Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат

Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат

Кайсы бир элдин "Эки тыйының болсо, бир тыйынына нан, экинчи тыйынына гүл сатып ал. Нан жашооңо кубат берсе, гүл жан дүйнөңө кубаныч тартуулайт" деген накыл кеби бар. Көздүн жоосун алган сонун гүлдөрдү өстүрүү адамга эстетикалык ырахат гана тартуулабастан, айрым айымдар үчүн киреше алып келүүчү булак болуп саналат. Соңку убактарда гүл сатуу менен алектенгендердин арбып баратканы дагы кубандырат.

Аялзатын бекеринен гүлгө салыштырбайт. Анан көбүнчө гүлгө кызыгып, аны багып өстүргөн дагы аялзаты. Гүл сүйгөн айымдардын баары мыкты, жашоону сүйгөн, позитивдүү кожойкелер. Гүлдү сүйүп, мээрим төгүп, анын ар бир жалбырагы, гүлү чыккан сайын сүйүнүп, бир курт түшүп калса да, бир жалбырагы саргара түшсө да, ага кейип, дарылап, бар түйшүгүнө чыдап, кайсы бир гүлдү жакшы көрүп калсаң, ага жетмейин болгон жерден издеп, ага жеткенден кийин "өх" деп, өзүнчө бир бактылуу болуп жашоонун өзү кандай ырахат. Гүлдөр аны сүйгөн айымдарга азыркыдай кыйын мезгилдерде жардамга келишет, кайгы-кападан, стресстен арылтышат. Балким, жогорудагы накыл кеп дагы ушундан улам айтылган чыгар. Неси болсо да, гүлдү экинчи планга калтырып койбогонубуз дурус, ал тартуулаган жан дүйнө кубанычы баарыбызга насип болсун...

Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын тургуну Асел Султанова көп жылдан бери гүл өстүрүп келет. Үйүндө гүлдүн 50дөн ашык түрү бар. Айтымында, гүлдөрдүн түрлөрүн Кытайдан, Ташкенттен, Европа өлкөлөрүнөн алдырат. Ал ошондой эле, гүлдөрдү сатып, киреше дагы табат. Асел өстүргөн гүлдөрүн 400 сомдон 5000 сомго чейин баалайт. Айрым гүлдөр өстүрүүдө көп убаракерчиликти жана убакытты талап кылгандыктан, кымбатыраак бааланат.

Асел сыяктуу эле Ат-Башы районунун тургуну Айнура Жумалиева дагы гүл чебери. Анын үйүндө дагы жүздөгөн гүлдөрдүн түрлөрү бар. Ай сайын элеттик мерчем менен алганда гүл сатуудан кабелтең киреше табат. Айымдардан үлгү алып, алардын жолун жолдогон кыз-келиндер дагы жыл сайын көбөйүүдө. Гүл сүйүүчүлөр социалдык тармактарда өз тайпаларын ачып, гүлдөрүн сатыкка коюп, алмашып, анан албетте, гүл өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшүп турушат. Мындай группалар айрыкча ватсап тармагында ого эле көп. Андыктан, гүл бизнеси менен алектенген айымдар атайын базарларга чыгып же гүл дүкөндөрүн ачып, убара болушпастан, интернет айдыңында каалаган учурунда иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Гүл сатуу менен алектенген айымдардын айтымында, биздин облустун шартында ай сайын 20-30 миң сомго чейин, ал тургай андан да көп киреше табуу мүмкүн. Бөлмө гүлдөрүнөн тышкары, короодо,  там аркаларына дагы көз жоосун алган гүлдөр өстүрүлүп, жаз алды менен сатыкка коюла башта  йт.  

