Кыргыз чаар тоогу – кыргыз айыл чарбасынын мурасы

Кыргыз чаар тоогу – кыргыз айыл чарбасынын мурасы

Кочкор районундагы «Мирбекнур» коомдук фондунун жетекчиси Алмазбек Раев агробиоартүрдүүлүк жана айылды туруктуу өнүктүрүү жаатында иштейт. Учурда Кыргызстанда жумуртка жана эт багытындагы кыргыз чаар тоогунун көбөйүшүн жандандыруу жана кызыл колтук баканы жана Кочкордун айланасындагы жайылма токойлорду жоголуп кетүү коркунучунан сактап калуу үчүн аракет кылууда. Төмөндө Алмазбек Раев менен маектештик. 

-Чаар тооктун тукумун сактап калууга аракет кылып жатканыңыздын себеби эмнеде? Тооктун бул түркүмүнүн башка тооктордон эмнеси менен айырмаланат?

-Мен 2016-жылы коомдук фонд ачкандан кийин кыргыз чаар тоогун сактап калуу боюнча долбоор жазгам. Бул долбоорду ИСУР коомдук фонду колдоп, ошонун негизинде иштей баштагам. 1991-жылы 250 миң кыргыз чаар тоогу бар болчу. Тилекке каршы, азыркы учурда чаар тоок жоголуу коркунучунда, такыр эле жокко эсе. Себеби, союз тарап кеткенден кийин канаттуулар фабрикалары иштебей калды. Кыргыз чаар тоогу башка тооктор менен аралашып кетти. Анын үстүнө кийинчерээк чет өлкөдөн келген эт багытындагы тоокторго көңүл бурулуп калган.

2017-жылы кыргыз чаар тоогун Кыргызстандын түндүк аймагын кыдырып жүрүп, чогулткам. Кочкор райондорунун айылдарын кыдырдым, базарлардан чогулттум. Эл ичинде кыргыз чаар тоогу боюнча сурамжылоо жүргүзүп чыктым. Сурамжылоодон улам мурдагы совет мезгилиндеги адамдардын гана кыргыз чаар тоогу жөнүндө түшүнүгү болбосо, кийинкилер билбей эле калышыптыр. 60-жылдары чаар тоок К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунда селекциялык негизде чыгарылып, биздин аймактын климаттык шартына ыңгайлаштырылып чыгарылган. Жергиликтүү селекционерлер тажрыйбалык иштеринде нью гемпшир, леггорн жана плимутрок түрлөрүн багышкан. Тажрыйбасы жок куш багуучулар аталган тоок жөнүндө кеп болгондо өңү чаар тоок жөнүндө кеп болуп жатат деп ойлоп калышы мүмкүн. Анткени менен, кыргыз чаар тоогу бир аз башкачараак болот. Анын сырткы келбети – өзгөчө түстө, аны түпкү тукуму – ала-була плимутроктордон мураска алган. Ал СССРдин энциклопедиясына кирген Орто Азиядагы жалгыз порода. Бийик тоолуу климатка, тоютка көнгөн. Эт жана жумуртка багытындагы тоок, бир тоок бир жылда 180-200 даана жумуртка тууйт. Жумуртка багытындагы тооктор 300гө чейин жумуртка беришет, бирок, алардын эти аз. Эт багытындагы тооктор жумуртка бербейт, бирок, эти көп, 4-5 килограммга чейин эт берет. Булар ортодо, мекияны 2 кило 200 граммга чейин, корозу 3 кило 500 граммга чейин эт берет. 1970-жылдары чаар тоок массалык өндүрүшкө чыгарылган. СССРдин энциклопедиясына катталган, жалпы СССР боюнча жалгыз эле кыргыз чаар тоогу катталган. Орто Азия боюнча ушул тоок гана энциклопедияга катталган. Учурда Москва облусундагы Сергиев Поссад шаарында, Подмосковиеде куш фабрикаларында кыргыз чаар тоогунун генефонду сакталып, жайылтылат.

