Кыргызстан; 5-август.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  5-август.Куш тилиндей кабарлар

Ош облусунда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик лицейдин имаратын 200 орундуу ооруканага айландыруу боюнча демонтаждоо иштери 80%га аткарылды.

Имараттын чатыры жана отканасынын чатыры 80%, терезесин орнотуу 50% аткарылып, отканасынын чатыры аяктоо алдында турат. Имараттын 1-2-3-кабатында шыбак жумуштары, электр монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Сырткы жылытуу системасы толугу менен бүтүп, ички жылытуу системасынын түтүктөрүн орнотуу 70% түзөт. Учурда объектте 53 жумушчу иштеп жатат.

Чүй облусундагы ооруканалардын реконструкциялоо жана оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө

Токмок жана Орловка шаарларындагы жайгашкан ооруканалардын реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө.
Азыркы учурда Токмок шаарындагы 250 орундуу оорукананын капиталдык ремонту боюнча, полдордун, терезелердин жана эшиктердин блоктордун демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.
Ошондой эле ички тосмолордун  жумуштары бүткөрүлүп, ооруканын тышкы келбетинин эски шыбагы түшүрүлүп жана биринчи кабаттагы полдору жасалууда.
Ал эми Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарындагы жайгашкан 45 орундуу оорукананын курулуш-монтаждоо иштери боюнча эшиктердин блоктору орнотулууда жана дубалдарга шпаклевка тартылып сырдоо жумуштары аткарылып жатат. Андан сырткары полдорду жана плинтустарды алмаштырууда.
Маалымат үчүн айта кетсек, бул саламаттык сактоо объекттери бекитилген курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине ылайык республикалык бюджеттинен каржыланат.

Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 5-августта «Тез Джет» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Россиядан 173 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербург шаарында жашаган Кыргызстандыктардын аракеттешүү ыкчам штабынын алдындагы Комиссия тарабынан түзүлдү.Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү.

MegaCom ӨК жана ӨА режимдеринде акысыз байланыш менен камсыздап КР мамлекеттик органдарына жана кызматтарына колдоо көрсөттү:

Компания КР Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча медициналык кызматкерлерди, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер медиктерин, ИИМ, ӨКМ, Бишкек шаардык  Мэриясы алдындагы коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча штабынын кызматкерлерин акысыз уюлдук байланыш менен камсыз кылды.
КРдеги эпидемиологиялык кырдаал маселелери боюнча ыкчам байланыш номерлерине абоненттер үчүн акысыз чалуу ачылган.
COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу жана коопсуздук чаралары тууралуу жигердүү аудио- жана визуалдык маалымдоо үчүн атайын унаа берилди.
MegaCom ошондой эле борбор калаанын медкызматкерлерин өлкөдө киргизилген ӨК/ӨА режиминде унаа менен камсыздады.

Медкызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр төлөнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлунан №264-р буйругуна ылайык республикалык бюджеттен КР Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом бөлүндү жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом бөлүнгөн, 2020-жылдын июль айына эпидемиянын алдын алуу жана күрөшүү боюнча иштерге атайын тартылган медициналык кызматкерлерге жана жактарга компенсациялык төлөмдөрдү чегерүүгө.
03.08.2020-жылга карата 2020-жылдын июль айы үчүн 18240 медкызматкерге жана эпидемиянын алдын алуу жана күрөшүү боюнча иштерге атайын тартылган жактарга 413 539 206 млн сом суммасында компенсация төлөнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан медициналык буюмдарды Кыргызстанга ташып келүү боюнча алгоритмин бекитти.

 

Дарыгерлердин сунуштарын эске алуу зарыл.

Бул абдан маанилүү, анткени мессенджерлер менен социалдык тармактар ѳнүгүп жаткан мезгилде, элдер дарылануу жана калыбына келүү боюнча ѳздѳрүнѳ зыян алып келүүчү фейк маалыматтар менен билдирүүлѳргѳ, туура эмес сунуштарга ишенип калуусу мүмкүн.
Ошондой эле бул бѳлүктѳ Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген дарылануунун протоколдору жайгаштырылат. Натыйжада региондордогу дарыгерлер бул маалымат сайтынын жардамы менен илдеттен айыктыруу протоколу боюнча расмий документтерди ала алышат жана иш-аракетинде пайдаланышат.
КР Маалматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкѳбүздүн ар бир жаранын, сайтты пайдалануучусун иштелип чыгып жаткан маалыматтык аракеттердин сапатын жакшыртууга салым кошууга чакырат.

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

5-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы учуп келди. Бул каттам менен мекенине Россиядан 184 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн.
 

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу бирдиктүү маалыматтык аянтча – COVID.KG жаңыртылган сайты ишке киргизилди.

Ал жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.
 

«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик билим берүү уюмдары үчүн COVID-19 пандемиясынын кырдаалында жаңы окуу жылында онлайн билим берүүнү ишке ашырат.

Мында шарттарды түзүү үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында Консультативдик кеңешин түзгөн», - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров.Анын айтымында, кеңеш 3 багытта иш алып барат: студенттерди, мугалимдерди жана окуу-жайдын администрацияларын колдоо боюнча.
«Санариптик билим берүүнү жайылтууда санариптик технологияларды колдонууда билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбасын эксперттер талдап чыгып, колдонушат. “Тең-теңине” принциби боюнча Консультативдик кеңештин эксперттери тарабынан билим берүү уюмдарына, анын ичинде региондордо жайгашкан окуу жайларга, онлайн режиминде билим берүүнү жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар окуу жайлар тарабынанн көмөк көрсөтүү уюштурулат”, - деп белгиледи ал.

 

2020-жылдын 1-августунан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды

Учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, мониторинг жүргүзүлүүдө.
Ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды.Ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында берүүгө милдеттүү.2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.

5-августтан 25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" бир айлыгын өткөрөт

"2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу жана учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Санарип мугалим" бир айлыгы жарыяланууда”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров.

Пандемия шартында ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун жол жоболору.

“Быйылкы жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты”, - деп билдирди Билим жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров.