Кыргызстан; 13-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 13-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Мамлекет инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык талаптардын сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алынышы зарыл.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасынын иши менен таанышты. 

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 702 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт. Жылына төлөөчү салыктын көлөмү 1 млрд сомду түзөт. 

Кубаттуулугу: жылына 1 миллион тонна руда иштет. Учурда алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши жүрүп жатат. Ал ишке берилген соң алтын жана күмүш куймасы чыгарылат. 

Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү:  мышьягы бар кенди кайра иштетет. 

Муну менен катар ишкананын калдык сактоочу жайын куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. 

Премьер-министр мамлекет жана Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаратылышка аяр мамиле кылууну, бардык экологиялык талаптарды сактоону өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи. 

«Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.  Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Тагыраак айтканда,  бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөл боюнча элге маалымат берип туруу шарт. Бул жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.  

Маалымат үчүн айта кетсек, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 %, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 75% үлүшү бар. 

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан.  

Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылында курулуп жаткан мектеп жылдын аягына чейин колдонууга берилет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы № 5 жалпы орто билим берүүчү  мектептин курулуп жаткан жаңы имаратын көрдү.

Орто мектептин эски имараты 1982-жылы 192 окуучуга ылайыкталып курулган. Учурда билим берүү жайы авариялык абалда, ошондой эле элдин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу балдар мектепке батпай жатат. Азыр 473 окуучу билим алууда. 

Жалпы билим берүү мекемесинин жаңы имараты донорлордун каражатынын эсебинен курулууда. Планга ылайык, 2020-жылдын 1-декабрында колдонууга берилет. Долбоор боюнча ашкана, спорт зал, китепкана жана чоң зал каралган. 

Премьер-министр мектептин жаңы имараты колдонууга берилгенде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча программаны ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Өкмөт башчыга билим берүү мекемесинде санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. 

Ы.Чангылов атындагы № 5 орто билим берүү жайында санариптештирүүнүн негизинде электрондук китепкана киргизилген. Интернетке тутуштырылган, компьютердик техникалар жетиштүү. Электрондук күндөлүккө өтүү боюнча даярдык көрүлүүдө.  

Премьер-министр иш сапардын алкагында Аксы районунун Торук айылындагы бала бакчанын дагы курулуш ишин көрдү.

Чек арага чектеш статусу бар Торук айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму  республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Курулуш иштери 100% аяктады. 2020-жылдын 20-сентябрында колдонууга берилет. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. 

«Өкмөт мектеп жашына чейинки балдардын бакчага баруусун камсыз кылуу максатында жаңы имараттарды куруу, башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткендерин кайтарып алуу жана эскилиги жеткендерин оңдоп-түздөө боюнча жигердүү иштеп жатат. Муну менен катар мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары иштелип чыкты. Ошол заман талабына шайкеш келген программа алыскы аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына дагы жеткиликтүү болуш керек», - деди Кубатбек Боронов.  

Белгилей кетсек, 1800 адам жашаган Торук айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Бирок жергиликтүү бийлик чоң үйдү ижарага алып, 50 бала үчүн бакча уюштурган. Ал эми курулуш иши аяктаган мектепке чейинки билим берүү жайынын 75 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. 16 кызматкер иштейт. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ала-Бука аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты​​​​​​​.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын абалы менен таанышты.

Аймактык ооруканда 200 орун бар. Жалпысанан 105 миң жаранды медициналык жактан тейлейт. Ала-Бука районундагы саламаттык сактоо уюму төрт түзүмдүк бөлүмү менен кошо быйыл капиталдык ремонттон өттү. Оңдоп-түздөө иштеринен кийин медициналык жайга борборлоштурулган кычкылтек киргизилди жана ар бир бөлүмгө видеокөзөмөл орнотулду. 

Ала-Бука райондук ооруканасынын материалдык-техникалык базасы жана жабдуулары заманбап талаптарга жооп берет. Анда  өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 2, 56 кычкылтек концентратору, 1 рентген, 3 сипап аппараты бар. Медициналык жайда 6 бөлүм болсо, анын ар биринде бирден интенсивдүү терапия палатасы бар.

«Медицина кызматкерлерине COVID-19га каршы күрөшүүдө, жарандардын өмүрүн сактап калууда күжүрмөндүк көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздердин эмгегиңиздерди  жогору баалайт. Саламаттыкты сактоо уюмдарында мезгилдин талабына жооп берген ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп жатат. Дээрлик бардык аймактардагы ооруканалар капиталдык ремонттон өтүүдө. Ошол эле учурда санариптештирүү саясатына ылайык, «Электрондук саламаттыкты сактоо» тутуму боюнча ишти күчөтүү керек. Бул системанын толук кандуу ишке кириши менен бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт», - деди Кубатбек Боронов.  

Белгилей кетүүчү жагдай, санариптештирүүнүн алкагында Ала-Бука аймактык ооруканасында иш кагаздар электрондук форматка өткөн, бейтаптардын электрондук картасы бирдиктүү базага киргизилген. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов андан соң Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы № 21 кесиптик лицейде ачылган обсервациялык жай менен таанышты. 

Обсервациялык жай 100 орунга ылайыкталган. Бул жерде кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлери 14 күндүк карантин болушту. 

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды.

 КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, республикадагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, жана калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында (РКЖОО) карантиндик режим алынды.
12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.

Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылуу жагы каралууда.

Ошондой эле, №6 Шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды. Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.

12-сентябрь күнү Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал өзөнүндө аюу менен мамалак аткан адам кармалды.

Кызыл-Сай айылынын  тургуну Үйүр-Марал өзөнүнөн аюу жана мамалак атып келе жаткан жеринен кармалган. Ал жаныбарлардын терисин сыйрып, этинин үчтөн бир бөлүгүн алып келе жаткан учурда кармалган.Учурда ал  адам Талас ОИИБинде   кармалып, сурак берүүдө. Ал жаранды текшерүү учурунда унаасынан аюунун 2 башы, эттери жана ок атуучу куралы табылган.Бул туурасында Талас облустук биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин адиси Айнура Алиева билдирди.

Ат-Башы районунун Терек Суу айылында мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды.

Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынын Кер-Зоо өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылыкка чыккандар кайберенди атып, натыйжада укук коргоо кызматкерлерине кармалды. Алардын жанынан , 3 мылтык жана 1 тоо текенин эти алынган ошону менен эле катар  4-5 кайберен жарадар болуп ок жегени белгилүү болгон. Укук коргоо кызматкерлерине    аңчылык кылгандар каршылык да көрсөтүшкөн.. Бул тууралуу  редакцияга Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев билдирди.