Орустар чаар тоокко кам көрүү жеңил деп баа беришет. Тамдын аркасына же бакчага кое берип жиберип, баккан тооктун эти даамдуу болот. Мен туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча дагы иш-чараларга катышып, чаар тоокту колдо багып, аны тамак-аш катары колдонууга, таза этин жегиле, таза жумурткасын жегиле деп үгүттөйм. Болбосо, азыр кытайдан келген жасалма жумурткаларды жеп атышат, грилди жеп атышат. Ал тооктор салмагын тез чоңойткон биокошулмалар менен азыктандырылат, эти ГМО болуп калат дагы ден соолукка зыян келтирет. 

- Чаар тоокту багуунун шарты кандай? Кардарлар көппү? 

- Жазында, күзүндө тоокторду чарбакта табигый чөйрөдө эркин багам. Жайында тоокканада багабыз. Азыркы кезде 28 чоң тоок жана 65 балапаным бар. 2017-жылы Кочкордо кыргыз чаар тоогун сүйүүчүлөр клубун уюштургам. Алты үй-бүлөгө бештен тоок, бирден короз бергем. Сатып алуучулар абдан көп. Алыскы Баткенден бери кардарлар келишет. Менин максатым кыргыз чаар тоогун көбөйтүү, аны сатып пайда табууну деле көздөбөйм. Баасы базар баасындагыдай эле, 300-350 сомдон. Балапанын инкубатордон дагы чыгарам, тоокту бастырып дагы чыгарам. Балапан чыккандан кийин көбүнчө үндүккө ээрчитем, ал колду көп кармабайт, балапанды ээрчитип багат. Бул үчүн үндүктү даярдап, энелик инстинктин ойготуш үчүн инкубатордон балапан чыкканга чейин он күн калганда астына бышкан жумуртканы салып коем, анткени, бышкан жумуртка сынбайт, үндүк балапан басып жатып, ээрчитип кетет. Тоок негизи онду эле чыгарат, ал балапан чыгарганда жанына кошуп жиберип анан сатышат. Мен тоокту сатуудан түшкөн каражатты тоок багууга жана анын тукумун жаңылоого жумшайм. Россиядан үч линия менен тоокторду алып келүүнү пландаштырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз, карантин бүтүп, жолдор ачылса, алдырып келебиз. Кышында бул жакка арс чычкан - суурдун бир түрү келди, бир түндө эле 30 тоокту, 10 өрдөктү, 3 үндүктү, 5 цесарканы өлтүрүп кетти. Ушул бир аз көйгөй жаратты.

- Туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандай иштерди алып барасыз?

- Мен Слоу Фуд боюнча дагы семинарларды өтөм. Слоу Фуд (англ. slow «жай» жана food «тамак») – тез тамактануу системасына каршы эл аралык кыймыл, Италияда 1986-жылы пайда болгон жана көптөгөн башка өлкөлөргө дагы тараган. 2017-жылдан бери мүчөмүн. Слоу Фуд «таза, чын дилден, даамдуу» азык-түлүктөрдү пайдаланууга чакырат. Эгерде фермер тоокко эч кандай кошулма бербей бакса, эти таза болот, таза болсо, даамдуу болот. 2018-жылы Италияга "Терра Мадра" ("Жер эне") фестивалына барып келгенбиз. Бул жакка 160 мамлекеттен Slow food кыймылынын мүчөлөрү катышат. Быйыл дагы бармакпыз, бирок, карантинге байланыштуу барбай калдык. Биз фаст-фудга, тез татымга каршыбыз. Мисалы, фаршты кандай жол менен алып келип жатышканын уксаңар жүрөгүңө р түшөт. Өлгөн малдын же ар түрдүү малдын этин алып келип, шаурма жасап берип жатышпайбы. Биз натуралдуу, органикалык азыктарга басым жасайбыз. Мен огородума бардыгын өстүрөм. Өз үй-бүлөмө жеткидей картошка, бадыраң, помидор, цуккини, капуста, ашкабак, кызылча, сабиз, алма, карагат, брокколи менен салат жалбырактары, айтор, баары өсөт. Жыйналыштарда өзүңөр тигип, багып жегиле деп дайыма айтам, бир четинен бул чөнтөккө оорчулук келтирбейт, экинчиден, таза, ГМОсу жок продукция болот. Жаштар: “Кыргызстан өнүкпөйт, бардыгы коррупционерлер, баары кетүүнү каалашат”,-деп айтышат. Мен: «Патриотмун, эч жакка кетким келбейт»,- деп жаштар менен талашып-тартышам. Эгер күч-аракет жумшасаң, ток болосуң, жалкоолор ачка калат. Slow food дүйнөлүк философияга үгүттөйт, анда бардык адамдар сапаттуу азык-түлүккө ээ болуп, пайдалуу тамак-ашка ырахаттанышат, ошондой эле, өндүрүүчүлөргө дагы кирешелүү болуп, планетага дагы зыян келтирбейт. Жакында япониядан окумуштуулар келишкен, алар Илимдер Академиясынын адистери менен бирге мен баккан кыргыз чаар тоогунун ар биринин генетикасын аныктоо үчүн анализдерди алышкан. Мен академиктер менен кызматташканга даярмын.

