23- сентябрь. Кыргыз өкмөтүндөгү жаңылыктар

23- сентябрь. Кыргыз өкмөтүндөгү жаңылыктар

Биргелешкен аракеттин негизинде бул оор мезгилден чыга алабыз дейт вице-премьер-министр Эркин Асрандиев:

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы биргелешкен аракеттин негизинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү мезгилинен ийгиликтүү өтө алабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын отурумунда билдирди

«Биз пандемиядан кийин союздаш жана стратегиялык өнөктөштөр менен биринчи жолу эл аралык иш-чара өткөрүп жатабыз. Бүгүн биз эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана маанилүү багыттарын талкуулай алдык. Россия Федерациясынын салтка айланган жардамына жана көңүл бурганына ыраазычылык билдиребиз. Биздин республикага медицина адистерин өз учурунда жибергениңиздерге рахмат айтабыз. COVID-19 оорусунун эң жогорку чегинен чыгуу жана республикабыздагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшы жакка бурууга, ошондой эле алардын практикалык жана консультативдик көмөгү жакшы жардам берди. Медицина илими, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү багытында биздин адистердин ортосундагы өз ара байланыштар мындан ары дагы улантылат деп ишенем», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев былтыр Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого бекем негиз түзгөнүн эске салды. 

«Быйылкы жылга карата чоң үмүттөр жана пландар түзүлгөн, бул 2020-жыл биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы Кайчылаш жыл деп жарыялоо менен далилденди. Бирок коронавирус инфекциясы Кайчылаш жылдын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларга белгилүү бир түзөтүүлөрдү киргизди. Бүгүн биз эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алып, 2021-жылы Кайчылаш жылдын жабылыш аземин өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары жаратылыш газынын баасы дагы талкууланды», - деп белгиледи. 

Вице-премьер-министр белгилегендей, киргизилген карантиндик жана чектөө чаралары эки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы таасирин тийгизди.

«Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле жалпы соода түзүмүндө экинчи орунда турган негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бүгүнкү реалдуулукту эске алуу менен, биргелешкен аракеттер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жандантууга жана өркүндөтүүгө багытталат деп үмүттөнөм», -деп белгилеген вице-премьер-министр, бардык жетишилген келишимдер өз убагында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин кошумчалады.

Жыйындын соңунда Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын 22-отурумунун протоколуна кол коюлду.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү.Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөгө жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү.   «Бүгүнкү күндө кыргыз-орус кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат. Россия  биздин эң негизги соода өнөктөшүбүз болуп саналат жана товар жүгүртүү көлөмү боюнча экинчи орунда турат»,- деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүдө Россия Федерациясынын тажрыйбасын колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.«Кыргыз Республикасы үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча негизги иш-чаралардын бири – санариптештирүү, анын ичинде салык тутумун фискалдаштыруу болуп саналат. Биз учурда аталган системаларды жакшыртуу боюнча көптөгөн программаларды ишке киргизип жатабыз. Россия тарапка атамекендик салык администрация тутумун өркүндөтүү, товарлардын маркировкасы жана байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн акысыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча оң чечими үчүн ыраазычылык билдирем», - деди Кубатбек Боронов. 

Премьер-министр ошондой эле россиялык тарапка Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекциянын күчөгөн маалында ага каршы туруу боюнча гуманитардык жана практикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтери мындан ары карай саламаттык сактоо жаатындагы көптөгөн маселелер боюнча өз-ара аракеттешүүсүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана Бишкектеги Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын кеңешмесинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал россия тараптын Кыргыз Республикасында салык башкаруусун жакшыртуу, товарларды маркировкалоо жана байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында техникалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. 

Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.Жолугушуунун жүрүшүндө өз-ара кызыкчылыктарга жооп берген бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. 

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 22-кеңешмесинин катышуучуларына бир тууган эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугу үчүн Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы аралык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзүүчү бардык маселелер боюнча өз-ара пайдалуу чечимдерге жетишүүнү каалады.  

Республикалык штаб кыргызстандыктарды коомдук жайларда беткап тагынууга чакырды

Адамдар жыш чогулган жерде жарандар милдеттүү түрдө беткап кийүү режимин жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын камсыздоого багытталган башка чараларды сактоосу керек. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда. Дүйнөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен атамекендик саламаттыкты сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына даяр болуусу керек.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдиргендей, тармактык органдар жана жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары жер-жерлерде түшүнүдүрүү иштерин жана адам көп чогулган жайларда, анын ичинде супермаркеттерде, базарларда, соода борборлорунда, коомдук транспортто беткап кийүү режимин кармануу боюнча ишти күчтөндүүрүүсү тийиш. Мындан тышкары, санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчтөндүрүшү керек.

Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлору, супермаркеттер жана көңүл ачуучу жайлар тепловизор жана санитайзерлерди орнотуп, келгендерге беткап кийүүнү талап кылуусу керектигин билдиришти. Облус жана райондук администрациялар жетекчилерине соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус аба аркылуу жугарын жана өтө жугуштуу экендигин эскертип, кыргызстандыктарды ден-соолугуна кам көрүүгө, беткап кийүүгө жана социалдык обочолонууну сактоого жана санитайзерлер менен колдонууга чакырды.

Кеңешменин катышуучулары ошондой эле коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү жана аталган маселе боюнча административдик мүнөздөгү таасир этүү чаралары жаатындагы башка мамлекеттердин тажрыйбасын пайдалануу мүмкүндүгүн талкуулады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков тармактык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүүдөгү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө жана эпидемиологиялык абалды жакшыртуу чаралары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.