Ырас, кандай иш болбосун, анын көзүн табыш керек. Бизнестин башка түрлөрүнө караганда гүл өстүрүп сатуу жеңилирээк. Андай болсо дагы, бир катар кыйынчылыктар жаралбай койбойт. Эң башкысы гүлдү сүйүп, кам көрө билүү маанилүү. Дүйнө жүзүндө гүлдөрдүн миңдеген түрлөрү, сорттору кездешет. Алардын бири жеңил топуракты жакшы көрсө, дагы бирине тоонун топурагы, кум же торф аралашкан топурак жагышы мүмкүн. Кайсы бир ысыкты сүйсө, башкасы салкын жерде деле өзүн жакшы сезет. Айрымдарына нымдуулук жакпайт, тамырлары чирип, өлүп калышы ыктымал. Дагы бири жылуулукту жакшы көрөт. Анан калса, бөлмө өсүмдүктөрүнүн ар кандай илдеттери менен өз убагында күрөшүп, дарылап туруу абзел. Жай өскөн же тескерисинче тез өскөн гүлдөр бар. Бирок, мунун баарын кардарлардын айрымдары түшүнө беришпейт. Анын үстүнө гүлдү канчалык жакшы көрүшкөнү менен сатып алууга чама-чарктары дагы жете бербейт. Дагы бир эске алуучу жагдай, гүл бизнесинде дагы алып сатарлар, ортомчулар бар. Көбүнчө сырттан келген гүлдөрдү арзаныраак алып, аларга үстөк баа кошуп сатышат. Көп жылдардан бери гүл баккандардын кээ бирлери гүлдөрдү жергиликтүү шартка адаптациялап, көбөйтүп анан сатыкка чыгарышат.

“Сатылып алынган гүл жакшы өспөйт, а тургай өлүп дагы калат” деген кардалар көп. Бул кептин чындыгы бар. Импорт гүлдөр же күнөсканада өстүрүлгөн гүлдөр жаңы шартка оңой менен көнбөйт. Экинчи жагынан аларды гүлдөтүп, товардык көрүнүшүн жакшыртуучу витаминдер топурагына кошулуп коюлат. Топурактагы витаминдер же ар кандай кошулмалар мөөнөтүнөн өткөндө ал өлүмгө учурайт. Мунун сырын билбеген адамдар же акчадан жок, же гүлдөн жок калган учурлар дагы жок эмес. Мисалы, кардар Голландиядан алынып келинген ондон ашык гүлдү К. аттуу айымдан 11 500 сомго сатып алган. Бирок, гүлдөр жарым айга жетпей соолуп баштаганда сатуучуга телефон чалып, жооп ала алган эмес. Кардарга гүл тайпасынан кадыресе кеңештерди беришип, кайсы бир деңгээлде гүлдөрүн сактай алды. Бул окуя гүл саткандардын арасында абийирсиз сатуучулардын дагы кездеше тургандыгына күбө. Албетте, жогоркудай учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги жөнүндө кесипкөй гүлчүлөр кеңеш бере алышат.     

Биринен бири кооз, биринен бири өзүнө тартып турган түмөн түркүн гүлдөрдүн баарысын өстүрүүгө шарт болбосо дагы, жергиликтүү гүл сүйүүчүлөр бөлмөнү кооздогон тропикалык, модадагы өсүмдүктөрдү багууга куштар. Апаларыбыз дайым өстүрүп келген герандын деле бир канча түрлөрү кийинки убактарда кайрадан кадыр-барк таап, үйлөрүбүздөн орун алып баштады. Гүлдөрдүн эстетикалык кооздугунан тышкары дагы алардын жашоочуларга тийгизген таасири, энергетикасы, бөлмөнү тазалоочу касиеттерине дагы көп көңүл бурулат. Айрыкча, үйлөрдү салууда, жасалгалоодо абаны булгаган, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган, табигый эмес материалдарды пайдаланууда бул айрыкча маанилүү. Мисалы, бөлмөнү тазалоочу гүлдөргө кирген алоэ, хлорофитум, фикус сыяктуу гүлдөр эч убакта актуалдуулугун жоготпойт. Булардын ар биринин бир канча түрлөрүн коллекциялап өстүргөндөр аз эмес. Азыркы тапта үйгө байлык менен киреше алып келүүчү, мекен жайы алыскы Бразилия болгон бугенвиллия гүлү, жүрөк жалбырактуу роза принцессасы деп аталган филодендрон, тропикалык алоказия, ала жалбырактуу монстера, ала жалбырактуу дайыма гүлдөп туруучу бегония, эл оозунда кайненин тили деп аталган сансевьерия, жалбырактары гитарага окшогон лира фикусу  жана башка гүлдөр айрыкча популярдуу болууда.

Кыскасы, гүл тууралуу айта берсе кеп учугу түгөнбөйт. Жүрөккө кубаныч тартуулаган гүлдөр дайыма бизди коштоп жүрсүн...

Гүлзада Турдалиева журналист. Нарын шаары.

kasymova.info