүрү  өрнөк болуш үчүн. Мына ушул маркум эжекебиздин азгынтай өмүрүндө артына калтырган  улуулугун эскерип, Теңир Тоонун дагы бир чыгаан кызы, аталган региондогу  журналист, очерк жанрынын чыгааны, калемгер,  бир катар сыйлыктардын ээси Бурулсун Дыйканбаева "Өлүм жеңе албаган өлбөстүккө таазим" аттуу эскерүү китебин мындан үч төрт жыл мурда жазса дагы ушул  күнгө  жарыкка чыга элек. Биз мына ушул китептин толук вариантын бөлүп-бөлүп "kasymova.info" парталына жарыялап турууну ылайыктадык.

                  Гүлмира Мамбеталиева...Жан дүйнөм кудум улуу тоонун  көчкүсүндөй аласалып, аңтарылып, жанчылды ушул эскерүүнү жазмакка   колума калем кармаганда. Аттиң, түбүң түшкүр дүйнөң ай, жетимишке жете жашаса не-дедим каңырыгым түтөй, оор улутунуп...

       Арийне, бу дүйнө, бу жашоо, бу өмүр дегениң бүгүн толсо жаркырап жанып, эртең бөксөрүп, бүлбүлдөп өчүп, акыры  ак-кара болуп аралашып айтор өз  өкүмүнөн кайтпаган катаал  нерсе белем. Жараткандан ар пенденин  бешенесине  чийилген  бу жазмыш дегениң  эч кимге баш ийбеген, не бир кысталыш кыйын кезеңде да  мизинен кылт этип тайып койбогон,  алтүгүл  ашынган акыл-эске да багынбаган катаалдыгы менен  аргасыздан баш ийдирет белем.

        өзүнүн таңкалаарлык, болжоп-болбостугу менен да   ар пендесин  айтып түгөткүс  түркүн сыноолорго кабылтып, эркин сынайт белем. Аттиң,  Алланын маңдайына буюрган алтымыш бир жашын гана жашап,  түбөлүк жайына  эртелеп кетип калбаганда  эли-журтуна  далай жакшылыктарды жасабайт беле    эл кызы, теңиртоолуктардын туу тутаар жылдызы, сыймыгы, бейиши болгур Гүлмира Сулаймановна.

      Мындан төрт  жыл мурда   уктум   алиги аты суук, каран калгыр   кайткыс дартка  кабылганын.  Жүрөгүм “селт” дей түштү, уккан кулагыма ишенбедим саамга дендароо боло. Балким  илдети   андай эместир, жаңылыш болуп жүрбөсүн?.

        Непаада  эгер укканым чын болсо   анда  байманабы ташыган,  медицинадагы таңкалаарлык ачылыштары, табылгалары  менен дүйнөгө таанылган  чет өлкөлөрдөгү атагы таш жарган окумуштуу дарыгерлердин шыпаасы тийип калаар. өмүр учугу уланаар. Ылайым ушундай болсо экен. өзүмдү-өзүм ушинтип соороттум.  Айыгып кетсе экен. Эстеген сайын негедир жүрөгүм түпөйүл тартып, жүрдүм кыжаалаттанып...

 Өмүрү көркөм, көңүлү жалын, жайдары ак дил, жылдыздуу ажарынан берекелүү ак пейилдик, ак көрпө жайылдык төгүлүп турган мен терең урматтап, сыйлаган Гүлмира Сулаймановнага акыркы жолу 2015-жылдын  18-майында кездештим. Атасынын бир тууган карындашы, студент кезинде колуна келип, таалимин алып, өзү бир кезде айткандай  экинчи энесиндей болуп калган  кыргыздын алгачкы этнограф окумуштуу  кызы, ысмы Нарын облустук  мамлекеттик тарыхый этнографиялык музейге  коюлган Какен Мамбеталиеванын  80 жылдыгына арналган эскерүү кечесине келиптир.

        Музейдин эшигинин алдында тааныштары менен сүйлөшүп туруптур.  Баягы көзгө толумдуу,  келишимдүү келбетинен кетип,  ак жуумал жүзү ого бетер кубарыңкы тартып, өңүнөн азып,  арыктай түшүптүр.

