Касиеттүү Ат-Башым, 90 жашың кут болсун

Касиеттүү  Ат-Башым,  90 жашың кут болсун

             Ат-Башы районунун 90 жылдыгына карата

          Кыргыз эл акыны  Шайлообек Дүйшеевдин ата конушуна арнаган: «Кыраандар сүйүп тапкан жер»деген  таамай жазган  ыр  саптары  көңүлүмө  кылт этти, ушул саам киндик каным таамп, кирим жуулган кичи мекеним Ат-Башы районунун  түзүлгөндүгүнүн  90 жылдыгына карата  ушул ой толгоомду жазмакка колума калем кармаганда. Ооба, чыгаан  акындын жүрөгүнөн удургуп чыккан кулактан кирип бойду алган кайрыктар жан дүйнөмдү жаркытып, кандай сөз берметин арнасам деген  жаркын сезимдер көңүл кушун көкөлөттү.

 Кылымдарды карыткан карт тарыхына кайрылмакка бул тууралуу жазылган илимий булактарды, кол жазмаларды барактадым. Урпактан урпакка аңыздалып айтылып келаткан мурда  билип-билбеген  айтып түгөткүс  легендаларды, куйма кулак санжырачылардын куюлуштуруп айткандарына көз жүгүрттүм.  Ат-Башы деп  аталышы тууралуу мындайча баяндалыптыр.

                        Ата башыбы же аттын башыбы ?

Куйма кулак санжырачылар айткан уламышта  илгери, илгери  Кашкардан бир жолоочу жол жүрүп келатып, Арпа жайлоосуна   келгенде  атынын ээр токумун алып,   тоюп алсын деп бош коё берет. Ал күнү өзү да эс алып, эртеси жолго чыгайын десе   курсагы тойгон ат карматпай коёт.  Айласы кетип, артынан жөнөп, чөбү тушарга жеткен  суусу шаркырап  аккан  бир жерге келгенде атын кармап  алып, ачуусу келип, башын кесип, куу жыгачтын  башына илип коюп, кетип калат.  Мына ошондон кийин  ал жер Ат-Башы  аталып калыптыр.

Белгилүү энциклопедист аалым (973-1050) Абу Райхан Беруну  астрономия тууралуу жазган  эмгегиндеги өзү чийген дүйнөнүн картасына  «Атбашы»  деп түшүргөн экен. Ал эми араб геогрфы Ибн-Хордадбек өзүнүн  «Жолдор жана мамлекеттер жөнүндөгү» «Атбашы» шаары бийик тоолордун арасында жайгашкандыгын айткан. Х1 кылымда  жашап өткөн белгилүү   энциклопедист аалым  Махмуд ибн Хусейин ал Кашкари 1072-1077 жылдарда жазылган  «Түрк элдеринин жыйнагы» аттуу китебинде  Ат-Башы жөнүндө  бир нече жолу кайталап жазган. Орто Азиянын 1331-жылы түзүлгөн картасында «Ат-Баши»  өнүккөн шаарлардын картасында белгиленген.   Окумуштуу  Н. А. Аристовдун «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар» деге н көлөмдүү эмгегинде  1373-жылы  Эмир  Темир  Моголстанга жасаган үчүнчү жортуулунда  Ат-Башы шаарын  бийлеп турган  Камр Эддинди  шаардан  кууп  чыгып,  анын кызы Жаңылканга үйлөнүп,  той өткөрүп  кеткендиги  айтылат.   Дегинкиси Ат-Башы шаары 1Х кылымдан  мурда эле кыргыз кагандары тарабынан  курулгандыгы  көптөгөн илимий булактарда, кол жазмаларда  кездешип, ортоңку жана жакынкы  чыгыштын  мусулман авторлору тарабынан фарс, иран, араб тилдеринде жазылып, Атебаши, Атбаш, Атбашы, Атабаш деп  өзгөртүлүп берилген. Изилдөөчүлөрдүн айтымында  Кошой-Коргон чебинин чалдыбары  Атбаштын орду делип айтылат.  Орто кылымдагы авторлор Атбаш деп жазышса моголстандык тарыхчы бул өрөөндө көп болгон   Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп атаган.

