Кыргызстан; 13-август.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 13-август.Куш тилиндей кабарлар

Ош облусундагы №59 лицейдин ооруканага кайра профилдештирүүсү 80%-га аткарылды.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80%-га аткарылды. Бүгүнкү күнгө, имараттын жана от жагычуу бөлмөнүн чатырын демонтаждоо иштери, терезе блокторун орнотуусу, тышкы аба жылытуу системасы 100% га аяктап жана от жагуучу эки казан орнотулган. Ошондой эле имараттын чатырынын 30% га жана бөлмөлөрдүн 1, 2, 3-кабаттарында жасалгалоо иштери 80% га аткарылды.  Учурда, ички желдетүү, фасаддын штукатуркасы жана скважиналарды бургулоо боюнча иштер башталды. Объектте 70 адам иштейт.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар 310 адам илдетти жуктуруп алган. Алар төмөндөгүчө;

Бишкек - 99
Ош – 16
Чүй облусу – 15
Ош облусу - 35
Талас облусу – 9
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 55
Жалал-Абад облусу – 54
Баткен облусу - 19
Жалпы: 41069 илдетке кабылды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 1
Баткен облусу – 1
Ош облусу – 1

Бардыгы болуп бир сутка ичинде:  3 адам жарык дүйнө менен  кош айтышты.

Жалпы: республика боюнча 1487  каза болду.

Азыркы учурда, лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда.

Азыркы учурда, лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда.  Ошол эле учурда, репродуктивдик сан деген бар.  Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт.  Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү:

13177  адам же оорулуулардын 36,3 %ы - симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми, жеңил түру менен 10781 – 29,7%  адам ооруган.  Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41069 адамды түздү. Эл арасында, бул  чыныгы статистикага туура келбейт  деген маалыматтар бар.  Эгерде биз, расмий маалматтан сытркары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок  болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде оорулуулар айыгып чыкты десек болот, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келүүдө.

Коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келүүдө. Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат, - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы Эльмира Абжапарова.

Ошондой эле, жарандарга жардам катары насыянын пайыздык чени 1%дуу пунктка азайтылган. Пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык 8-10%дан 7-9%га чейин азайды. Андан сырткары, "Жеке турак-жай куруу" механизмине ылайык, пайыздык чендер жылдык 8-12% дан 7-11% га чейин азайды.

КР жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат.

Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында КР Өкмөтү менен ГФРнын Өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык жарандарына ипотекалык насыя берилет, ошонун ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, патенттик негизде иштеп жаткан, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштегендерге, - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова. Анын айтымында, аталган долбоордун ипотекалык насыялары "Кыргызстан", "РСК Банк" жана "Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы" коммерциялык банктары аркылуу жылдык 10% чен боюнча 15 жылдык мөөнөткө берилет. Долбоордун алкагында 153 насыя 158 млн сом берилди.

COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медкызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инфекциянын очогунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштерин уюштуруу Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын базасында жүргүзүлүүдө.  23-июлдан баштап  бүгүнкү күнгө чейин КР ССМнын буйругуна ылайык, ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн. Реабилитациялоого республикадагы  Улуттук борборлордун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун,  биринчи даражадагы кызматкерлер (ҮМБ),  коомдук саламаттык сактоо кызматынын медкызматкерлери жиберилди.

Таажы илдети менен ооругандардын саны айзайгандыгына байланыштуу Кочкор районунда  күндүзгү стационар жабылууда.

Т.Темирова атындагы орто мектептин базасында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында 17 орундуу күндүк стационар ачылган. Таажы илдети менен ооругандардын саны айзайгандыгына байланыштуу, күндүзгү стационар жабылууда. Жалпы 5 ыктыярчы иштеген. Ак-Кыян айыл өкмөтүнүн башчысы оорукананын ыктыярчыларына жана медайымдарына ыраазычылык каттарын тапшырды. Күнүнө орто эсеп менен 10 адам медициналык жардамга кайрылышат. Чалуулардын азайгандыгына байланыштуу оорукана жабылды.

Сибирь жарасынын очогу болуп калган буканын ээсине айып пул салынды.

Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылынын тургуну К.Исакуловго берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бузуулар кодексинин 156 ("Ветеринардык эрежелерди бузуу") жана ага 5500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 25-июлунда 9 адам малды союуга катышкандыгы аныкталды. Эт Тогуз-Булак айылында 23 үй-бүлөгө (214 адам), Талдык айылында - 7 үй бүлөгө (56 адам), Кызыл-Байрак айылында - 1 үй бүлөгө (3 адам), Беш-Мойнокто - 3 үй бүлөгө (12 адам) бөлүштүрүлдү. Жалпысынан 285 адам аныкталган, алардын бардыгы антибиотик профилактикасын алышып, медициналык көзөмөлдө. Аймакта сибирь жарасынын очогун локалдаштыруу жана жоюу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Сибирь жарасынын алдын алуу үчүн калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө.