Кыргызстан; 18-август.Куш тилиндей кабарлар.

Кыргызстан; 18-август.Куш тилиндей кабарлар.

Нарын облусунда той-мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын саны азайгандыгына карабастан, эпидемиологиялык абал толугу менен турукташкан жок. Ушул себептен үйлөнүү үлпөт тойлорго жана куран окутуу өткөрүүгө тыюу салынат, баш ийбеген жарандарга айып пул салынат.

Бүгүн Нарын облусунун бардык райондорунда, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия эл көп чогулган жерлерде, ашканаларда, кафелерде, ресторандарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Өлкөнүн региондорундагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоого багытталган кепилдиктер берилип жатат.

“Бүгүнкү күндө Кепилдик фонду Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын жана 1-2 антикризистик планды аткаруу боюнча иш алып барып, ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатат. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 98% өлкөнүн региондорундагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоого багытталган. Бүгүнкү күнгө чейин 410 млн сомго 983 кепилдик берилген”, - деп билдирди “Кепилдик фонду” ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров.

Кыргызстандагы 18-августка карата эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болууда.

«Оорунун жаңы учурлары 2020-жылдын 13-июлунан 19-июлуна чейин эң көп катталган. 10-августтан 16-августка чейин өткөн жумага салыштырмалуу -40%га төмөндөө байкалууда», - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаев. Эгерде 3-августтан 9-августка чейин 3012 учур болсо, 10-августтан 16-августка чейин 1814 учур катталган.

«Акыркы жумада тестирлөөдөн өткөн жарандардын арасында ПЧР-анализдери COVID-19 вирусунун бар экенин көрсөткөндөр 4,9%ды түздү. Буга чейин 17 жума бою бул көрсөткүч 23,1%ды көрсөтүп келген», - деп кошумчалады М.Каратаев.

Ал ошондой эле белгилегендей, баалоочу натыйжалуу репродукциялык сан Роспотребнадзордун методикасы жана ДССУнун методикасы боюнча эсептелген, тагыраагы бул изоляцияга алганга чейин 1 оорулуу 1 адамды жугузат эсеби боюнча алынган адамдардын саны. Мисалы, 2020-жылдын 2-июлунда бул көрсөткүч 2 адамды түзсө, 2020-жылдын 16-августунда бул көрсөткүч 0,8 адамды түздү.

Ысык-Көлдө 19 миллион сомго оорукана оңдолууда.

Башкы дарыгер Токтобай Маанаев билдирүүсү боюнча, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүлүп жатат. Оңдоо иштери 1994-жылы кулаган имаратта жүргүзүлүп жатат. Долбоорго ылайык, кошумча 150 койка түзүлөт, 25 орун реанимацияга арналган. Баардыгы ооруканада коронавирус менен ооругандар үчүн 400 койка бар.

Аталган долбоорго республикалык бюджеттен 19 миллион 378 миң сом бөлүнгөн. Оңдоо иштери 50% га аткарылды, сентябрь айында бүтөт.

Чечме айылынын тургундары жаңы мектепке муктаж.

Кадамжай районунун Чечме айылында, 1989-жылы, Биринчи Май мектебинин имараты ашар ыкмасы менен курулган. Жылдар өткөн сайын мектеп эскирип, азыр сабак өтүүгө жараксыз. Чечме айылынын тургундары жаңы мектепке муктаж. Тургундардын айтымында, премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуу учурунда алар жаңы мектептин курулушу керектигин айтышкан. Өкмөт башчысы болсо, маселе чечилет деп убада берген.

Тургунай Атамалиеванын айтымында, мектепте 300гө жакын бала билим алат. Балдардын 40% га жакыны мектепке жетүү үчүн күнүнө 3 кмге чейин жүрүүгө аргасыз болушат.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар  155 адам илдетти жуктуруп алган. Алар төмөндөгүчө;

Бишкек - 40

Ош – 11

Чүй облусу – 13

Ош облусу - 14

Талас облусу – 6

Нарын облусу – 11

Ысык-Көл облусу – 24

Жалал-Абад облусу – 24

Баткен облусу - 12

Жалпы: 42146 адам илдетке кабылды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 60

Ош шаары – 30

Чүй облусу – 27

Ош облусу – 71

Талас облусу – 9

Нарын облусу – 4

Ысык-Көл облусу – 40

Жалал-Абад облусу – 49

Баткен облусу – 28

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 318

Жалпы: 34 885 адам сакайып чыкты.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек шаары – 1

Баткен облусу – 1

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 2 адам жарык дүйнө менен  кош айтышты.

Жалпы: республика боюнча  1498 каза болду.