Ичкиликке көз каранды адамдардын канынын группасы көбүнчө экинчи экенин окмуштуулар изилдешти.

Ичкиликке көз каранды адамдардын канынын  группасы  көбүнчө экинчи экенин  окмуштуулар изилдешти.

Америкалык окумуштуулар алкоголдун канын группасын  "алсыз" деп атады.
Америка Кошмо Штаттарынын окумуштуулары адамдын канынын группасы ден-соолукка, психикалык абалына жана алкоголго көз карандылыкка кандай таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу кечээ, 9-июнда "Rambler" изилдөөгө шилтеме берүү менен билдирди.


Адистер АКШ жана Япониядан аракечтиктен жапа чеккен адамдардын арасында изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада, эксперттер алкогольго көз каранды адамдардын көпчүлүгү экинчи  группадагы кан тобуна ээ деген жыйынтыкка келишти.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул бөйрөк үстүндөгү бездердин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болушу мүмкүн, ошондуктан адам кандагы глюкозанын жетишсиз деңгээлин сезип, алкоголь жетишсиздигин аң-сезимдүү деңгээлде толтурууга аракет кылат.

Аракечтиктин дагы бир себеби стресс болушу мүмкүн.Изилдөөлөрдө айтылгандай, экинчи группадагы кан тобундагы  адамдарга денедеги холестерол плиталарын эритүү жана ичеги-карын трактыларынын сапатын сактоо үчүн  орточо дозада ичүү сунуш кылынган.

Окумуштуулар алкоголдук ичимдиктерге эң туруктуу деп,- каны биринчи  группадагы адамдарды белгилешти.

Апрелде британ окумуштуулары 40 жаштан ашкан адамдар алкоголдук ичимдиктерди такай ичишсе, тынчсыздануу жана депрессияга жана ден-соолукка байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр болорун айтышкан.

Адистер спирт ичимдиктерин сатуунун жашын 21 жашка чейин көтөрүү идеясын айтышты.