       Адатынча акырын-аста, сылык-сыпаа сүйлөп, ал-жай сурашып, жылуу учураштык. Дале мурдагысындай токтоо, калбээт мүнөзүнөн жазбай... Ичим сыйрыла түштү,  аттиң, аты суук дартка  кабылыптыр дегени  чын белем. Көңүлүм чөгө түштү.

       Чет өлкөлөрдө дарыланып жүргөнүн уккамын. Балким  азаптуу  оорунун дабаасына берилген күчтүү дары-дармектерди, химия-терапияларды көтөрө албай кыйналып жаткандыр. “Ооруну батмандап берип, мыскалдап чыгарат”-дейт, бара-бара шыпаасын берип, акырындык менен айыгып кетээр,-дедим өзүмдү-өзүм жубатып...  

    Көрсө  мен үчүн урматы улук, кадыры бийик Гүлмира Сулаймановнага ошондо бу  жалган дүйнөдө  акыркы жолу   жолу  кездешип, акыркы  жолу сүйлөшүптүрмүн.

Эскерүү кечесиндеги ошол жолугушуудан арадан бир жума өтүп-өтпөй Нарын шаарындагы  Мамед Мырзабеков атындагы  № 87 кесипчилик-лицейинин деректири Турсун Кочкорбаева телефон чалып,  мындай деди:

         -Мен сага Гүлмира Сулаймановнанын аманатын айтып коёюн. Эгер ылайык көрүшсө  “Теңир Тоо айымдары” Конгрессинин  Нарын облусунун Ардактуу айымы деген сыйлыгын тапшырып   коюшпайбы деген өтүнүчүн айтты эле. Баягүнү музейдеги  эскерүү кечесинде  Анарага (музейдин деректири  Сабитованы айтып жатат )  тапшырбадыңар беле.

      -0оба, ооба,  өзүбүздүн  деле оюбузда бар эле,-дедим ары таңгалганымды, ары кубанганымды жашыра албай  шашыла сүйлөп.-Гүлмира Сулаймановнанын биздин сыйлыкты жактырып, ак элечекчен эненин  колуна көгүчкөн кармаган сүрөтү түшүрүлгөн жалтыраган медалды тагынышы Конгресстин сыймыгы эмеспи. Кудай буюрса жакын арада  беребиз.  Көп узабай  мындай аманатын  мага “Нарын-Дордой-Плаза” соода комплексинин башчысы Мырзабүбү Жакыпова да айтты.

Көңүлүмдү удургуткан түркүн ойлордун туткунунда калдым ошондо.   Атак менен даңктын, урмат менен сыйдын ээси, Мустафа Кемаль (Ататүрк) Эл аралык илимий жана  маданий кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты, Ардак грамотасынын жана алтын медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Маданиятынын мыкты кызматкери, “Жыл тандоосу-2005” конкурсунун Жылдын мецанаты номинациясынын лауреаты, Нарын облусунун, Нарын шаарынын, Нарын жана Ат-Башы райондорунун Ардактуу атуулу, “ийне менен кудук казган” белгилүү окумуштуу неге облустук Конгресстин  ушул сыйлыгына кызыгып, эки бирдей жакын санаалаштарынан айттырды экен?

      Сезими сергек жан эле, а балким өзүнүн өтөлгөлүү өмүр казынасынын күн санап чекесинен кертилип, кемип баратканын туюп,  пендечилик кылып  мурда байкалбаган майда деп маани бербеген, аңдап-туя билбеген  кымындай нерселерди да көз жаздымда калтырбай  жүрөк түпкүрүнө түнөтүп жүргөндүр...

      Киндик каны таамп, кири жуулган улуу  дайранын койнундагы  Ата конушунун топурагы алтын, түтүнү да жыттуу туюлуп, айтор баардыгы, баардыгы, баардыгы көзүнө  жакшы көрүнүп,  оор илдеттен улам алсызданып бараткан муштумдай жүрөгүнө жылуулук уялаткандан улам биздин сыйлыкка куштарлангандыр. Ким билет, а балким акылгөйлөр, дили таза, пейли кенендер, ой-туюму күчтүүлөр   дал ушундай карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү  менен  улуудур, ушундан улам ар кимдин көңүлүнөн түнөк таап,   урматына арзып,  ар кимге буйра бербеген  жакшы   деген асылдыкты аздектешээр.

БУРУЛСУН ДЫЙКАНБАЕВА. журналист.  Нарын шаары.               

(Уландысы бар)