Кыргызстан; 7-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  7-сентябрь.Куш тилиндей кабарлар

 Пандемия учурунда шайлоо процессин өткөрүү партиялардан жана шайлоочулардан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

«Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», - деди Өкмөт башчы. 

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды. Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты. 

Мергенчи Сыргабай Сагынбаев маалымдашынча Өзгөн районунун мергенчилери өз каражаттарына  кыргоол сатып алып, аны багып, эркин  жаратылышка коё беришти.

 Анын айтымында, жалпы район боюнча 800дөй мергенчи бар. Булардын ичинен  70ке жакын мергенчи гана   өз кесибине берилип иштегендер.Мергенчилер өз  каражаттарына  алгач кыргоолдун 300дөн ашык жумурткасын сатып алышкан. Бул жакшы натыйжа берген эмес, мергенчилер дагы 70 кыргоол сатып алууга  аргасыз болушкан.Талаадагы жапайы жандыктарга чөөлөр  кө зыян келтирүүдө. Мергенчилер аларды маал маалы менен  тазалаптурушат.

Кара-Суу районунун Нариман айылында 2 сарай өрттөндү. Бул тууралуу 7-  бүгүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоонун  кесепетинен аянты 74 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кеткен. Өрт андан ары жанаша жайгашкан сарайга өтүп, 51 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Кадамжай районунда 600 гектар жерде жүзүмдүн ондон ашуун түрү өстүрүлүп жатат.

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мураджан Икрамовдун  билдиришинче, Кадамжай районунун Алга айылындагы Өткүр Ражабалиевдин үй-бүлөсү учурда жүзүмдөрдүн түшүмүн жыйнап, элге  сатыкка чыгарууда. Багбан дарактарды туура бутоо чоң мааниге ээ экендигин  айтат. Жүзүмдү  жыйноо мезгилинде кошумча күч керектелээри айтылууда.

Кара-Көл шаарында күндүзгү стационар жабылды.

Бүгүн, Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлерди практикалоо борборуун администрациясынан билдиришти.Учурда ооруканадагы пульмонология бөлүмүндө өпкөсү  кагынган  бейтаптар жок.Вирус аныкталган жарандар үй карантинде дарыланууда.

  Ат-Башы районундагы 16 медицина кызматкери Ысык-Көлгө барып эс алып келишти.

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан билдиришти.Мындан он чакты күн мурда  Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан 2 дарыгер жана 14 медайым Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы пансионатка  эс алууга  жиберилген.