            Улуттук баатырлар  Ат-Башынын ар-намысы, сыймыгы

Тарыхый маалыматтарга таянсак өрөөндө эл-жеринин  азаттыгы үчүн башын канжыгага байлап, сырттан басып кирген душмандардын катыгын берип, акылдуулугу, эр жүрөктүгү,  баатырдыгы менен ысмы урпактарга алигиче даңкталып, даңазаланып келаткан  «караңгыда көз тапкан» «капилеттен сөз тапкан» улуттук баатырлар чыккан. Алардын көч башында турган 624-жылы Кашкарда жарык дүйнөгө келип, жигиттик курагы  ал жерде өткөн  Катаган уулу Кошой Кытайдын хандары  кыргыздарды чаап:»Бирин айдап, Эренге, бирин айдап  көз көрбөгөн тереңге» кыргын салганда  душманга каршы чыккан. 41 жашында  Ата-Башы шаарына көчүп келип, Чеч-Дөбөнү жердеп.”Кулаалы кылып куш кылып, курама жыйып журт кылган». Батасы журтту байыткан олуя, кол башчы Кошой хан  Каркырада Көкөтөйдүн ашын башкарып, каңгайлардын ханы Жолой менен күрөшүп, жеңип алып, кыргызга намыс алып берген.  Улуу Манас эпосунда кыргыздар  Алтайдан Ала-Тоого көчүп келээрде  Манас бабабыз Чеч-Дөбөгө келип  Кошой хандын кеңешин уккандыгы,  кыргыздын ыйык туусун көтөрткөндүгү айтылат.

 Манас бабабыздын  оң колу, кол башчы Кытайда туулуп өскөн айлакерлиги, ченемсиз  баатырлыгы менен  «адам-шери» деген  атка  конгон айтылуу  Кожек уулу Алмамбет элден эл кыдырып, жер кезип, акыры  кыргыздарга келип, ашып-ташыган  акылын, баатырдыгын, таңгалаарлык жайчылык өнөрүн кыргыз элин жат душмандардан коргоого арнаган. Алмамбет баатыр   Чоң казатта окко учканда сөөгү «Чеч-Дөбө» мазарына коюлган.    Кыргыздардын  атактуу ханы, мундуз, кушчу черик, моңолдор сыяктуу  жыйырмадай  оң-сол урууларын бириктирип, өзү негиздеген  Моголстан мамлекетин 42 жыл башкарган айтылуу Кулжыгач  уулу Баймурат-Черик  чыгаан аскер башчы катары белгилүү болгон. 1331-жылы Ат-Башы шаары дүйнөлүк картага түшүрүлгөндө мамлекетти ушул Ат-Башы шаарында  туруп башкарган. Кыргыздарга каршы согуш ачып турган баскынчы Аксак Темирге каршы чыгып, салгылашууларда  20 миң атчан аскери менен  анын Ферганадагы аскерлерин  талкалаган. Душмандар аскерлердин  эрдиктерине таңгалышып, «Моголстандын токой арстандары» деп аташкан. 1390-жылдары  ушул душмандар  менен согулуп жатып курман болуп, сөөгү Чеч-Дөбөгө коюлган.

       1800-жылы  Ат-Башы өрөөнүндөгү  Орто-Кайыңдыда туулган черик уруусунан чыккан  улуттук баатыр, мамлекеттик ишмер,  Токтобай уулу Ажыбек  Кокон хандыгынын баскынчыларына каршы күрөшкөн. Кокон ханы тарабынан туткундалганда жан-жөкөрлөрү өлүмдөн сактап калган. 1830-жылдары Ажыбек менен Тайлак баатыр  башчылык кылган кыргыздар Куртка чебин кыйратышат. Акы төлөп, Ат-Башыга  кытайлык  молдо, кожолорду, наабайчыларды алдыртып келип, элди сабаттуулукка  соода-сатыкка  үндөйт.    Кененсары Касым уулунун  кандуу чабуулуна каршы күрөшүүдөгү баатырдыгы үчүн  бириккен кыргыз аскерлеринин башкы кол башчылыгына дайындалган. Ажыбек баатыр  Улуу Жибек соода жолун өзү көзөмөлдөп, кербендерди  тонотпой акы алып,  элин баккан. Каза болгондо ашы Ак-Сайдын «Тармал-Саз» деген  жеринде өткөн.

        Эл-жеринин эркиндиги үчүн мына ушундай эмгектерди жасаган Ажыбек баатырдын 200 жылдык мааракеси  2003-жылы  республикалык деңгээлде  Ат-Башыда өткөрүлүп, Ак-Сайдагы Кароол-Дөбө чек ара заставасына, Бишкек, Нарын жана Ат-Башынын  көчөлөрүнө ысымы ыйгарылган. Баатырдын урпактары  Какшаалда, Улуу-Чатта,  Ак-Чийде, Ат-Башы, Нарында турушат.

Ооба, тарых барактарында  жогоруда баян эткен баатырлардын катарында турган Сазан уулу Калча, Максүт уулу Атамбек, Сазан уулу Эшкулу, Тоймат уулу Турдуке, Сазан уулу Айдарбек, Куттуккожо уулу Бошубек,Самтыр уулу Айтбай, Олжоболот уулу Суруке, Ажыбек уулу Абыласан, Карача уулу Матай, Абадан уулу Жакыпбек,  Кайду уулу Чоко, Калча уулу Жусуп аттуу  дагы көптөгөн  өз заманынын чыгаандарынын,  баатырларынын, хандарынын, даткаларынын  кыргыз элинин эркиндиги үчүн өз өмүрлөрүн беришкендиги даңазаланып  келет.

 Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө өздөрүнүн баа жеткис  эмгегин арнаган  уруунун эмес улуттук баатырларыбыз элибиздин ар-намысы жана сыймыгы. Алардын даңктуу ысымдары  кылымдарды карыта урпактарынын жүрөгүндө түбөлүк жашай берет.

               Улуу Октябрдын аткан таңы

 1918-жылдын  8-апрелинде  Нарын кантонунда  Советтердин  аймактык алгачкы сьездинде  Совет бийлиги орногондугу жарыяланып, Ат-Башы жергесинде  Шаркыратма, Эсенгул  жана Чеч-Дөбө волосттук аткаруу комитеттери,  айылдарда  партиялык,  комсомолдук ячейкалар  айылдык кеңештер  уюштурулуп, калктын сабатсыздыгын  жоюу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Совет бийлигине каршы чыккан бай-манаптарга каршы күрөшүүдө комсомолдор, активдер туруктуулук менен  күрөшкөн.  1927-1933-жылдарда Ат-Башыдан 315 адам, 226 бай-манаптар Сибирге түрмөгө айдалып, “эл душманы” деп аталгандардын үй-бүлөлөрү куугунтукталып, колхоздун мүчөлүгүнө кабыл алынбай балдары мектептен чыгарылган.

 1930-жылдын 1-сентябрында Ат-Башы району уюшулуп, райкомдун биринчи катчылыгына Акматбек Жумабаев, аткаруу комитетинин төрагалыгына Кары Жанузаков  дайындалган  Ал жылы райондо  335 чарба  түзүлүп, жети айылдык Кеңеш уюштурулган. Ошол жылы райондук  маданият үйү ачылып, китепканада  300 китеп фондусу болгон.

Архивдик маалыматтаргаа таянсак райондо  Россия падышачылыгынын жарлыгы менен 1880-1890-жылдарда орус улутунан турган дарыгерлер келип ишттешкен. 1897-жылдын 29-майында алгачкы жолу алты койкалуу оорукана ачылып, кийин “Чеч-Дөбө” волостунун Ат-Башы айлындагы ооруканасы аталган.

 Доор добушу, мезгил жарчысы делген  “Социалисттик мал чарба үчүн” гезитинин 1- саны 1935-жылы  жарыкка чыгып,(Алгачкы редактору  Б. Төлөбаев) андан кийин “Социалисттик жеңиш” “Жеңиш жолу”, “Кошой”, “Ат-Башы жаңылыктары” гезиттери чыгып келген.

