Кыргызстан; 9-август.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан;  9-август.Куш тилиндей кабарлар

Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Сарай" айыл өкмөтүнүн Эркин айылында таза суу чыгаруу үчүн скважина орнотулду.

Мындай маалыматты  айыл өкмөт башчысы Замирбек Турганбаев билдирди.Ошондой эле Киров айылында стадиондун жана Тельман айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жүрүп жатат», - деди З.Турганбаев."Сарай" айыл өкмөтү Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири.

Нарын облусунун  Кочкор районунда сугат тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Долбоордун негизинде иштелип  жаткан  иштер туурасында «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун инженери Мурат Абдыгазиев билдирди.Кыргызстандын отуз  30 аймагында  ички сугат тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Анын бешөө Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын, Ат- Башы райондорунда.

Кочкор районундагы «Кара-Күнгөй-Үкөк суу» суу пайдалануучулар ассоциациясы Кара-Күнгөй, Кара-Саз, Кара-Суу, Семиз- Бел айылдарына тиешелүү 2459 гектар айдоо жерин сугат суу менен камсыз кылат. Ушул аймактардагы сугат тармактарын калыбына келтирүү иштерине  54 млн сом бөлүнгөн, учурда  айрым суу келүүчү  арыктарга  бетондор  куюлуп, оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Бул иштер  2021-жылы күздө аяктайт.

Таажы илдети менен ооругандардын саны айзайгандыгына байланыштуу  Нарында күндүзгү стационарлар жабылууда.

Нарын шаарында күндүзгү стационарлардын экөө жабылды. Бул туурасында Нарын шаардык мэриясынан  кабарлашты. Күндүзгү стационарларда 2788 адамга  медициналык кызмат көрсөтүлдү. Стационарларга  оорунун   ар түрдүү түрлөрү менен  ооругандар кайрылышкан.Бүгүнкү күндө  бул жерде 87 бейтап дарыланып жатат.

 

Талас облусундагы  Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасындагы кызыл зонада Россиядан келген дарыгерлер тобу иштеп жатат.

Бул тууралуу Талас облусундагы  үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунун  жетекчиси Айжамал Шамбетова айтып берди.«5-август күнү Россиядан келген дарыгерлердин бир бригадасы облустук ооруканадагы кызыл зонада иштеп жатышат. Алар 7 дарыгер. Бүгүнкү күндө методикалык жардам көрсөтүп жатышат», - деди ал. 

Бийик тоолордогу  көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Чүй жана Ош облустарында  изилдөө иштери жүзгүзүлүүдө.

Маалыматына караганда, Сокулукта 4, Панфиловдо 3,Ноокат райондорунда 5 көл изилденди. Нөлдүк изотерма (орточо температурасы бирдей болгон жайларды бириктирүүчү сызык) бүгүнкү күндө деңиз деңгээлинен 4148 метр бийиктикте . Быйыл нөлдүк изотерманын төмөнүгүнөн  көлдөрдөгү суунун деңгээли  өткөн жылга салыштырганда  төмөн.Учурда жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалы туруктуу.

Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районундагы 35 мектепке 1248 бала биринчи класска  барат. 

Бул тууралуу райондук билим берүү берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев билдирди.Биринчи класска баруучу балдардын саны көп болгондуктан  57 класс ачылат. Канча бала болсо да аларды кабыл алууга мектептер даяр. Райондо кезекке туруу же кезек күтүү деген маселе жок, - деди Темиралиев.Ошондой эле аталган райондогу мектептер жаңы окуу жылына даяр.Ак-Суу районунда жалпы 35 мектеп жана 20 бала бакча бар.