Кыргызстан; 16-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  16-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Ак-Суу районундагы тоолуу Жыргалаңга баруучу жол оңдолду.

Райондогу №11 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бактыбек Мусалимовдун  билдиришинче айылда тоо туризми өнүккөндүктөн келген эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга шарт түзүү максатында  Жыргалаңга  баруучу жолдун 30 чакырымы түздөлүп, жол жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылындагы №1 орто мектептин чатыры жаңыртылууда. 

Аталган  айыл өкмөт башчысы Кемпирбек Эрмековдун айтымында, эскилиги жетип жаан куюлгани  мектептин чатырын алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 580 миӊ сом  каражат бөлүнгөн.Мектептин отказанынын мору дагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120 миӊ сомго жаӊыланууда, - деп билдирди ал.

  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.

Бул тууралуу айыл  башчысы Бакыт Нурматов билдирди.Анын айтымында айылдын элинин саны 4000 адамга жетет.Тилекке каршы буга чейин бир дагы бала бакча салынган эмес.Учурда Арис программасынын негизинде сметалык баасы 17 миллион сомдук  50 орундуу бала бакча салынуунун алдында турат. Аянты болсо 45 сотых жерди ээлейт. Жакынкы аралыкта курулуш иштери башталмакчы дейт ал.

Жер-көчкүлүк Айгерим дилбаян жазуу боюнча облустук сынакта баш байгени жеңип алды.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети окуучулар арасында «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» туурасында дилбаян жазуу боюнча облуста сынак жарыялаган. Сынакка бардыгы болуп  50 окуучу катышып,  башкы орунду Нарын районунун  Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу  Айгерим Асекова жеңип 1-даражадагы диплом жана китептер менен сыйланды.

Жалал Абад шаарында санитардык  талаптарга жооп бербеген 573  обьектиге 91 миң сом айып пул салынды

 Жалал-Абад шаарында ооруу башталгандан тарта санитардык талаптарды сактабаган 573 объектиде атайын рейддер жүргүзулуп натыйжада , 91 миң сом айып пул салынды. Мэриянын алдындагы маалымат борборунун жетекчиси Азамат Жээнбековдун билдиришинче  буга чейин калаадагы базарлар, кафе-ресторан, тез татым жайлар, дүкөндөр  кызмат көрсөтүүчү жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 50 адамдан ашык кишиге той өткөрүп жаткан тойканаларга да байма-бай рейд уюштурулуп  түшундүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ош шаарында таштанды  салуучу  контейнерлер орнотулуп жатат

 Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Контейнерлер шаардын борбордук көчөлөрүнө орнотулат. Учурда  Курманжан датка көчөсүнө 9 контейнер орнотулду.  «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасына 360 даана контейнер алынып келинген.

 Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Кара-Токой айылындагы Буркан Мергенов атындагы орто мектебине жаңы отургучтар алынды.

Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.БУУнун «Балдарды лидерликке тарбиялоо» программасына долбоорунун  негизинде мектептин эски спорт залы оңдолду жана буга  айыл өкмөтү да  колдоо  көрсөткөн. . Натыйжада мектепке 60 окуучуга эсептелинген жумшак орундук, 6 стол, 12 отургуч, 1 трибуна алынды.