Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев 70 жашта.

    Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев 70 жашта.

«Өз киндигин өзү кесип»,  жетим жүрүп жетилген  теңиртоолук журналисттердин   Шакеси,  айылдаш карындаштары-биздин  Шакен байкебиз Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктардын, 111 жана 11 даражадагы «Манас» ордендеринин ээси Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл акыны  Шайлообек Дүйшеев агабыздын мааракесинин урматына колума калем кармаганымда  өткөн-кеткендер эске түштү.

         Эки уулу  согушка кетип,  кичүүсү Ормонун өлүү-тирүүсү билинбей дайынсыз  кетип, улуусу  Дүйшө аман-эсен кайтып келип, 33 жашында кара сарыктан көз жуумп, жети айлык төрөлүп, колдун башындай болгон    «бир бетеге көкүлү бар,  бети кесик сары баласын»  жетим калтырып, жалган дүйнөдөн  кеткен Канымгүл апа-Карагайчы кемпирдин  уулу  тууралуу  жазгандан  жүрөксүп, сүрдөп, нени айтсам, нени жазсам деп кооптонуп, толгонуп жүрдүм далай күн.

             Көзүнүн  кареги менен тең айланып,  караанынан кагылып багып чоңойткон чоң энеси Канымгүл апанын  көзү өткөндөн кийин  бир үйдө жалгыз калган   он үч жаштагы Шайлообек аганы    биздин айылда-«Ой-Терскенде» жашаган  атасынын бир тууганы  Тукан эже  оокат-жайы менен  көчүрүп келет. Күйөөсү,   кой оозуна чөп албаган, келиндери «момун аке» деп тергеген  Касым  атанын өз балдарынан кем көрбөй  эресеге жеткиргенин мактап калышчу  кошуна-колоңдор.

          Балалыгым менен  мектепте пионервожатый болуп  иштегендегисин  элестете албай калдым. Кийин бой тартып калганымда 10-классты бүткөндө жөлөп-таянаары жоктугунан классташтарына кошулуп,  Фрунзеге окууга барбай калганын, айлык акысынын бир тыйынын да коротпой жашаялмет эжесине берээрин көп узабай  теңтуштары азгырып, Нарындагы  шоопурларды даярдоочу  курска кирип, бирок окубай кетип калганын  эшиттим эле.

              Аскердик милдетин өтөөгө жашы жетип калгандыктан Нарындан ары чыга элек Шакен байке Москванын бир шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп келип, МСОдо курулушта иштеп жүргөндө жөндөмүн байкап калган Ат-Башы райондук  гезиттин редактору Ташен Ассакунов корректорлукка алып, көп узабай  маңыздуу жазган макалаларын  жактырып, кабарчылыкка көтөрөт.  

       Сүрдүү, салабаттуу,  алдынан чыккан адамды көз айнеги менен теше тиктеген  редактор экөөнүн  арасын «кара мышык» аралап  кетип,  кабарчылыктан бошоору менен ойлонбой туруп  ЖБИге (Темир бетон буюмдарын жасоочу завод)  барып бетончу болуп иштей баштайт. Кол алдындагылардай  эмес  куулук-шумдугу жок, коймаарек,  макалаларды ташка тамга баскандай жазган кыйын кабарчысын кетирип ийгенине кыжаалат болгон кыраакы редактор   кайра чакыртып  алат.  «Нарын Правдасына» жиберген ырларына   гезиттин каттар жана кабарчылар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы,  таланттуу акын Жумакан Тынымсеитова мактап кат жиберип, ырларын чыгарганына төбөсү көккө жете кубанат.

               1971-жылы жоюлуп кеткен  Нарын  облусу кайра ордуна келип, жаңыдан ачылган «Нарын правдасынын» жетекчилиги  жер-жерлердеги  «чымындууларды» алардын арасында  аты чыга баштаган атбашылык кыйын кабарчы  Дүйшеевди  да кызматка алышат.  Облустун кабарчысы болгонуна шерденип, чыгармачылык менен иштеп жүргөндө жашы өтүп  баратканын, сөзсүз жогорку билимдүү болуу керектигин ойлоп,  энесинен калган  жалгыз уюн сатып, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика  бөлүмүнө  тапшырып, «кулап»  калат.  Шаабайы сууп, акыркы үмүт менен гезитке чыккан макалаларын көтөрүп алып, ректор Салмоорбек Табышалиевге   кирет.  Ким билет  ошондо ректор баш чайкап койгондо  журналистикадан кол жууп, тагдыры тумандаган тар жолго түшүп  калат беле.   Студенттердин эң улуусу, староста, ырларына жылуу пикирлер айтылып, өзүн кадыресе акын сезип калган Шакен байке «Нарын правдасына» практикага келип жүргөндө  кайра ушу гезиттен иштеп калаары оюна келбесе керек ошондо.

