Кыргызстан; 1-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 1-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Таажы илдети менен ооругандардын саны айзайгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды.

Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орундук түзүлгөн.

Учурда облус аймагында 6 аймактык оорукана, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар. Облустук медициналык мекемелерде 740 дарыгер, 2 миң 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө.

Облустук жана райондук аймактык оруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган, мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана 4 көчмө рентген аппараты бар.

Баткен облусунда 12 миң 221 окуучу мектеп босогосун аттады. 

“Баткен облусунда быйылкы жаңы окуу жылына 224 мектепте 12 миң 221 окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады. 1-класстын окуучулары толук реалдуу режимде окуп башташты. Ошол эле учурда санитардык талаптарды, аралыкты сактоого өзгөчө маани берилүүдө”, - деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов

Пандемиянын шартында айыл чарба тармагында планды былтыркы жылга салыштырмалуу көп аткарылган.

Пандемиянын шартында болсо да биз айыл чарба тармагында планды былтыркы жылга салыштырмалуу көп аткарууга жетиштик. Бүгүнкү күндө оруп жыйноо иштери аяктоодо. Быйылкы жылы облуста 25778 гектар кылкандуу дан эгиндерин жыйноо керек болсо, азыркы учурда өткөн жылга салыштырмалуу 1117 гектарга көп жыйнадык”, - деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов.

Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды.

Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, дарыгерлер жалпы 112 миң 500 короону кыдырып, 514 миң 541 адам текшерүүдөн өткөн.

Нарын облусунда 1-класстын окуучуларына акысыз медициналык беткап берилди.

Бүгүн 1-сентябрда 142 мектепте 1-класска 6211 бала барган. Балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Нарын облусунун 1-классынын окуучуларына класстык сааттар өтүлүп, аралыкка жана санитардык эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Бул үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. 1-класстын окуучуларына медициналык беткап бекер таратылды. Ошондой эле, 1-класстардын 282 мугалими коронавирус инфекциясы боюнча медициналык текшерүүдөн өттү.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар.

Бишкек - 13
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу - 7
Талас облусу - 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 14

Баткен облусу - 16

Бардыгы болуп бир сутка ичинде илдетке кабылгандар 60 адам.
Жалпы: 43958 илдетке  кабылган.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

Бишкек ш. – 1

 Жалпы: 1060 адам илдеттин айынан жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Чүй облусунда – 1

Баткен облусунда – 2

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен м айыгып чыгарылгандардын саны 10 медкызматкерлер.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2483 медкызматкер айыгып чыкты.