ЭВФ Кыргызстанга дагы 121,1 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда

ЭВФ  Кыргызстанга дагы 121,1 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда

 

Эл аралык Валюта Фондунун Аткаруу кеңеши, COYID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн, Кыргызстанга ыкчам каржылоо максатында  121,1 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүнү пландаштырышууда.. Бул тууралуу ЭВФтин Кыргызстандагы кеңсесинен кабарлашты.

Маалымат катары йта кетсек, бул ЭВФтин республикага берилген экинчи тез жардам насыясы. ЭВФтин чукул жардамы төлөм насыяларын  каржылоого,  жана донордук жардамды мобилизациялоого көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Кризистен чыгуу үчүн берилген бул  каражаттарды натыйжалуу сарптоону камсыз кылуу үчүн бийликтегилер мамлекеттик сатып алуулардын эрежелерин күчөтүүгө милдеттеништи.Ылдамдаткан каржылоо инструменти (РФИ) алкагында Кыргызстан 80,7 миллион доллар алат, ал эми Ыкчам кредиттик механизмдин (РКФ) алкагында - 40,4 миллион доллар алат. Бул каражаттар COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан төлөмдөрдүн тез сальдосун каржылоого жумшалат. Март айынын аягында ЭВФ республикага 120,9 миллион доллар бөлгөн. Андан кийин, 2020-жылдын 6-апрелинде, РФФ тарабынан берилген “экзогендик таасирлер терезеси” астында каржылануучу жылдык каржылоонун суммасын ЭВФтин квотасынан 100 пайызга чейин көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган.Бул кошумча каражаттын эсебинен, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга берилген насыянын жалпы суммасы 242 миллион долларды түзөт.«COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасына олуттуу сокку урду, бул төлөм балансынын шашылыш муктаждыгын күчөттү. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн бардык тармактар ​​олуттуу кыйынчылыктарга туш болушту.  ЭВФтин тездетилген каржылоо жана тездетилген насыялык механизм аркылуу тез жардамы ден-соолукту жана экономикалык зыянды каржылоого, ишенимди бекемдөөгө жана донордук колдоону мобилизациялоого жардам берет деп ишенем”, - деди., ЭВФтин башкаруучу директорунун орун басары Тао Чжан.

Бөлүнгөн каражаттарды саламаттыкты сактоо тармагында же экономикадагы COVID-19 кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга жумшоо ниетин кубаттайбыз. Бийлик  саламаттык сактоонун өзгөчө кырдаалдарынын планын жана ден-соолукка келтирилген зыянды жоюу боюнча экономикалык иш-аракеттердин баштапкы планын, ошондой эле алдыда боло турган экинчи, чоңураак иш-чараларды кубаттайбыз ", - деп жыйынтыктады  сөзүн Тао Чжан.

Белгиленгендей, кризистен чыгуу үчүн берилген каражаттарды натыйжалуу сарптоону камсыз кылуу үчүн, өлкө бийлиги келишимге жетишкен компаниялардын жана алардын бенефициардык ээсинин (ээлеринин) аты менен кошо, жеткирүүнү тастыктаган документтерди жарыялоо аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын эрежелерин бекемдемекчи.