               Жоокерлер кан майданда

 Көп улуттуу совет элинин бейкуттугун  бузган  гитлердик баскынчыларга каршы согушта райондон  2631 жоокер аттанып, анын 1483ү кайтпай калган. Душмандарга каршы күрөшүүдөгү жан аябаган таңгалаарлык эрдиктери үчүн 21 жаштагы Дайыр Асанов менен Анварбек Чортеков  Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга ээ болушкан. Көптөгөн жоокерлер биринчи даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланышкан.

  “Баардыгы фронт үчүн” деген ураандын алдында  ооруктагы аялдар, кыз-келиндер, балдар күндүзү орок оруп,  машак  терип, түнкүсүн фронттогу жоокерлерге  кол кап, жүн байпактарды жөнөтүп турушкан.

 Кыргыз +кмөтүнүн”Советтик Кыргызстан” аттуу танк колоннасын түзүп, кан майданга жөнөтүү демилгесин Ат-Башы районунун калайык-калкы жапырт  колдоого алышкан. Баш-Кайыңды жана Жаңы-Күч колхоздорунун мүчөлөрү  А. Ырсалиев менен А. Чагараков  өзгөлөргө өрнөк болоорлук мыкты жардамдары үчүн  Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы жана Эмгектеги каармандыгы үчүн медалы менен сыйланышкан.

                  Бейкут күндөрдүн берекеси артып...

 Ооба, элибиздин “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымагынан, эбейгейсиз эмгегинен жаралган Улуу жеңиштин  кызыл туусу желбиреген алгачкы күндөрдүн тартып, райондун  калайык- калкы   социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө өздөрүнүн чыныгы каарман эмгегин арнашкан. Мал чарбасын өстүрүүдөгү мыкты ийгиликтери  үчүн  Акмат Жаркымбаев, Казакбай Кадыралиев, Асылбүбү Сейитбекова, Жумабек Курманбеков, Орозакун Мамбетакунов  Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланышкан.  Жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу мыкты эмгеги үчүн  Апыш Койчуманов  да  ушул ардактуу  сыйлыкка татыктуу болгон.

 Райондук  саламаттыкты  сактоо, билим берүү, маданаият, өнөр жай, курулуш жана өнөр жай  тармактарында эмгектик жогорку көрсөткүчтөр жаратылган.

 Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарды райондун эли сабырдуулук менен көтөрө билишип, заман агымына жараша  ар ким өз жөндөмүнө, талыкпаган мээнетине жараша эмгектенип келишти. Акыл азыгынан карандай мээнетинен  жаралган ак эмгеги менен  атак-даңкы алыска угулган  бизнесмен олигархтар,  кулча иштеп, байча жашаган  фермерлер, “ити чөп жеп” иши илгерилеген ишкерлер, базар, дүкөн, мебель жасоочу цехтерди ачып, бардар жашагандар четтен чыгат.

 Ооба,  калкын  жоодон коргогон  эл бийлеп, журт баккан  акылман баатырлары, таланты  таш жарган  залкарлары, акылга  бай, кең пейил, меймандос  эли   менен таанылган  Ат-Башымдын өңгөсүн  айтпаганда  да   экологиялык жактан  таза  ак  балынын дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө экспортко чыгарылып жаткандыгынын өзү эле келечектеги  көптөгөн жакшылыктарга үмүт арттырат.

  Эмесе кылым чапчыган 90 жылдык торколуу тоюң кут болсун. Кут уялаган киндик каным таамп, кирим жуулган  кутман жерим, аска-зоосу асман  тиреген   кагылайын  Ат-Башым.  Эл-журтубуздун, жаштарыбыздын пейил, ниетин  аппак кардай  аруулук  уялап, жашообузду жакшылыктардын уюткусу жалгасын.  Жараткан   элибизге Улукмандын жашын, улуулуктун атын жылоолосун.

 Арыба, ак жолуң ачылсын  касиеттүү, алтын чөйчөк,   ажайып кооз  Ат-Башым ...

 Бурулсун Дыйканбаева, журналист. Маданияттын мыкты кызматкери.

 Нарын облусунун Ардактуу атуулу.

kasymova.info