Кыргызстан; 14-сентябрь. Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 14-сентябрь. Куш тилиндей кабарлар

 Ысык-Көл районунун Тамга айыл аймагында көл жээгиндеги таштандылар тазаланды.

Бул тууралуу «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун өкүлү Анвар Шамсутдинов билдирди.Анын айтымында, көл жээги жана  көлдүн  түбү штандылардан  тазаланды. Ошондой эле көл түбүнөн  балык кармоочу эски тор  да алынды. Аталган район ар жыл сайын жаз жана куз айларында көл жээгиндеги жана көл түбундөгү таштандыларды алып чыгып тазалоону адатка айландырып алышкан.

Кечээ, Аламүдүн районунун Лебединовка айылында 2 унаа кагышып, 1 адам мерт болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы  кабарлады.

Кырсык айылдын В.Ленин жана М.Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тилкеде  «Лексус RX 300» жана «Хонда Аккорд» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 1  адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып,  тиешелүү оргондын кызматкерлерине  тапшырышты.

 Кочкор жана  Ат-Башы районундагы   мал базарларда малдын баасы кымбат болууда.

Бул тууралуу  мал сатып алууга барган күбөлөр билдиришти. Мурдагы жылдары сентябрь айында малдын баасы түшүп кетип, айылдан келгендер малын арзан сатып жүрүшкөнүн айтышты.Быйылкы жылы малдын баасы кымбат болууда. Бул малчылар жана  айыл эли үчүн жакшы , - дешти алар.Кочкор районундагы мал базар Теңдик айылында, ал эми Ат Башы районундагы мал базар Ат Башыда  жайгашып, ар жуманын ишемби күндөрү иштейт.Мисалга Ат Башы районунда эки жашар букалар 70 миң, ал эми жазындагы тайлар 35-40 минден болсо, жазында туулган козулар 6 миң-7 миңдин тегерегинде  болду.Кунаажындар 55-60 миңдин тегерегинде сатылды.Ушундай эле баа Кочкор районунда да болду.

 Кербен шаарындагы үйдө отун өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ӨКМден кабарлашты.

Өрт  кырсыгы шаардын Гагарин көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн короосунда 10 сотых аянттагы куураган чөп жана 1 куб отун күйүп кетти. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан улам келип чыккан. Ошондой эле Сузак районунун Таш-Булак айылында бастырмада 100 боо чөп күйүп кеткен. Учурда кырсыктын себеби териштирилип  жатат.

Өзгөн районунда Чангет–Калта жолу калыбына келтирилди.

 Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Максыталы Ниязов билдирди.

Чангет айыл өкмөтүнүн тургундары райондун борборунан айыл өкмөттүн борборуна чейин 45 чакырым жол басып келишкен. Аталган айылдыктар Жылалды, Ийри-Суу айыл өкмөттөрү аркылуу  жол басып анан айылдарына келишчү. Учурда  Чангет–Калта жолу калыбына келтирилүүдө. Бул жол пайдаланууга берилсе, жергиликтүүлөр Ийри-Суу айылындагы ашуу аркылуу келбей, кыска жол аркылуу  айылына жол азабын тартпай  келип калышат. 

Үстүбуздөгү жылы  Баткен облусунда 14 км жолго асфальт төшөлдү.

Бул тууралуу облус жетекчилигинин басма сөз кызматынан  кабарлашты.Маалыматка таянсак, быйыл облус боюнча жалпы 18 км жолго асфальт төшөө пландалган. Ички жолдордун курулушуна жана реконструкциялоого жыл башынан бери 70 млн 200 миң сом каражат жумшалды жана асфалттоо жумуштары аягына чыгып калды.