Карысы бардын ырысы бар.(балдар үчүн жомок)

Карысы бардын ырысы бар.(балдар үчүн жомок)

Качандыр  бир  замандарда   жер  үсүндө  бир  залим  хан  жашаган   экен.  Мына  ошол   залим  хандын  айтканы  өмүру  эки  болбой,   жаалынан   анын  атын  уккан   бешиктеги  бала  тып  сооронучу  экен.  Мына  ошол  залим  хан  бир  күнү  жигиттери  менен  сейилдеп  келе  жатып  капысынан   жол  боюунан   бели  абыдан  бүкүрөйгөн  карылыгынан  кебетеси  кеткен  бир  карыяны  көрөт  да   менин  хандыгымдын  ырай  бешенесин  бузуп  жатат,  карыларды  өлтүрүү  керек  экен  буйрук  чыгарып,  карылардын  баарынын  башын  алдыра  берет.  Мына  ошондо   100  жаштагы   атасы  бар  бир  жигит   атасын  өлүмгө  кыйбай,  атасынын  бою  менен  тең   сандык  жасатып,   ага  атасын   салып   коюп,  эч  кимге  көрсөтпөй  бага  баштайт.  Ошондой  бир  күндөрдө   жер  үстүндө   алаамат  башталат.  Эч  ким   мурда  кийин  билип  көрбөгөн   бир  желмогуз  үйүн  үйдөй  адамын   адамдай  жутуп  баштайт. Буга  эч  кимдин    алы  келбей  элдин  эси  эки  болот.  Жанынын  аргасын  таппаган   баягы  залим  хан  элин  көчүрүп,   желмогуздан  кутулуунун  амалын ойлойт.  Күндөп  түндөп  жүрүп  олтурган  эл,  бир  кагыраган  эле  чөлгө  токтошот.  Баягы   жигит    атасы   салынган  сандыкты  төөдөн  түшүрүп,   тамактандырат.  Ошондо  атасы  -ээ  балам  эмне  эле  аламанга  түшүп,  шаша  буша  жөнөй  бердиңер,- дейт  баласына.  Анда  баласы   эч  кимдин  алы  жетпеген  бир  желмогуз  пайда  болду.  Биздин  эл  ошондон  качып  көчүп  жөнөдүк.  Аны  эч  ким  токтото  алуучудан  эмес,  эми  канча  убакытка  дагы  эл  жерибизден  сүрүлөөүбүздү  билбейбиз,-  деп  жооп  берет.  Анда  карыя,   -жалгыз  көздүү  желмогуз  деген  ошол,  ал  адамдардын  баарын  тукум  курут  кылмайынча   токтобойт,  ошондуктан  аны  алдынан  тосуп  туруп  гана  өлтүрүү  керек.  -Ага  эч  кимдин  алы  жетпей  жатат  го,-  дейт  баласы.  Анда  тиги  карыя,-  анын  жалгыз  көзү   эң  алыстагыны  да  көрөт, бирок  күн   батканча  көзү  күндөн  чагылышып   күндүзү  анча  жакшы  көрө  албайт,  ал  эми   түнкүсүн  көзүнөн  от   чагылып  абыдан  сонун  көрөт,  ошондуктан  аны   күндүзү   алдынан  тосуп  чыгып  кана  көзгө   атуу  керек. Эгерде   башка жерине  атсаң  ал  өлбөйт,  көзүнө  ата  албасаң   ал  сени  элиңди,  жанагы  карыларын  өлтүрүп  жаткан  залим  ханды  да  жеп  салат,-  деп  айтат  карыя.  Анан  да  минтип  кошумчалайт.  –Аны  сен   гана  атып  өлтүрүшүң  керек,  көпчүлүгү  анын  сүрүнөн  коркуп  эле,  жаа  тарта  албайт,   жаныңа  адам   кошуп   алсаң  ага  алаксып  жатып,   жааны   жакшы   ата  албай  каласың,- дейт  карыя.   Ошентип  атасынын  берген  кеңеши  менен   тиги   жигит    жалгыз  көздүү  желмогузду  утурлап,   күн чоң  шашке  болгон  ченде  колуна  жаасын   алып,  алдынан  утурлап  жөнөйт.  Жалгыз  көздүү  желмогуз   төрт  аяктап   узун  тили  менен  жер    шыпырып,   элдин  жытын  алып,   эл  качкан  жакка  келе берет.  Мына  ошондо    алдынан  утурлаган   карыянын  баласы   мээлеп  туруп,    аны  жалгыз  көзүнө  атат,   жалгыз  көздүү  желмогуз   ачуу  чаңырат   да,  жер  сүзгулөп  жыгылат,     куйругу   менен  жер   сабап  жатып,  көзүнөн  булак  сындуу   кан  агып,   анан  далайда   барып   жан  берет.  Ошентип  карыянын  уулунун  аты  алайга,  даңкы  далайга  угулат.  Жалгыз  көздүү  желмогуздан  качып  далай  жерге   барган  эл  абыдан    арып- ачкандыктан    чөлдөн  ары  көчүп,  чыга  алышпай  абыдан  кыйналышат.  Элди  айрыкча   суунун   жоктугу    кыйнайт. 100    жаштагы  карыя   баласынан  элдин    ал   ахвалын    күнүгө   сурамжылап  турат.  Баласы  элдин  суудан  абыдан  кыйналып  жатканын    айтат.  Күнүгө   күн  аябай  ысыган  учурда  уйлар   сайгактап  келип   өкүрүп,  жер  чапчып,  бир  жерге  чогулушат.  Мына  ошол жерди  терең  казсаңар  суу  чыгат,  элжин  сообуна  каласың ,-  деп  карыя  баласына  айтат.    Атасынан  мындай  пикирди  уккан   жигит  уйлардын  чогулуп  чапчыган  жерин  каза  башташат ,  канча  бир  метр  казылгандан  кийин   жерден  оргуштаган  суу  чыга  баштайт.  Эли  жыргап   жер  айдап,  отурукташып  жашап  калышат.  Залим  хан  өткөн    азап   тозокторун   унутуп  эл  арасындагы    улам  жашы  өткөндөрүн  кайрадан  башын  алдырып,  бийлигин  жүргүзө  берет.  Оргуштап  чыккан  булак   көлгө  айланып,  залим  хан  тарабынан    элге   дагы  оор  тапшырма  берилет.  Себеби   көлдүн  түбүндө       күмуш   түстүү    жаркыраган  нур  көрүнө  берет,   бул  сырдын  табышмагын    эч  кимиси  билбейт.     Сууга  кирээри  менен   жаркыраган   нур   чачырап  кетип  табылбай  калат.   Эгерде  бул  сырдын  табышмагын  эч  ким     таба    албаса    эң  оор  салыктарды   элге  салаарын    хан    жарыя  кылат .  Муну     уккан   карыя         баласына   -ал  нур    тээ   бийиктеги   асканын  башында   сакталып  турган  алтын  зэрдин  нуру  ал  күнгө  да,  айга  да  чагылышып  андан  түшкөн  нур  көл  түбүнө  түшүп  жатат,     аны  барып  алып  келгенге  көп  убакыт  талап  кылынат,  сен  барып  алып  келип,   элиңди  хандын  салыгынан  куткар,- дейт.  Жигит  атасынын    айтканы  боюнча  далай  күн,  далай  түн   жүрүп,  арып,  ачып    асканын  башына  чыгып  барат  да    элдин  эсин  эки  кылып  табышмакка  айланган  алтын  зерди       алып  түшөт  да,  анын  эч  нерсесине  тийбестен  хан  сарайга  тапшырып,  элди  салыктан  бошотот,  мына  ошондо  хан,- сен   абыдан   акылдуу  жигит  экенсиң,-  дейт.  Анда  жигит  -мен  сизге  бир  нерсе  айтайын,  эгер  сиз  мен   айткан   адамга  өлүм  бербесеңиз,-  дейт.  Анда  хан, -мен  эмнеге  акылдуу  адамдарга  өлүм  беришим  керек,  аны  мен  балким,  кеңешчи  кылып  алмакмын,-  дейт.  Мына  ошондо    жигит,-  менин  100  жашта  атам   бар,  мен  аны  канча   бир   жылдардан  бери   сандыкка  салып   багып  жүрөм, ошол    карыган   атам,   адам  жегич  желмогузду  да   өлтүрткөн,  сууну   чыгарган    да  жана  ушул  алтын  зерди  да  атамдын  акылы,  айткандары    менен  жасадым,-  дейт.   Ошондо    өзүнүн  катачылыгын  сезген  хан,  карыяны  алдырып,  өзүнө    акыл  кеңешчи  кылып  алат.   Ошондон  бери  карай  “карынын  сөзү- акылдын  көзү”,  “карынын  кебин-  капка  сал”,   “карысы  бардын - ырысы  бар”,  “карысы  бар  үй – кадырлуу”,  “карынын  сөзү, акылдын  көзү”-   деген   макал    ылакаптар  дүйнө  кезип  кетет.  Карыянын  кеңеши  менен  көптөгөн  жылдар  бою  ошол  хан   элине  адилеттүү  бийлик  жүргүзгөн  экен.

Токторозо Касым.

kasymova.info