Кыргызстан; 27-июль.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  27-июль.Куш тилиндей кабарлар

 

Бүгүн,Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко Россия Федерациясынан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык тарапка үзгүлтүкүсүз көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.Бүгүнкү гуманитардык жардам абдан зарыл эсептелген медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат, алар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Учурдагы татаал эпидемиялык кырдаалда биздин дарыгерлер өз өмүрүн коопсуздукка салуу менен мекендештерибиздин өмүрлөрүн баатырларча сактап калууда. Ушул каармандарыбыздын катарында россиялык дарыгерлердин тургандыгы бизди өгөчө кубандырат», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчи Николай Удовиченко белгилегендей, алынып келинген медициналык гуманитардык жардам биринчи кезекте оор абалдагы бейтаптарды дарылоого багытталган.«Биргелешкен күч-аракет аркылуу коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо абалын жакшырта алаарыбызга ишеним билдирем. Жөнөтүлгөн гуманитардык жардам – бул түзүлгөн кырдаалда ыктыярдуу түрдө жасалган табигый кадам болуп саналат. Көрсөтүлгөн жардамыбыз керекке жарап берет деген ишеничтемин», - деди Николай Удовиченко.Белгилесек, гуманитардык жардам медициналык жабдуулардан, дары-дармек каражаттарынан жана жеке коргонуу каражаттарынан турат. Мындан тышкары, өткөн жумада өлкөгө Россия Федерациясынан дарыгерлерден жана медициналык кызматкерлерден турган чоң топ келген. 

Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

Түлөбаев Балбак Зарлыкович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

Осмоналиев Акылбек Шарипович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

Саламаттык сактоо министрлигине 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды.

Жалпы наркы 10 миллион сомго барабар гуманитардык жардам Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм тарабынан көрсөтүлдү. Медициналык жабдыктарды министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды. К.Шадыханов учурда керек болуп жаткан медициналык жабдыктар “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарына таратылып берилерин билдирди. Өз кезегинде, Кыргызстандагы банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Банктар бирикмесине мүчө уюмдар буга чейин дагы жардам көрсөтүп келишкенин жана мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин айтты.

Ош облусунда 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар.

Кечээ  КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун берген маалыматы боюнча учурда Ош облусунда жалпысынан 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар.
Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барышууда.
Эске салсак, ушул жылдын 20-июлуна карата Ош облусунда 5700 керебеттуу 300гө жакын күндүзгү стационардык мекемелер ачылган.

Дарыланып чыккан бейтаптар боюнча маалыматтык программа иштейт

“Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн Маалыматтык База иштейт, анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап боюнча маалыматтар камтылган: социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы, саламаттык сактоо уюмдарында киргизилет. Программа онлайн режиминде иштейт”, - деп билдирди ММК фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков.
Ал программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын өзү эсептеп чыгат. Ушул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Бишкекке Стамбулдан Кыргызстандын жарандары учуп келди

Бүгүн,  Кыргызстанга Турция Республикасынан 165 КР жараны кайтып келди. Биздин жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Турциядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Турциянын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.