Ошондой эле, Кочкордо Капар Кыдыралиев атындагы мектептин жамааты, окуучулары менен төрт жылдан бери иштешип келе жатам. Быйыл мектепке мультимедиялык борбор ачып, жабдууларды алып бердим. «Нукура кыргыз журналистика мектебинин» мүчөлөрү окуучуларга журналистиканын негиздери боюнча үйрөтүштү. Соцтармактарда баракчаларды ачышты. Долбоордун алкагында эки телефон, компьютер, принтер, флешкалар сатылып алынып, 13 окуучу окутулду.

-Кызыл колтук бака учурда жоголуу коркунучунда экенин угуп жүрөбүз. Ал кызыл китепке дагы киргизилген, кармаган адамдарга айып пул салынат. Сиз ушул кызыл колтук баканы сактап, көбөйтүү аракетин дагы көрүп жаткан экенсиз?

-Бадалдуу токойлорду жана Орто Азия кызыл колтук бакасын сактап калуу боюнча маалымат берүү деген аталыштагы долбоорду азыркы тапта ишке ашырууга кириштим. Кызыл колтук бака дээрлик жок. Быйыл Кочкордо атайын кайтарылган участок бар, аны микрокорук кылып, бак тигип, ал жактагы көлчүктөргө кызыл колтук бакаларды кое берип, көбөйтүүнү пландаштырып жатабыз. Кызыл колтук баканы кайтарылган жерге кое берсе, тез көбөйөт. Бир бака бир сезондо 200дөн 400гө чейин жумуртка таштайт. Мен Кочкор районунун Чекилдек айылынан баштап Семиз-Бел айылына чейин, Орто-Токойду толук кыдырып чыгып, бир гана участоктон таптым. Бака калбаптыр. Адамдар баканын эти дары болгондуктан, аларды көп кармашкан, арыс чычкандардын көбөйүп кетиши дагы бакалардын жоголушуна кошумча себепчи болгон. Кызыл колтук бака менен катар кур бака дагы жоголду. Кыргызстан боюнча 20 экосистема бар. Эгер бир эле жандык жоголсо, экосистема бузула баштайт.

Азыркы убакта микрокоруктун тосмосун даярдап койдук, Кочкор токой чарбасына акчасын которулган, бирок, карантин маалында көчөттөр тигилбей калып, эми күзүндө октябрдын аягында жалбырак түшкөндө тиксе болот дегендиктен, күтүп атабыз. Адистерди, айыл өкмөтүн, экотехинспекцияны, жергиликтүү мектептин администрациясын жана окуучуларды чакырып, алар менен бирге коомдук талкуулоо жүргүзүүнү пландап жатам. Анткени, райондун экосистемасына бул түрдүн маанилүү экендигин калкка жеткирүү керек. Баканын бул түрүн сактоо менен бирге дагы башка маселелер келип чыгат – жайылма токойлорду сактап калуу, чычырканакты, долонону кыюуга тыюу салуу – чынында бака биздин райондун экосистемасынын тазалык индикатору болуп саналат. Бул маселелерди ар бир жашоочу түшүнүүсү жана салым кошуусу зарыл. Азыр социалдык тармактарда кызыл колтук баканы саткандар бар экен, аларды тыйып, айып пул салдыруу керек. 

-Мегиңизге ырахмат.

Маектешкен Гүлзада Турдалиева.