Кыргызстан; 27-август.Куш тилиндей кабарлар.

Кыргызстан; 27-август.Куш тилиндей кабарлар.

Чүй облусунда 2 күндүзгү стационар иштеп жатат.

Чүй облусу боюнча 2742 орундук 244 күндүзгү стационар уюштурулду. Бүгүнкү күндө бейтаптардын саны азайып, 2 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул стационарларда госпитализацияга кажети жок бейтаптар капельница алып, ийне сайдырганга мүмкүнчүлүк алууда, - деп билдирди  КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев.

Биринчи класстар салттуу окутуу нөөмөтүндө окутулуп бүгүнкү күнгө 23 655 окуучу катталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен жумушчу комиссия түзүлүп, билим берүү мекемелеринде текшерүү жүргүзүлдү”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев. Анын айтымында окуу процеси баардык санитардык-эпидемиалогиялык эрежелер сакталып санитайзерлер, кол жуучу каражаттар камсыздалынган жана дистанциялык аралыкты сактоо менен уюштурулган.

Россия Федерациясындагы КР Элчилиги тизмелерди түзбөйт, кыргызстандыктар түздөн-түз авиакомпаниялардан авиабилеттерди сатып ала алышат.

КР ТИМ Россия Федерациясындагы Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Атап айтканда, Москва шаарында КР элчилиги, Санкт-Петербургдагы КР элчилигинин канцеляриясы, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КР башкы консулдуктары  Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик каттамдарга жарандардын тизмелерин түзбөйт. Ошентип, 2020-жылдын 27-августунда Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган учурда элчиликке кайрылбастан, учакка билеттерди түздөн-түз кассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарынан онлайн ала алышат.

Нарын шаарында бардык стационарлар жабылды.

Нарын шаарында эпидемиологиялык абал турукташты, ошондуктан күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды. Акыркысы 19 койкалуу күндүзгү стационар жабылды. Шаардык ҮМБ кадимкидей эле иштеп жатат.

Акыркы сутка ичинде Жалал-Абад облусунда төрт өрт кырсыгы катталды.

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл аймагынын Табылгыты айылында үйдүн короосунда 300 түк саман күйгөн. Себептери азырынча белгисиз.

Масы айылында эки өрт кырсыгы катталды.  Эсенбаев көчөсүндө өрт чыгып, электр мамысы күйүп кетти. Анын себеби электр зымдарын орнотууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу болушу мүмкүн. Масы айылындагы экинчи учур Токтогул көчөсүндө дагы бир мамы күйүп кетиптир.

Мындан тышкары, дагы бир учур Майлуу-Суу шаарында Заречная көчөсүнүн боюнда өрт чыгып, электр мамысы күйүп кетти. Анын себеби электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

25-августта Баткен облусунун прокуратурасы алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун алкагында онлайн семинар өткөрдү.

Онлайн-семинарга райондук прокурорлор жана алардын орун басарлары, облустун укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, тергөө кызматтарынын жетекчилери катышты. Катышуучулар шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке, ушул беренелерди сотко чейинки процесстин алкагында колдонууга байланыштуу суроолорду талкуулашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 115
Ош шаары – 12
Чүй облусу – 17
Ош облусу – 23
Талас облусу – 15
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 28
Баткен облусу – 33
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 275
Жалпы: 37 492 адам сакайып чыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

Бишкек - 32

Ош – 1

Чүй облусу – 7

Ош облусу - 10

Талас облусу - 4

Нарын облусу – 5

Ысык-Көл облусу – 18

Жалал-Абад облусу – 16

Баткен облусу - 8

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандардын саны  101 адам.

Бардыгы  болуп 43459 адам илдетти жуктуруп алган.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок!