Кыргызстан; 24 август.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  24 август.Куш тилиндей кабарлар

Түп районунун Кең-Суу айылында малдын тоюту өрттөндү.

Бул тууралуу бүгүн, ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өрт  айылдын Абдрахманов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен 112 чарчы метр болгон бастырма толугу менен жана ичиндеги 3000  пресстелген  чөп күйүп кеткен. Өрт балдардын  ширеңке  менен болгон оюнунан улам чыккан.

 Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 аймагындагы көлмөгө 2 эркек киши чөгүп кетти.

Окуя кечээ, болгон аларды издөө үчүн куткаруучулар барган. Күбөлөрдүн айтымына караганда  эки адам тең бирдей чөгүп бараткан. Экөө бирдей чөгүшү мүмкүн эмес эле алар ичип отурушкан, бирөө чөгүп бара жатканда аны куткарам деп, экинчиси да чөккөн деген божомолду айтышты алар.  

Жакында Ысык-Көл облусунун аймагында «Тилемчиликти» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

ОИИБнин басма сөз кызматынын  билдиришинче, тилемчилик кылгандардын арасында оокаттуу үй бүлөнүн баласы да болгон. Рейд учурунда өспүрүмдөр арасында  1 бейбаштык жана 2 тоноочулук фактылары аныкталды. Ошондой эле себепсиз үйдөн чыгып, изделип жаткан жаш бала тыбылган.

Кара-Буура районунда 2020-2021-окуу жылындагы мугалимдердин август секциялык иши пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөрүлдү.

Бул тууралуу  кабарды Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы Эльвира Кабылбекова  айтты.Ага  аталган райондогу билим берүү тармагынын  агартуучу кызматкерлери катышты. Өткөн окуу жылындагы жана алдыдагы ийгиликтер жана кемчиликтер  атайын докладдарда айтылды жана  облустук, республикалык олимпиадаларда ийгилик жараткан окуучулардын мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды.

  Ат-Башы районунда жалпы 500гө чукул мугалим онлайн режимде окутуунун ыкмасын үйрөнүү боюнча курстан өтүштү.

Бул тууралуу  Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.Ат-Башы районунда жалпы 1005 мугалим иштейт. Алардын ичинен 500 мугалим окуудан өтсө, калганы курстан билимин жогорулатууда. Аталган мекеменин  жетекчисинин айтканына таянсак, мугалимдер 3-августтан баштап бардык сабактар боюнча онлайн режимде билимин жогорулатып жатат.  Андан сырткары, мугалимдер Улуттук илимдер академиясынан курстарды өткөрүшкөн.

 Чоң-Алай районунда Ленин чокусун тазалоо иштери аяктады. Бул тууралу   жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматы  билдирди.

Чокуну тазалоо иштери 8-августта башталган. Аталган акцияга 27 миң доллар бөлүнгөн. Таштанды чогултууга жергиликтүү тургундардан 18 жаштан 25 жашка чейинки 10 адам, атчан таштанды ташууга 10 адам  иштеген. Натыйжада  5,5 тонна таштанды чогултулган.Таштанды Кашка-Суу айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн жерге төгүлгөн. Бул акцияга  бейөкмөт уюмдар тартылган.

 Нарын шаарындагы тамактануучу жайларда рейд өткөрүлдү.

Кечээ, пеандемиянын  алдын алуу үчүн кафе, ресторандарда  тойлорго 50 кишиден ашык адам катышпоосу керектиги, санитардык эрежелер так сакталышы керектигин эске алуу менен рейддин жүрүшүндө айрым  тамак ичүүчү айрым бир  жайларга айып пулдар салынды. Бул туурасында Нарын шаарынын вице мэри Назира Жумакадырова билдирди. 

Ат-Башы районуна караштуу Босого аймагына уюштурулган посттон Ак-Сай өрөөнүнөн үй көчүрүп келе жаткан унаалар жана мал-жандыктар өткөрүлбөйт,-

деп билдирди, акимдин орун басары Максат Кадыркулов билдирди.Анын айтымында, аталган пост акыркы жердеги чөп чабылып бүткөнгө чейин турат.Бул пост жылыга уюштурулат. Учурда  постто Ак-Талаа айыл өкмөтү туруп жатат. Айыл өкмөттөр 3 күндөн турат. Кезекти бири-бирине өткөрүп берет. Бул пост акыркы жердин чөбү чабылып бүттү дегенге чейин турат. Кишилерди өткөрө берет. Малды, үй жүктөп келе жаткан унааларды өткөрбөйт.Жерди коруу негизи акимчиликтин милдети эмес. Эл,  жерин өзүлөрү  корушу керек. Тоодон түшкөн мал бирөөнүн жерине кирип кетсе  ээсине "Бузуулар" кодексине ылайык айып пулдар  салынат.

 Кочкор районундагы Ак-Кыя айылында  дан эгиндерин чабуу иштери башталды.

Бул тууралу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Турдубеков билдирди.

Анын билдиришинче  дан эгиндерин учурунуда  коромжусуз жыйнап алууну  максаттап Чүйдөн келишим менен үч комбайн алынып келинген.Учурда жалпы алты комбайн дан эгиндерин чабууда.Ак-Кыя айыл аймагында жалпы 892 гектар жерге кылкандуу  дан эгиндери эгилген. Анын 250 гектары буудай, 642 гектары арпа.

Россиядан 208  жаран кайтып келди.

24-августта Кыргызстанга «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы учуп келди, алардын ичинде жаш балдар да бар.
Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк Сахалинск, Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан  келишкен Кыргыз жарандары.

Ошондой эле Екатеринбургдан Ошко «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын чартердик каттамы  Ошко  учуп келди,

Бул рейс менен Мекенине 171  жаран кайтарылды, алардын ичинде балдар дагы бар.
Аталган каттам менен Ошко Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан кайтууга өтө муктаж болгон жарандарыбыз (ар кандай оорулары барлар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 107
Ош шаары – 17
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 25
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 21
Баткен облусу – 19
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 218 адам айыгып чыкты
Жалпы: 36 615 адам илдеттен айыккан.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар
Бишкек - 27.

Ош – 1
Чүй облусу – 8

Ош облусу - 8
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 29
Баткен облусу - 19
Бардыгы болуп бир сутка ичинде илдетти жуктуруп  катталгандар: 103 адам.
Жалпы: 43126 адам илдет менен ооруган.


COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек шаары – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 1 адам каза болду.
Жалпы: 1057 адам илдеттен кайтыш болгон.


--------------------