              Аттуу-баштуу республикалык гезиттердин редакторлору кабарчылык түгүл корректорлукка да албай  коюшканына ызаланып, Нарынга келип,  журналистикада сырттан окуган  жазгандары да, кыял-жоруктары  да бири-бирине  окшобогон батирден батирге көчкөн сайын өрүлүктөп бара бергенден тажабаган, «Барматухага» кызып калганда кыжыңдаша кеткен  жаш  кабарчылардын катарын толуктап калат.     «Нарын правдасындагы» баштан өткөргөн кызыктуу окуяларды кийин «Кыргызстан маданиятына»  чыккан «Редактор Мусаев» деген эскерүүсүн окуп,  тээ артта калган  жаштыгыбызды, кыял- жоругубузду  эстеп, толкунданып алганыбыз эсимде.

    Көңүлүмө мындай ой келет.  Непаада  ошол бойдон  Нарында калып калса тагдыры кандай болот эле?. Бирине  тартса бирине жетпеген азыноолак айлыгы менен үй салалбай батирде жүдөп-какап жашап,   алиги атың өчкүр «жинди сууга» азгырылган  алакөөдөк  курдаштарынын көңүлүн кыя албай  баладай баё мүнөзүнүн азабын тартып, көрбөгөнү көр болуп, жараткан ыроологон  көкүрөк көөдөнүндө  кыттай уюп жаткан  орошон акындык таланты ачылбай  катардагы эле кабарчы бойдон калат беле.  Ким билет, балким  көзү өткөнчө жараткандан жалгыз уулунан калган туягынын өмүрүн, багын тилеп  зарлап өткөн Канымгүл эненин-карагайчы кемпирдин муң-зары кудайга жеткендир… 

                  «Аял жакшы эр жакшы» деген накыл кептин калетсиздигин  мен  кара тору,  көздөрү ботонукундай балбылдаган, жибектей созулган   оозунан бейчеки  сөз чыкпаган өмүр шериги Зейнеден улам билем. Касым жездесинин энеси Батма апа   арыктыгын көрүп:» Ээ ботом, муну итирейтип каяктан таап алдың ? шырдак күбүй албай кошо кетчү неме го» деп  жактырбай кейиген Зейне мыктынын мыктысы болуп чыга келди. Шакен байкем таарынбасын,  баарына түттү, көтөрдү, жокко  чыдады. Ким билет, башка бирөө болгондо дембе-дем соргон тамекиси менен калеминен башка эч нерсеси жок, Дүйшеевден кетип деле калмак.  Акылдуу Зейне антпеди, таянаар тоосу, тирөөчү өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү болду.  Агынан уул, кызылынан кыз төрөп, Дүйшеев  деген ат дүңгүрөп,  Эл акыны болуп, атак-даңкы таш жарып турганда да манчыркабады,  баягы мүнөзүнөн жазбады.  

    Кайсы бир гезитке үй-бүлөсү тууралуу берген интервьюсунда:»Эгер Зейне болбосо мен болмок эмесмин» деп агынан жарылганын окуп, чын дилден ыраазы болдум эле. Көрсө ургаачы көтөрүмдүү, сабырдуу болсо  күйөөсүнүн жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгарып, зоболосун бийик тутуп турса бу бак-таалай  дегениң  өзү эле  издеп келет тура.

                Кайыптан  жаралып келген  асыл нарк, кымбат дөөлөт делген   ак жаркын  улуу таланты-кулактан кирип бойду алган  канаттуу ырлары,    асыл ой, көөнөрбөгөн нарк-насилге, эң оболу Ата журтту ак дилден  сүйүүгө арнаган  жан дүйнөнү жаркыткан   таасын  чыгармалары, улуу Манаска кайрылып, «Эки дөөнүн күрөшү» аттуу кереметтүү дастанды  жараткан Шакен байкебизди улуу теңирдин колдогону эмей эмне.

      «Агындылары»  жарыкка чыкканда  төркүндөрүм-ачакайыңдылыктар китепти колдон колго өткөрүп, кезек  күтүп, түнү менен көздөрү кызарганча окуп, эртеси бири-бирине  биздин ата-энебиз тууралуу минтип  жазыптыр, антип жазыптыр  деп  айтаарга кеп таппай сүйүнүп окушканын уккан элем. Мен да бирде каңырыгым түтөп, бирде каткырып ийип,   айылдаштарымдын элеси, кулк-мүнөздөрү  көз алдыма тартылып, балалыктын айылына барып  келгендей таасирленген элем.  Белгилүү адабиятчылар  үч китептен турган “Агындылар” тек гана  Дүйшеевдин  тагдыр таржымалына арналган мемуар эмес,  маани-маңызы терең уникалдуу чыгарма катары баалашкан эле.

    Кудум   Ат-Башынын  касиеттүү  улуу тоолорундай  калбаат, оор- басырыктуу мүнөзү,  улуу сөздүн уңгусун, улууктун дөөлөтүн, нарк-насилин   асыл ойдун кеменгериндей,   батасы журтту  байыткан  акылман Кошой бабабыздай  көтөрө билген   Шайлообек  Дүйшеев   тууралуу   билгенимди азыноолак баян эттим.

   Биз үчүн урматы улук, кадыры бийик  Шайлообек ага жараткан өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө  Улуулуктун атын, Улукмандын жашын жылоолоп,  калдайган калың журтуңуз менен  дөөлөттүү өмүр сүрүшүңүздү тилейбиз.

      Менин  Шакен байкем,  асыл агам…. 

     Бурулсун Дыйканбаева.  Нарын шаары