Кайын энем жаш экен, азыр өлбөйт го..

Кайын энем жаш экен, азыр өлбөйт го..

Биздин кат куржунубузга каттар келип турат. Ал келген каттарды окурмандарыбызга жарыялап келебиз. Ал боюнча  психологдордун да пикир сунуштары жарыяланып   турат.Бүгүн биз төмөндөгү Канайымдын катын,эч өзгөртүүсүз анын өтүнүчү менен окурмандардын талкуусуна коймокчубуз.

Кымбаттуу редакция! Ушул катымды сөзсүз жарыялап койсоңуздар. Мен өзүм айылда жашайм. Жакында  таанышымдын кызы турмушка узаган. Ата энеси эл чакырып, кыздын кешик тоюнан ооз тийгизип жатканда  турмушка чыккан кызынын, энесине айткан  сөзү  төбө чачымды тик тургузду. Ал курбум, эч нерсе болбогон немече, - Жазеля телефон чалып-, апа Медердин апасы  55 жашта, жаш эле  экен, жакын арада деле өлбөйт көрүнөт,-деди, деп эч кандай эмоциясы жок кызынын айтканын айтып берди. Балким тойго толкунданып 100 грамм жутуп албаганда айтат беле, айтпайт беле ким билет? Тамагыма  сөөк тыгылгансып, кулактарым зыңылдап,  бир нерсе деп айтканга да алым келбей, ошол  үйдөн араң эле бутумду  шилтеп чыктым. Он ай көтөрүп омуртка сөөгү сыздап, азап тозогуна чыдаган эне, келин келгенде өлүш керекпи, же эркек баланы келин үчүн эле чоңойтобу,- деген кыжаалат ойлор жей берчү болду. Көп жыл чогу  жашап, кайын энеден көп запкы жесе да бир жөн, жаңы келген келиндин айтаар сөзү ушулбу? Жалгыз, жооп таппай башым катат. Кызына тарбия бере албаган  эне сөрөйгө да нааразы болом. Айтайын дейм, бирок айта албайм,кагуу жеп, ызы чуу болоорун жакшы билем. Андыктан жалпы элдик талкууга коюлса балким, айткандар өзүлөрүн көрүп, угуп, оюу жакшы жакка бурулаар деген ойдомун.Кеч болсо  да өзүлөрүнүн катачылыгын сезишээр бекен, деген ой менен сиздердин редакцияга жазып жатам, жарыялап койсоңуздар көптөн-көп суранам. Коомдогу мындай адамдарды  балким, коомчулук өзү тарбиялап алаар деген ойдомун.

Канайым.