Илдеттин кескин жогорулашынан улам тез жардам машиналары иштен чыгып калууда

Илдеттин кескин жогорулашынан улам тез жардам машиналары  иштен чыгып калууда

Абал курчуп, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүүдө, андыктан  саламаттык сактоо министрлиги  тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылууда.

 Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз,бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек, максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш,- деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.
Ошондой эле мобилдик топтордо кырдаал чыңалгандыгын белгиледи. Республика боюнча 649 тез жардам машинасы бар. Бишкекте  нормативдер боюнча 106 талап кылынат, бирок алардын саны 38. Эки тез жардам акыркы жумада жол кырсыгынан улам бузулган.