Кыргызстан; 18-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  18-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

16-сентябрдан баштап Бишкек шаары жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы жарандарды вакцинациялоо башталды.

Биринчи кезекте, вакцинаны тобокел топторуна кирген жарандар алышат. Вакцинациялоо ҮМБ, ҮБДТ, ҮДТ жана жеке клиникаларда жүргүзүлөт,- деп билдирди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Баткен шаарында бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды
Баткен облусунда рейддик иш чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.
Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.
Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.Партиялар үгүт иштерин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тийиш

Саясий партиялар 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды

Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек, - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга  50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди. 

Жыйындын жүрүшүндө COVID-19га байланыштуу чет мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал талкууланды. 

Республикалык ыкчам штаб тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткарууну камсыз кылуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов, пандемия учурунда жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл экендигин билдирди.

Коронавирустук инфекция пандемиясынын учурунда жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун иштеши жана аны санариптештирүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү маселесин иштеп чыгуу жана аны менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Билим берүү жана саламаттык сактоо – сунушталган тейлөөнүн сапатына басым жасоо аркылуу санариптештирүү боюнча күч-аракетти багыттоо зарыл болгон тармактар болуп саналат. Атап айтканда, мектеп окуучуларын аралыктан окутууда белгилүү маселелер бар. Тактап айтканда, алар окуу процессинин сапаты, алардын окуу процессине камтылышы, Интернет тармагынын ылдамдыгы сыяктуу маселелелер. Бул милдеттерди биринчи кезекте чечүү зарыл. Мындан тышкары, тийиштүү көзөмөл жүргүзүү жана электрондук рецепт берүү максатында дары-дармек каражаттарын электрондук эсепке алуу тутумун ишке киргизүүнү күчтөндүрүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жана «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева баяндама менен чыкты.

Белгиленгендей, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар кошулган. 2020-жылы мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуусу 39 млн транзакцияга жеткен, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосундагы маалымат алмашуу 45 млн транзакциядан ашкан. 50 мамлекеттик орган тутумду активдүү пайдаланат. Тутумга кошулуу тууралуу арыздар коммерциялык уюмдардан да көп келип түшүүдө. 2020-жылы мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланган, ал алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянат. Жаран өз жеке кабинети аркылуу порталга кошулган мамлекеттик органдардан каалаган маалымдаманы ала алат. Бүгүнкү күндө порталда 51 мамлекетик тейлөө ишке ашырылган. Буга катар иштеп чыгууну талап кылган бир катар маселелер бар. 

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга, бир катар тапшырмаларды, анын ичинде укуктук-ченемдик актыларды талапка ылайык келтирүү, документтерди санариптештирүү боюнча ишти активдештирүү жана телемедицинаны өнүктүрүүгө тийштүү тапшырмларды берди.

Ак-Суу районунда дары-дарымектин кору текшерилди.

Бул тууралуу  райондук штаб  кабарлады.Райондук аймактык оруканасында жана үй-бүлөлүк медицина борборунун даарыкана жана кампаларында 3 айга жетчү дарынын кору бар.Жакынкы күндөрү дарылар алынып келинет, бул жагдайдан улам тендерлер  дагы өткөрүлмөкчү.  Учурда ар бир айылда ФАП жана айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү элди кыдырып, ооруну алдына алуу иштерин жүргүзүүдө - деп билдирди  акимдин орун басары Гүлзат Суранчиева.

Кечээ,  Долон ашуусунда оор жүк ташуучу  «Вольво» үлгүсүндөгү унаа ала салып кетти.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада  2  адам жабыркаган.Алар  ӨКМдин  куткаруучулары жеткенге чейин жолдон өткөн унаалар менен Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Ош облусунун Кара-Суу районунда  Нариман айылында каналда  өспүрүм кыздын кыздын жансыз денеси табылды.

Жерине  КР ӨКМнин №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен,- деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.