Кыргызстан; 15-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 15-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргыз Республикасы жана Казахстан Республикасы менен үзгүлтүксүз каттамдар жаңыланды

Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын ортосундагы авиациялык бийликтердин келишимдерине ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жаңыланат.
Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү "Эйр Астана" авиакомпаниясы аткарат.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда төмөндөгүчө;

Бишкек – 22
Ош шаары – 3
Чүй облусу – 11
Ош облусу – 7
Талас облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 15
Баткен облусу – 9
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 80 адам илдеттен айыгып чыккан.
Баардыгы 41 103 адам оорудан айыгып чыккан

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар төмөндөгүдөй:

Бишкек - 13

Ош - 3
Чүй облусу – 4
Ош облусу - 9
Талас облусу - 1
Нарын облусу - 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу - 23
Бардыгы болуп бир сутка ичинде  71 адамдан  таажы илдети аныкталган.
Жалпы 44999 адам илдетке кабылган.

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок!

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, ал региондор боюнча  алганда.Баткен облусунда – 2 дарыгерден илдет аныкталды. Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3174 учур катталды, алардын ичинен 2710 медкызматкер айыгып чыкты.

Сасык тумоону алдын алуу үчүн - вакцинация жасалат.

"Боло турган эпидемиялык мезгилди жана коронавирус менен байланышкан пандемияны эске алуу менен, алдыдагы эпидемиялык мезгилде республиканын калкынын арасында сасык тумоонун кабылдоосунун жана өлүмүнүн алдын алуу максатында, Саламаттыкты сактоо министрлиги пландаштырган жана борборлоштурулган иш-чаралардын эсебинен сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган. Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жана бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат", - деп билдирди КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерине жүргүзүлөт.

Вакцинанын экинчи партиясын алуу, 700 миң доза 21-сентябрдан кийин чечилмекчи.

Ал эми вакцинаны алуунун үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин күтүлүүдө, 70 миң доза вакцина алынып келинет. Профилактикалык эмдөө менен камтуу республиканын калкынын 13% түзөт.
ҮМБ, ҮДТ, СПС жана ФАПтын медициналык кызматкерлери тарабынан эмдөө жүргүзүү үчүн, тобокел топко кирген адамдар чакырылат. Эмдөө ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, профилактикалык эмдөө баардыгына  жүргүзүлөт.

COVID-19 божомолдонгон экинчи толкунуна жеке коргонуу каражаттарын, реактивдер, тест-системалар, дарыгерлер - бактериологдор даярдалууда. 

Саламаттыкты сактоо министри С.Абдукаримовдун айтымында, Кыргызстанда коронавирустун божомолдонгон экинчи толкунуна карата иштер жүргүзүлүүдө.
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиясын өз убагында аныктоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын вирусологиялык лабораторияларына реактив жана тест-системаларын сатып алуу үчүн заявкалар даярдалды.
Коомдук саламаттык сактоонун 1500 адисинин очоктордо 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуу каражаттарынын, дезинфекциялык каражаттардын, антисептиктер эсептелип чыгып, бюджет түзүлгөн жана сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө деп билдирди ал.Сасык тумоону жана Covid-19 ПЦР- изилдөө менен диганостикалоо үчүн 15 бактериолог дарыгери окуудан өткөнүн да билдирди.

Медициналык жабдыктарды сатып алууда муктаждыктар жаралууда.

Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримовдун айтымында, жаңы салынып жаткан үч ооруканага жана профилдерин өзгөрткөн 8 ооруканага КР ССМинин дарылоо башкармалыгы тарабынан 61 позициядан турган медициналык жабдыктарга муктаждык бар. Мониторинг жана техникалык баалоонун жыйынтыгында, жалпы суммасы 68 879 686 сомду түзгөн келишим түзүлдү,-деп билдирди ал.
Негизги жабдыктар катары: бардык ооруканаларга эки (121 комплект) жана үч функционалдуу (765 комплект) керебеттер, жалпы 886 комплект болуп эсептелет. Бул комплектке: матрац, керебеттин тумбочкасы, штатив, тамак ичүүгө стол кирет.
Андан сырткары, рентген аппаратын - стационардык жана мобилдик, керебеттин мониторлорун, дефрибиляторлор, электрокардиографтар, УЗИ аппараттары жана башка медициналык жабдыктарды сатып алууга келишим түзүлгөн.
Келишимдер 9 компания менен түзүлгөндүгүн министр  брифинг учурунда белгилеп өттү.